Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Секстингдин эмнеси жаман?

Секстингдин эмнеси жаман?

 Секстинг деген эмне?

 «Секстинг» — бул кимдир бирөөгө чөнтөк телефон аркылуу жыныстык мамилеге байланыштуу сөздөрдү, сүрөттөрдү же видеону жөнөтүү. «Бул азыркы күндө пикир алышуунун кадимки эле түрү болуп бараткансыйт,— дейт бир киши.— Бир-эки жолу SMS жазышышат да, анан эле бири-бирине өздөрүнүн жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жөнөтө башташат».

 Жаштар эмне үчүн андай ишке барышат? Бир прокурор айрым жаштардын «эгер сенин телефонуңда сен жактырган бирөөнүн жылаңач түшкөн сүрөтү болсо, демек, башкаларга сенин жыныстык турмуш деген эмне экенин билериң белгилүү болот» деп эсептей турганын айткан («Нью-Йорк таймс» гезитинен үзүндү). Бир өспүрүм болсо муну атүгүл «коопсуз жыныстык мамиленин» бир түрү деп атап, анын коопсуздугун: «Боюма бүтүп калат деп же жыныстык жол менен жуккан ооруларга чалдыгам деп коркпойсуң»,— деп түшүндүргөн.

 Дагы башка себептери:

  •   Кимдир бирөө менен жыныстык мамиледе болуу максатында тийишүү

  •   Кимдир бирөө ошондой сүрөтүн жөнөткөндүктөн, өзүнүн да ошондой сүрөтүн жөнөтүүгө милдеттүү сезүү

 Кесепети

 Сүрөтүңдү жөнөттүң дегиче, ага ээ болбой каласың. Андан ары ал дагы кимдин колуна түшөт, канча адамдын алдында аброюң түшөт — белгисиз. «Кимдир бирөөнүн туура эмес кылык-жоругун элдин баарына жайып, көрсөтүү жана сактап коюу эч качан азыркы учурдагыдай оңой болгон эмес»,— дейт Пью изилдөө борборунун жетекчиси жана секстинг маселесин изилдеген адис Аманда Ленхарт.

 Кээде мындай болот:

  •    Кээ бирөөлөр оюн-тамаша көрүп кимдир бирөөнүн жөнөткөн жылаңач түшкөн сүрөтүн досторунун баарына жөнөтүп жиберишет.

  •    Кээ бир балдар сүйлөшпөй калган кыздарынан өч алыш үчүн алардын жылаңач түшкөн сүрөтүн таратып жиберишет.

 БИЛЕСИҢБИ? Көп учурда жылаңач сүрөттөрдү башкаларга таратуу, жаш балдарды бузуу же жаш балдардын порнографиясын таратуу сыяктуу эле, кылмыш иши болуп эсептелет. Ошондой сүрөттөрдү жөнөткөн өспүрүмдөрдүн жоопко тартылган учурлары да болууда.

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте жубайлардын ортосундагы жыныстык мамиле ырахат тартуулай турганы айтылган (Накыл сөздөр 5:18). Бирок өзүнүн жубайынан башка бирөө менен болгон жыныстык мамиледе болуу Кудайдын алдында күнөө экени жазылган. Буга байланыштуу аяттарды карап көрөлү.

  •   «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбосун... Ошондой эле уятсыз жүрүм-турум, маңызсыз сөздөр, адепсиз тамашалар сыяктуу орунсуз нерселерге да жол берилбесин» (Эфестиктер 5:3, 4).

  •   «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана... ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө» (Колосалыктар 3:5).

 Бул аяттардан Кудайдын көз алдында «бузуктук» (никеден сырткаркы жыныстык мамиле) эле эмес, «ыпыластык» (адеп-ахлаксыздыктын бардык түрү) жана «жыныстык кумарлар» (жубайлар ортосунда болуучу табигый каалоо эмес, бузуку жүрүм-турумга алып баруучу каалоо) да күнөө экени айдан ачык көрүнүп турат.

 Ойлонуп көр:

  •   Эмне үчүн секстингди «ыпыластыкка» жатат деп айтууга болот?

  •   Эмне үчүн секстингди «жыныстык кумарды» күчөтөт деп айтууга болот?

  •   Кимдир бирөөнүн жылаңач түшкөн сүрөттөрүн көрүүнү же телефон аркылуу жөнөтүүнү каалоо эмне себептен «жаман»?

 Төмөндөгү аяттарда секстингден эмне үчүн жаа бою качышыбыз керектигин көрсөткөн дагы башка орчундуу себептер жазылган.

  •   «Кудайга жаккан,.. аткарган иши үчүн уялбай турган жумушчу болууга колуңан келишинче аракет кыл» (2 Тиметей 2:15).

  •    «Силер жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи!» (2 Петир 3:11).

 Жогорудагы аяттардан адеп-ахлактык жактан таза болуу канчалык пайдалуу экенин түшүнүүгө болот. Эгер ыймандуу болуп, өзүңдү ыпылас нерселерден таза сактаганга аракет кылсаң, кийин кесепетин тарта тургандай иштерге барбайсың (Галатиялыктар 6:7).

 Ойлонуп көр:

  •    Мен кандай адаммын?

  •    Башкалардын аброюн ойлоймунбу?

  •    Башкаларды шакаба чегип көңүл ачканга жакын эмесминби?

  •    Секстинг менин аброюма кандай таасир этиши мүмкүн?

  •    Ошонун айынан ата-энем мага таптакыр ишенбей калышы мүмкүнбү?

 БОЛГОН ОКУЯ: «Менин бир дос кызым ата-энесине айтпай бир бала менен сүйлөшүп жүрчү. Бир жолу ал өзүнүн жылаңач түшкөн сүрөтүн ал балага жөнөтүптүр, тиги бала да өзүнүкүн жөнөтүптүр. Эки күн өтпөй атасы анын телефонун текшерип, баарын билип калыптыр. Анан кызы менен сүйлөшүптүр. Дос кызым баарын мойнуна алыптыр. Ал кылган иши үчүн абдан өкүнүп жүрдү, бирок ата-энеси аябай жаман болуптур. Ошондон кийин алар ага анча ишенбей калышкан».

 Факт: Секстинг аны жөнөткөн адамды да, аны көргөн адамды да бузат. «Ошондон кийин өзүмдөн өзүм жийиркенип, өзүмдү аябай жек көрүп калгам»,— дейт сүйлөшкөн жигитинин кысымына алдырып ушундай ишке барган бир кыз.

 Секстингдин адамдын акылын, адеп-ахлактыгын булгай турганын, андан сырткары, кылмыш иши болуп эсептелерин билген соң, ага кызыккандын ордуна, Ыйык Китептеги төмөнкү кеңештерге ылайык иш кылганың оң:

  •   «Жаштыкка мүнөздүү каалоолордон кач» (2 Тиметей 2:22).

  •   «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл» (Забур 119:37).

 Сен эмне кылат элең?

 Төмөндөгүдөй жагдайда Ыйык Китептеги принциптерди кантип колдонсо болорун ойлонуп көр. Жанеттин айтканын окуп, андан соң өзүң туура деп эсептеген вариантты танда.

 «Бир жолу мен бир бала менен таанышып, бири-бирибиздин телефон номурларыбызды жазып алганбыз. Бир жума өтүп-өтпөй эле ал бала менден сууга түшкөн кийимим менен түшкөн сүрөттөрүмдү сурай баштады».

 Сенин оюңча, Жанет эмне кылышы керек эле? Сен эмне кылат элең? Эмне деп ойлонот элең?

  •  1-ВАРИАНТ: «Анын эмнеси бар экен. Эгер экөөбүз сууга түшкөнү барсак, мен ошентип эле кийинмекмин да».

  •  2-ВАРИАНТ: «Муну кандай түшүнсө болот? Адегенде анча ачык кийинбеген сүрөтүмдү жөнөтүп көрөйүн. Андан аркысын көрөм да».

  •  3-ВАРИАНТ: «Түшүнүктүү, мунун оюнун баары эле ушу турбайбы. Анын SMSин өчүрүп эле таштайын».

 Мындай жагдайда 3-варианттагыдай иш кылганың туура болоруна кошулат чыгарсың. Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деп бекеринен айтылбайт (Накыл сөздөр 22:3).

 Бул тест секстингге жана башка ушундай туура эмес иштерге көбүнчө жаман чөйрө себепкер болорун айкын кылууда. Ошондуктан: «Менин досторум кандай адамдар»,— деп ойлонуп көр (Накыл сөздөр 13:20). «Жаман ишке барбай тургандар менен гана мамилешкениң жакшы»,— дейт Сара деген бир кыз. Делия деген бир кыз да ушундай ойдо. Ал мындай дейт: «Кээ бир дос атангандар адеп-ахлак нормаларына карманганга жардам бербей эле, тескерисинче, бузганга азгырат. Эгер алардын жүрүм-туруму Кудайдын мыйзамдарына карама-каршы келсе, алар сөзсүз сени адеп-ахлаксыз ишке түртөт. Ушундай болушун каалайт белең?»