Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Оккультизм зыянсыз көңүл ачуубу?

Оккультизм зыянсыз көңүл ачуубу?

 Кандай деп ойлойсуң?

  •   Жылдыз төлгөгө, көз ачыктарга кайрылуунун же спиритизм тактасын (уижа тактасын) колдонуунун зыяны барбы?

  •   Оккультизм жөнүндөгү окуялар жөн эле аллегориябы, тактап айтканда, жакшы менен жамандын ортосундагы каймана маанидеги күрөшпү? Же чындап эле зыян алып келген нерсеби?

 Бул макалада эмне үчүн спиритизмдин кызыктуу көрүнөрү жана андан эмне себептен сак болушубуз керектиги каралат.

 Эмне үчүн кызыктуу?

 Көңүл ачуу тармагындагылар оккультизмге басым жасалган кинолорду, телеберүүлөрдү, видеооюндарды жана китептерди чыгаруу менен көп акча таап келишет. Натыйжада барган сайын көптөгөн жаштар жылдыз төлгө, жиндер, кан соргучтар жана сыйкырчылык сыяктуу нерселерге кызыгып жатышат. Эмне үчүн? Буга бир нече себеп бар:

  •   Кызыгуу. Арбактардын, периштелердин, жиндердин бар же жок экенине кызыгуу.

  •   Тынчсыздануу. Келечекте эмне болорун билүүнү каалоо.

  •   Байланышуу. Көзү өтүп кеткен жакындары менен сүйлөшүүгө аракет кылуу.

 Жогорудагы себептердин өзү жаман деле эмес. Мисалы, келечегибизге кызыгуу же каза болуп калган жакындарыбызды сагынуу табигый эле нерсе. Бирок абайлашыбыз керек болгон нерселер да бар.

 Эмне себептен сак болуш керек?

 Ыйык Китепте спиритизмге байланышы бар нерселердин баарынан алыс болушубуз керектиги эскертилет. Алсак, анда мындай деп жазылган:

 «Элиңдин арасында... төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун. Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү» (Мыйзам 18:10—12).

 Ыйык Китепте спиритизм эмне үчүн айыпталат?

  •   Спиритизмге аралашсак, жиндер менен байланышкан болобуз. Ыйык Китепке ылайык, айрым периштелер Кудайга каршы чыгып, анын душманы болуп калышкан (Башталыш 6:2; Жүйүт 6). Ал каардуу периштелер же жин перилер адамдарды адаштырыш үчүн көзү ачыктарды, келечекти алдын ала айткандарды, сыйкырчылык жана жылдыз төлгө менен алектенгендерди колдонот. Мындай иштерди кылсак, Кудайдын душманы болуп калабыз.

  •   Спиритизм айрым адамдар келечекти айта алат деген ойго түртөт. Бирок Кудай гана келечегибизди биле алат. Ал: «Мен аягында эмне болорун башынан эле айтам, боло элек нерселерди байыртан бери айтып келем»,— дейт (Ышая 46:10; Жакып 4:13, 14).

  •   Спиритизм өлгөндөр тирүүлөр менен сүйлөшө алат деген жалган ойго ишендирет. Бирок Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт... Көрдө... жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок»,— деп айтылат (Насаатчы 9:5, 10).

 Ушул себептерден улам Жахабанын Күбөлөрү спиритизм менен байланышы бар нерселердин баарынан качышат. Ошондой эле алар зомбилер (көрдөн туруп келген өлүктөр), кан соргучтар жана адаттан тыш нерселер жөнүндөгү көңүл ачуунун түрлөрүнөн да алыс болушат. Мария деген кыз: «Спиритизм камтылган эч бир нерсени көрбөшүм керек»,— дейт a.

Кылмышкер чыныгы жүзүн жашырганга аракет кылгандай эле, жин перилер да көзү өтүп кеткен жакындарыбыз болуп көрүнөт

 Эмне кылсаң болот?

  •   Оккультизмге байланышы бар иштерден же көңүл ачуунун түрлөрүнөн алыс болуп, Жахабанын алдында абийириңди таза сактаганга чечкиндүү бол (Элчилер 24:16).

  •   Оккультизм камтылган нерселердин баарынан арыл. Элчилер 19:19, 20-аяттарды окуп, Иса Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын бул жагынан кандай жакшы үлгү калтырганына көңүл бур.

 Бул нерсени эсиңден чыгарба: оккультизм менен байланышы бар иштерди, көңүл ачуунун түрлөрүн четке кагуу менен Жахабанын тарабында экениңди көрсөтөсүң. Бул болсо анын жүрөгүн сүйүнтөт (Накыл сөздөр 27:11).

a Бул ойдон чыгарылган окуялардын баары спиритизм менен түздөн-түз байланышы бар дегенди билдирбейт. Бирок Кудайдын кызматчысы Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине жетектелип, спиритизм камтылган иштердин баарын же көңүл ачуунун түрлөрүн четке кагат (2 Корунттуктар 6:17; Еврейлер 5:14).