Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Үйдөгү эрежелердин зарылдыгы барбы?

Үйдөгү эрежелердин зарылдыгы барбы?

 Үйүңдөгү эрежелерге кармануу кыйынга турабы? Бул макала жана анын иштөө барагы ата-энең менен үйдөгү эрежелер тууралуу сүйлөшкөнгө жардам берет.

 Туура көз караш

 Жаңылыш ой. Өзүңчө жашай баштаганда түгөнбөгөн эрежелерден биротоло кутуласың.

Чындык. Өзүңчө жашай баштаган күндө да эрежелер болот. Кимдир бирөөлөрдүн, мисалы, жетекчиңдин, батирдин ээсинин, өкмөттүн эрежелерине баш ийишиң керек. «Үйдөгү эрежелерге баш ийбеген жаштар өзүнчө жашай баштаганда кыйналышат»,— дейт 19 жаштагы Даниелла.

Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Өкмөткө жана бийликтерге баш ий» (Тит 3:1). Ата-энең бекиткен эрежелерге баш ийгениңдин чоңойгондо да пайдасы тиет.

Эмне кылсаң болот? Үйдөгү эрежелердин жакшы жактарын көрө бил. «Ата-энем бекиткен эрежелерге баш ийгендин аркасында жакшы досторду тандаганды, убактымды туура пайдаланды үйрөндүм. Ошондой эле телевизор көргөнгө, видеооюндарды ойногонго чек коюп коюшкандыктан, убактымдын көбүн пайдалуу иштерге жумшачумун. Андай иштерди кылганды азыр да жакшы көрөм»,— дейт Жереми деген жигит.

 Туура жолу

Ата-энеңдин кайсы бир эрежени эмне себептен бекиткенин түшүнбөй жатсаң, эмне кылсаң болот? Тамара деген кыз мындай дейт: «Атамдар уруксат бергендиктен, чет өлкөгө барып келген болчумун. Азыр болсо жолго 20 мүнөт эле кете турган жерге машине айдаганга уруксат беришпейт».

Эгер сенин да жагдайың ушу сыяктуу болуп жатса, ата-энең менен сүйлөшүп көргөнүң туурабы? Балким, туура болоттур. Натыйжасы жакшы болушун кааласаң, качан жана кантип сүйлөшүш керектигин ойлон.

Качан? «Ата-энеңдин алдында жоопкерчиликтүү экениңди көрсөткөндөн кийин гана алар менен эрежелерди өзгөртүү жөнүндө сүйлөшсөң болот»,— дейт Аманда деген өспүрүм кыз.

Дария деген кыз мунун калетсиз экенине толук кошулат. Ал: «Апама дайыма тил алчумун. Ошондон кийин гана ал катуу эрежелерин өзгөрттү»,— дейт. Ата-энеңден мага ишенгиле деп талап кылбай, ишеничтүү экениңди көрсөткөн иштерди кыл.

Ата-энеңдин эрежелерине баш ийбесең, көрсөтмөлөргө карманбаган учкучка окшош болуп каласың

Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Атаң айткан осуятты аткар, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа» (Накыл сөздөр 6:20). Ушул кеңешке ылайык иш кылсаң, ата-энең сага көбүрөөк ишеним артат. Ошондо алар менен эрежелер жөнүндө сүйлөшкөнгө жеңил болот.

Кантип? «Ата-энең менен сүйлөшүп жатканда наалыбай, кыйкырбай, жайбаракат, урмат-сый менен сүйлөшкөнүң туура болот»,— дейт Стивен деген жигит.

Жогоруда айтылган Дария бул сөздөргө толук кошулат. Ал: «Апам менен талашып-тартышканда эч нерсе өзгөрбөйт. Тескерисинче, ал кээде андан да катуу эрежелерди коюп коёт»,— дейт.

Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат» (Накыл сөздөр 29:11). Өзүңдү кармай билгенди үйрөнсөң, анын пайдасын үйдөн эле эмес, мектептен, жумуштан жана башка жерлерден да көрөсүң.

Эмне кылсаң болот? Бир нерсе айтардан мурун ойлон. Өзүңдү кармай албай, ачууга алдырып ийсең, буга чейин ээ болгон аброюңду жоготуп, ишеничтен чыгып каласың. Ыйык Китепте: «Ким ачууланууга шашпаса, ал кыраакы»,— деп айтылганы бекеринен эмес (Накыл сөздөр 14:29).

Кеңеш. Бул макаланын иштөө барагын толтуруп, үйдөгү эрежелер жөнүндө ойлонуп көр. Зарыл болсо, ата-энең менен сүйлөш.