Мазмунун көрсөтүү

Жакшы кабарды жарыялагыла!

Жахабанын Күбөлөрүнүн региондук жыйыны, 2024

Кирүү акысыз Эч кандай акча чогултулбайт

ЭМНЕЛЕР БОЛОТ?

ЖУМА. Иса пайгамбардын жашоосу жөнүндө Инжилде жазылгандар туура, так экенине кандай далилдер бар? Ыйык Китептеги ошол билдирүүлөрдүн бизге кандай тиешеси бар? Билгиңер келеби?

ИШЕМБИ. Исанын төрөлүшү, балачагы тууралуу күн мурун эмнелер айтылган? Алар чын эле аткарылганбы?

ЖЕКШЕМБИ. Ыйык Китепке негизделген «Суук кабардан эмне үчүн коркпойбуз?» деген баяндама атылат. Анда дүйнөдөгү абал барган сайын оордоп баратканына карабай, эмне үчүн миллиондогондор эртеңки күнгө үмүт менен карашары түшүндүрүлөт.

ДРАМА

«Исанын жашоосунда болгон окуялар» (1-бөлүк)

«Дүйнөнүн чыныгы жарыгы»

Исанын керемет жолу менен жарык дүйнөгө келиши — анын бала чагында болгон жүрөк толкуткан окуялардын бири гана. Таш боор падыша анын көзүн тазалагысы келген, бирок ата-энеси аны Мисирге алып кетип, аман алып калышкан. Кийин ал Мыйзам билермандарын таң калтырган. Жума жана ишемби күндөрү көрсөтүлө турган эки бөлүктөн турган драмадан ушул жана башка окуялар тууралуу биле аласыңар.

Быйылкы региондук жыйын тууралуу төмөнкү видеолорду көргүлө:

«Жыйындарыбыз кантип өткөрүлөт?»

Жахабанын Күбөлөрүнүн региондук жыйыны кандай болорун көргүлө.

«„Жакшы кабарды жарыялагыла!“ деп аталган Жахабанын Күбөлөрүнүн 2024-жылдагы региондук жыйыны»

Быйылкы региондук жыйында эмнелер болорун көргүлө.

«„Исанын жашоосунда болгон окуялар“ деген драманын трейлери»

Көптөр Исанын керемет жолу менен төрөлгөнүн билишет. Бирок ага чейин жана андан кийин жан дүйнөнү козгогон кандай окуялар болгон?