ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Чөмүлүшүм керекпи? (2-бөлүк) Чөмүлүүгө даярдануу
Эгер сен Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашап жатсаң жана Кудай менен достукту өрчүткөн болсоң, чөмүлүү жөнүндө ойлонуп жүрсөң керек. Ушундай маанилүү кадам таштаганга даяр же даяр эмес экениңди кантип билсең болот? a
Бул макалада:
Ыйык Китепти канчалык жакшы билишим керек?
Чөмүлүүгө даярдануу бул мектептеги экзаменге даярдануу эмес. Баарын жаттоонун кереги жок. Бирок Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине болгон ишенимиңди бекемдеш үчүн «акыл жөндөмүңдү колдонушуң» керек (Римдиктер 12:1). Мисалы:
Кудайдын бар экенине жана сыйынышыбызга ал гана татыктуу экенине бекем ишенесиңби?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек» (Еврейлер 11:6).
Мындай деп ойлонуп көр: Эмне үчүн Кудайга ишенем? (Еврейлер 3:4). Эмне үчүн Кудайга кызмат кылышым керек? (Аян 4:11).
Жардам: «Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Эмне үчүн Кудайга ишениш керек? (1-бөлүк)» деген макаланы кара.
Ыйык Китепте жазылгандардын Кудайдын Сөзү экенине бекем ишенесиңби?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тиметей 3:16).
Мындай деп ойлонуп көр: Эмне үчүн Ыйык Китепти адамдар жазган китептен жогору турат деп эсептейм? (Ышая 46:10; 1 Тесалоникалыктар 2:13).
Жардам: «Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (1-бөлүк) Ыйык Китебиңе „саякат“ жаса» деген макаланы кара.
Жахаба өз эркин аткарыш үчүн жыйналыштарды колдонуп жатканына бекем ишенесиңби?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «[Кудайга] жыйналыш аркылуу жана Машаяк Иса аркылуу муундан муунга, түбөлүктөн түбөлүккө даңк» (Эфестиктер 3:21).
Мындай деп ойлонуп көр: Жыйналышка барганда Ыйык Китептен билгендеримди Жахабанын сөзү катары кабыл аламбы же адамдардыкы деппи? (Матай 24:45). Жыйналышка ата-энем бара албай калса да, (эгер алар барганга уруксат беришсе) бара беремби? (Еврейлер 10:24, 25).
Жардам: «Падышалык залындагы жолугушууларга эмне үчүн баруу керек?» деген макаланы кара.
Эмне кылышым керек?
Чөмүлүш үчүн жеткилеңдик талап кылынбайт. Ошентсе да «жамандыктан алыс болуп», «жакшылык кылгың» келерин көрсөтүшүң керек (Забур 34:14). Мисалы:
Жахабанын айткандарына ылайык жашап жатасыңбы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Абийириңерди таза сактагыла» (1 Петир 3:16).
Мындай деп ойлонуп көр: Акылымды «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырганым» эмнеден көрүнүп турат? (Еврейлер 5:14). Курдаштарым туура эмес иш кылганга кысым көрсөткөндө, андай кылгандан баш тарткан учурларым болду беле? Досторум туура иш кылганга үндөйбү? (Накыл сөздөр 13:20).
Жардам: «Абийиримди кантип тарбиялай алам?» деген макаланы кара.
Кылган ишиң үчүн Жахабанын алдында жооп берериңди түшүнөсүңбү?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ар бирибиз кылган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз» (Римдиктер 14:12).
Мындай деп ойлонуп көр: Башкаларга чынчылдык менен мамиле кыламбы? Өзүмө чынчылдык менен баа беремби? (Еврейлер 13:18). Каталарымды мойнума аламбы? Же жашырганга аракет кыламбы же башкаларды күнөөлөймбү? (Накыл сөздөр 28:13).
Жардам: «Ката кетиргенде эмне кылышым керек?» деген макаланы кара.
Жахаба менен болгон достугуңду чыңдаганга аракет кылып жатасыңбы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (Жакып 4:8).
Мындай деп ойлонуп көр: Жахабага жакындаш үчүн эмнелерди кылып жатам? Ыйык Китепти дайыма окуймбу? (Забур 1:1, 2). Үзгүлтүксүз тиленемби? (1 Тесалоникалыктар 5:17). Жахабага майда-чүйдөсүнө чейин айтып тиленемби? Менин досторум Жахаба менен доспу? (Забур 15:1, 4).
Жардам: «Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (2-бөлүк) Ыйык Китепти кызыктуу кылып оку» жана «Эмне үчүн тиленишим керек?» деген макалаларды кара.
КЕҢЕШ: Чөмүлүүгө даярданыш үчүн «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 37-бөлүмүн оку. Өзгөчө, 308, 309-беттердеги иштөө баракчасына көңүл бур.
a «Чөмүлүшүм керекпи? (1-бөлүк)» деген макаланы оку. Ал жакта Кудайга өзүңдү арноонун жана чөмүлүүнүн эмнени билдирери, канчалык маанилүү экени талкууланат.