Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Уялчаактыгымды кантип жеңсем болот?

Уялчаактыгымды кантип жеңсем болот?

 Жаман жери: Уялчаактык дос тапканга, көңүлдүү убакыт өткөргөнгө тоскоолдук кылат.

 Жакшы жери: Уялчаактык дайыма эле жаман эмес. Ал ойлонуп сүйлөгөнгө, ары жак, бери жакты байкаганга жана кунт коюп укканга жардам берет.

 Андан да жакшы жери: Уялчаактыкты жеңсе болот. Ал сени тушап алса да, бошоно аласың. Ушул макаладагы кеңештер сага бул жагынан жардам берет.

 Эмнеден коркоруңду аныкта

 Уялчаак болгондуктан кимдир бирөө менен бетме-бет сүйлөшүш керектигин ойлогондо эле корко башташың мүмкүн. Ошонун айынан өзүңдү башкалардан бөлүнүп калгандай сезишиң ыктымал. Бул караңгы бөлмөдө жалгыз калып калганга окшош. Андайда коркпой койбойсуң. Бирок жарыкты жандырсаң, башкача айтканда, эмнеден коркуп жатканыңды аныктап алсаң, коркконго эч кандай негиз жок экенин байкайсың. Кел анда, коркунучтун үч түрүн карап көрөлү.

  •   1-коркунуч: «Эмне дээримди билбей калсамчы».

     Факт: Башкалар айткан сөздөрүңө караганда сенин жаныңда жүргөндө өздөрүн кандай сезишкенин эстеп калышат. Бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда алаксыбай, көңүл коюп укканды үйрөнсөң, коркунучуңду жеңе аласың.

     Ойлонуп көр: Кимдер менен дос болгуң келет эле? Сөз бербей эле сүйлөй бергендер мененби же кунт коюп уккандар мененби?

  •   2-коркунуч: «Башкалар мени менен сүйлөшкөндө зеригип кетсечи».

     Факт: Уялчааксыңбы же уялчаак эмессиңби, адамдар баары бир деле сен жөнүндө кандайдыр бир ойдо калат. Ошондуктан алар сен жөнүндө жакшы ойдо калышы үчүн, корко бербей, жакшы жагыңды көрсөткөнгө аракет кыл.

     Ойлонуп көр: Башкалар мен жөнүндө туура эмес ойдо болуп жатышат деп ойлоп жатсаң, чынында, сен алар жөнүндө туура эмес ойдо болуп жаткан жоксуңбу?

  •   3-коркунуч: «Бир нерсени туура эмес айтып алып уят болуп калсамчы».

     Факт: Баарыбыз эле кээде сөзүбүздөн жаңылабыз. Андайда өтө эле тынчсыздана бербе. Анткени ошонун аркасында сен деле башкалар сыяктуу ката кетирериңди көрсөтөсүң.

     Ойлонуп көр: Ката кетирерин мойнуна алгандар менен дос болот белең же мойнуна албагандар мененби?

 Билесиңби? Айрымдар бирөөлөр менен көп жазышканы үчүн эле уялчаак эмесмин, көптөр менен дос боло алам деп ойлошот. Бирок чыныгы достук мамиле адам менен бетме-бет пикирлешкенде гана өрчүйт. Психолог жана технология боюнча адис Шерри Тёркл мындай деп жазган: «Жүзмө-жүз көрүшкөндө жана бири-бирибиздин үнүбүздү укканда чындап ынак болобуз» a.

Коркунучуңду жеңсең, бетме-бет сүйлөшүү сен ойлогончолук коркунучтуу эмес экенин түшүнөсүң

 Эмне кылсаң болот?

  •   Өзүңдү башкаларга салыштырба. Сөзсүз эле баары менен тил табышып, сөзмөр болушуң керек эмес. Болгону эле, уялчаактыгыңдын сени тушап алышына жол бербе. Ошондо сонун достордон кур калбайсың, убактыңды да көңүлдүү өткөрөсүң.

     «Пикирлешүү деген кечке эле сүйлөй бериш керектигин билдирбейт. Отурушта элдин көңүлүн алам деп эле бапылдай берүүнүн да кереги жок. Тек гана өзүңдү тааныштыр же бир нече суроо бер. Ошондо маек өзү эле башталат» (Алишиа).

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).

  •   Баамчыл бол. Башкалар менен оңой тил табышкан адамдардын маектешкенине байкоо сал. Алардын эмнени туура кылып жатканына, эмнени туура эмес кылып жатканына көңүл бур. Жакшыраак пикир алышканга үйрөнүш үчүн аларды кайсы жагынан туурагың келет эле?

     «Башкалар менен бат эле достошуп кеткен адамдарга көңүл буруп, алардан үйрөн. Кимдир бирөө менен биринчи жолу таанышканда өздөрүн кандай алып жүрөрүн, эмне деп айтышарын байкаганга аракет кыл» (Аарон).

     Ыйык Китептеги принцип: «Темирди темир курчуткандай, адамды адам курчутат» (Накыл сөздөр 27:17).

  •   Суроо бер. Адамдар адатта кайсы бир нерсеге карата оюн айтканды жакшы көрөт. Ошондуктан суроо берсең, жакшы маек курулат. Ошондой эле көңүлдүн баары сага эмес, сүйлөп жаткан кишиге бурулат.

     «Эгер алдын ала даярданып алсаң, өтө тынчсызданбайсың. Конокко барганда кимдир бирөө менен таанышканда көп стресс болбош үчүн эмне айтарыңды, кандай суроолорду берериңди ойлонуштуруп ал» (Алана).

     Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

a «Reclaiming Conversation» деген китептен алынды.