Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

«Эртең кылам» деген адатымды кантип таштайм?

«Эртең кылам» деген адатымды кантип таштайм?

Сен үйдөгү жумуштарды же үй тапшырмаңды дайыма акыркы мүнөттөрдө кыласыңбы? Эгер ошондой болсо, анда андай адатыңды ташташың керек! Бирок кайсы бир иш сага

баарын ананкыга калтырып койгуң келиши мүмкүн. Бул макалада ошондой адат менен күрөшкөнгө жардам берген кеңештер бар. Ал кеңештерди окуп чыккан соң  тесттеги суроолорго жооп берип көр.

 Ыйык Китепте кайсы бир ишти аткарбай, создуктуруп жүрө бергендин кесепети тууралуу: «Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт»,— деп айтылат (Насаатчы 11:4).

 Эмесе, мындай адаттын өрчүшүнө эмнелер себеп болоруна жана аны кантип таштаса болоруна токтололу.

 Колуңдан келбечүдөй сезилгенде

 Чынында эле, кээде айрым иштерди, аябай оор сезилгендиктен, эртеңкиге калтырып койгуң келиши мүмкүн. Андайда эмне кылса болот? Айрым кеңештерге көңүл бурсаң.

  •   Жумушту бөлүп жаса. «Жумуштун баарын бүтүрүп жибербесем да, мен дайыма, жок эле дегенде, анын бир бөлүгүн жасап койгонго аракет кылам» (Мелисса).

  •   Шак эле кириш. «Тапшырылган ишке дароо киришкенге аракет кыл. Мисалы, эмнелерди кылышың керектигин жана кантип кылайын деп жатканыңды унута элегиңде жазып койсоң деле, жумушту баштап койгон болосуң» (Вера).

  •   Жардам сурап кайрыл. Балким, сен аткарышың керек болгон жумушту ата-энең, улуураак бир туугандарың же досторуң аткаргандыр. Ошондуктан аларга кайрылсаң, алар сага ал ишти кантип бүтүрүш керектигине байланышкан жакшы кеңештерин берип, тажрыйбасы менен бөлүшүшөт.

 Кеңеш: «Адегенде план түзүп ал. Албетте, план түзгөндөн кийин ага так карманышың керек болот. Бирок ошондо гана ар бир ишти өз убагында аткара аласың» (Эби).

 Көңүлүң тартпай жатканда

 Көбүнчө жашоодо көңүлүңө анча жакпаган иштерди кылууга туура келет. Эгер сенин да кайсы бир ишти жасаганга көңүлүң чаппай жатсачы? Анда төмөнкү кеңештерди колдонуп көр.

  •   Эртерээк бүтүргөнүңдүн пайдасын ойло. Мисалы, ишти бүтүргөндөн кийин канчалык жеңилдеп каларың жөнүндө ойлонуп көр. «Мага кайсы бир ишти өз убагында бүтүргөн же эртерээк бүтүрүп коюп, анан беймарал жүргөн жагат»,— дейт Эмми деген бир кыз.

  •   Создуктуруп жүрө бергениңдин кесепетин ойло. Эгер ана кылам, мына кылам деп создуктуруп жүрө берсең, өзүң да стресс болосуң, жумушуңду да ойдогудай аткара албай каласың. Ыйык Китепте буга байланыштуу: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп айтылат (Галатиялыктар 6:7).

  •   Ишти бүтүрүшүң керек болгон күндү эртелет. «Бир ишти белгиленген убактысынан бир же эки күн эртерээк бүтүрүшүм керек деп чечип алганым мага бир топ жардам берет. Анткени кылган ишимди дагы бир сыйра текшерип да жетишем, бир-эки күн убактым да болот»,— дейт Алиса деген бир кыз.

 Кеңеш: «Бүт баары өзүңдөн. Ошондуктан: „Мен бул ишти кылышым керек, аны бүтүргөнгө эч нерсе тоскоол болбошу керек“,— деп чечип ал. Мен ошенткенимде гана иш бүтөт» (Алексис).

 Жумуш чачтан көп болгондо

 «„Деги сенин эртеңиң түгөнбөйт“,— деген сөздү башкалардан көп угам. Бирок алар менин чыныгы абалымды, чын эле жумушка көмүлүп жатканымды билишпейт!» — дейт Натан деген бир бала. Эгер сенин да жагдайың ушундай болсо, төмөнкү кеңештерди колдонуп көр.

  •   Оңоюраагынан башта. «Бир жолу бирөө мага беш мүнөттүк жумушту создуктурбай шак эле бүтүр деп айткан. Чачылган жерди жыйнаштыруу, кийимдериңди орду-ордуна коюу, идиш жуу же кимдир бирөөгө телефон чалуу сыяктуу ошондой жумуштарды чын эле дароо бүтүргөн жакшы»,— дейт Эмбер деген бир кыз.

  •   Маанилүүрөөгүн аныктап ал. Ыйык Китеп бизди «эмне маанилүүрөөк экенин баамдай» билүүгө үндөйт (Филипиликтер 1:10). Ушул кеңешти жашооңдо кантип колдонсоң болот? «Мен эмнелерди кылышым керектигин жана кайсынысын биринчи кылышым керектигин жазып алам. Бирок, эң маанилүүсү, ар бир ишке качан киришип, качан бүтүрөрүмдү да жазып коём»,— дейт Анна деген бир кыз.

 Бирок ушундай кыла турган болсом, өзүмдү өтө эле чектеп коём деп ойлобо. Эгер кыла турган иштериңди алдын ала ойлонуштуруп алсаң, убакыт сени эмес, сен убакытты «башкарган» болосуң. Стресске да көп учурабайсың. Келли деген бир кыз мындай дейт: «План түзүп алганда мен көп тынчсызданбайм. Андан сырткары, кайсы иштен кийин кайсынысын кылышың керектигин да так-даана билип каласың».

  •   Алаксыткан нерселерден арыл. Женифер деген бир кыз мындай дейт: «Кайсы ишти качан баштаганы жатканымды үйдөгүлөрдүн баарына айтып коём. Эгер аларга менин жардамым керек болуп кала турган болсо, пландаштырган ишимди баштай электе айтып коюшун суранам. Ошондой эле алаксыбаш үчүн телефонумду жана электрондук почтама кат келгенин кабарлаган үндү өчүрүп коём»

 Кеңеш: «Кайсы бир ишти пландаштырсаң, аны бүтүрмөйүн эч жакка кетпе. Тигини кылышым керек эле деп ойлоно бергенден көрө, бүтүрүп сал да, жыргап жүрө бер»,— дейт Жордан деген бир бала.