Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Аруу бойдон калууга ант берүү туурабы?

Аруу бойдон калууга ант берүү туурабы?

 Аруу бойдон калууга ант берүү деген эмне?

 Аруу бойдон калууга ант берүү никеге турганга чейин жыныстык катнашта болбоого жазуу түрүндө же оозеки убада берүү дегенди билдирет.

 Кошмо Штаттардагы Түштүк баптисттер конвенциясынын демилгеси менен «Чыныгы сүйүү күтөт» деген программа ишке киргизилгенден кийин аруу бойдон калууга ант берүү 1990-жылдары кеңири жайылган. Ал программа жаштарды Ыйык Китептеги принциптерди баалаганга жана өзү теңдүүлөрдүн үлгүсүнө карманып, никеге турганга чейин жыныстык катнашта болбоого үндөө максатында түзүлгөн.

 Көп өтпөй ушу сыяктуу дагы бир программа иштелип чыккан. Ал программанын салтанаттуу кечелеринде ант бергендерге никеге турганга чейин жыныстык катнашка барбай турганын билдирген (эсине салып турган) күмүш шакек салышкан.

 Аруу бойдон калууга ант берүүнүн натыйжасы жакшы болуудабы?

 Бул суроонун жообу кимге берериңерге жараша болот.

  •   Кристин Ким жана Роберт Ректор жүргүзгөн изилдөөлөрдөн «аруу бойдон калууга ант берген өспүрүмдөр жыныстык катнашка кечирээк барышары жана өспүрүмдөр арасында жыныстык катнашка баргандардын азайганы көрүнгөн».

  •   Ал эми Гуттмахер Институту тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдөн «„аруу бойдон калууга ант берген“ өспүрүмдөрдүн ант бербеген өспүрүмдөрдөй эле, жыныстык катнашка барары» айкын болгон.

 Эмне үчүн бул изилдөөлөрдүн натыйжасы эки башка болуп чыккан?

  •   Айрым изилдөөлөрдө ант бергендер менен жыныстык катнашка карата алардыкындай көз карашта болбогон, ант бербеген өспүрүмдөр салыштырылган.

  •   Башка изилдөөлөрдө ант бергендер менен жыныстык катнашка карата алардыкындай көз карашта болгон, ант бербеген өспүрүмдөр салыштырылган.

 Бул изилдөөдөн эмне айкын болгон? Өспүрүмдөрдүн ден соолугуна байланыштуу маселелерди караган адис Жанет Розенбаумдун айтканына ылайык, 5 жылдын ичинде эле «аруу бойдон калууга ант бергендер менен ант бербегендердин эч айырмасы жок болуп калган».

 Эмне жакшы натыйжа берет?

 Аруу бойдон калууга ант берүүгө байланыштуу программа жакшы максатты көздөйт. Бирок анын кемчилиги жаштарга антына карманууга жардам берген принциптерди үйрөтпөгөнүндө. «Аруу бойдон калууга ант бергендердин көбү анын чыныгы маани-маңызын түшүнүшпөйт,— дейт Жанет Розенбаум.— Адам никеге чейин жыныстык катнашка баруудан кайсы бир программага катышуунун аркасында эмес, анын туура эмес экенине өзү ынанганынын аркасында гана баш тартышы керек».

 Ыйык Китептен ар бир адам мындай чечимге жазуу түрүндө же оозеки ант бергендиктен эмес, «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктыргандыктан» бек карманышы керектигин билүүгө болот (Еврейлер 5:14). Биз оору жуктуруп алуудан же күтүлбөгөн кош бойлуулуктан корккондуктан эмес, никенин негиздөөчүсү Кудайга урмат көрсөткүбүз келгендиктен аруулукту сакташыбыз керек (Матай 5:19; 19:4—6).

 Ыйык Китептеги принциптерге кармануу өзүбүзгө эле пайда алып келет (Ышая 48:17). Ар бир адам, жашы канчада болбосун, Кудайдын: «Бузуктуктан качкыла»,— деген буйругуна баш ийүүгө үйрөнө алат (1 Корунттуктар 6:18). Эгер адам никеге чейин жыныстык катнашка барбаса, үй-бүлө курганда ал өткөн нерсеге өкүнүп, өзүн өзү жемелебестен, Кудай берген белектен толугу менен пайда алат.