Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Көңүл чөгөттүк менен кантип күрөшсөм болот?

Көңүл чөгөттүк менен кантип күрөшсөм болот?

 Көңүл чөгөттүк менен күрөшүүнүн жакшы ыкмаларын таап алсаң, бул өзүңдү жакшыраак сезгенге жардам берет.

 Эмне кылсаң болот?

 Төмөнкү жагдайларды элестетип көр:

 Женнифер көптөн бери кабагы ачылбай жүрөт. Эч кандай себепсиз эле күн сайын көз жашын төгүп ыйлайт. Элден обочолонуп, тамакка да табити тартпайт. Уйкусу качып, көңүл топтош кыйын болуп калды. Ал: «Эмне эле болуп жатам? Кайра мурункудай боломбу?» — деп ойлонот.

 Марк аябай жакшы окучу. Эми болсо мектепти көрөйүн деген көзү жок. Начар окуй баштады. Мурункудай спортко кызыкпайт. Шалдырап алы жок. Достору анын эмне болуп жатканын түшүнбөй, баштары маң. Ата-энеси аны ойлоп, сарсанаа болуп жүрөт. Бул өтүп кетеби же күчөй береби?

 Өзүңдү Женнифер менен Марктай сезген учурларың көп болобу? Эгер ошондой болсо, эмне кылганың жакшы? Балким, төмөнкү эки нерсенин бирин кылмактырсың.

  1.   Терс сезимдерди жеңгенге өз алдынча аракет кылаттырсың

  2.   Өзүң ишенген чоң кишиге ичиңдегини айтып көрөттүрсүң

 Айрыкча, эч ким менен сүйлөшкүң келбей турганда 1-сунуш сага көбүрөөк жагышы ыктымал. Бирок ушундай кылганың туура болобу? Ыйык Китепте: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Бири жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок адам кантет?» — делет (Насаатчы 4:9, 10).

 Мисал: кылмыштуулук күч алган жерде адашып кеттиң дейли. Ал жер караңгы, тегерегиңдин баары эле бейтааныш кишилер. Андайда эмне кылат элең? Ал жерден чыга турган жолду издемек болушуң керек. Бирок өзүң ишенген бирөөдөн жардам сураганың акылдуулукка жатмак, туурабы?

 Көңүл чөгөттүктү кооптуу жерде жүргөнгө салыштырса болот. Албетте, кээде маанайың пас болгон учурлар болот, бирок ал өтүп кетет. Ал эми көңүл чөгөттүк узакка созулса, башкалардан жардам сураганың жакшы.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Башкалардан бөлүнгөн... акылмандыктын баарына каршы чыгат» (Накыл сөздөр 18:1).

 2-сунуштун жакшы жагы ата-энең же өзүң ишенген чоң киши менен сүйлөшкөндө алардын терс сезимдерди кантип жеңгенин угуп, көп нерсеге үйрөнөсүң.

 «Ата-энем менин эмне болуп жатканымды түшүнбөйт»,— деп ойлошуң мүмкүн. Бирок чын эле ошондойбу? Алар өспүрүм кезде так эле сеникиндей кыйынчылыктарга туш болбосо да, сеникиндей сезимдерди туйган болушу керек. Андыктан эмне кылса болорун жакшы билишет.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Даанышмандык карыларда, түшүнүк көп жашагандарда болбойбу?» (Аюп 12:12).

 Сунуш: атаңа, апаңа же өзүң ишенген чоң кишиге ичиңдегини айтып берсең, алар иш жүзүндө колдонорлук кеңеш беришет.

Көңүл чөгөттүктү кооптуу жерде жүргөнгө салыштырса болот. Ал жерден чыгыш үчүн башкалардан жардам сура

 Эгер бул оору болсочу?

 Күн сайын эле көңүлүң чөгө берсе, анда бул көңүл чөгөттүктүн медициналык жардамды талап кылган оор түрү болушу ыктымал.

 Көңүл чөгөттүктүн оор түрү менен ооруган чоңдор да, өспүрүмдөрдөй эле, терс сезимдер менен алпурушуп кыйналышат. Бирок алардыкы күчтүүрөөк болуп, узагыраак убакытка созулушу ыктымал. Эгер көптөн бери көңүлүң катуу чөгүп жүрсө, ата-энең менен доктурга көрүнүү жөнүндө сүйлөшүп көр.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» (Матай 9:12).

 Сага көңүл чөгөттүк менен ооруйт деген диагноз коюлса, уялба. Көптөгөн жаштар көңүл чөгөттүкө кабылат жана бул ооруну дарыласа болот. Көңүл чөгөттүккө кабылганда чыныгы досторуң сени мурункудай эле баалай берет.

Кеңеш. Чыдамдуу бол. Айыгууга убакыт керек. Ага чейин өзүңдү жакшы да, жаман да сезген күндөрүң болорун унутпа a.  Сакайыш үчүн кылышың керек болгон иш-аракеттер

Медициналык жардам алышың керекпи, жокпу, кандай болбосун, көңүл чөгөттүк менен күрөшүш үчүн өзүң кыла ала турган нерселер да бар. Алсак, дайыма көнүгүү жасоо, туура тамактануу жана жетиштүү уктоо сезимдериңди бир калыпка келтиргенге жардам берет (Насаатчы 4:6; 1 Тиметей 4:8). Мындан тышкары, күндөлүк ачып, сезимдериңди, сакайыш үчүн эмнелерди кыларыңды, көңүл чөгөттүккө алдырып койгон учурларыңды жана оору менен күрөшүүдө жеткен ийгиликтериңди жазсаң болот.

 Көңүл чөгөттүк менен ооруп жатасыңбы же эмоциялык жактан убактылуу эле кыйналып жатасыңбы, бир нерсени эсиңден чыгарба. Башкалардын жардамын кабыл алганың жана сакайыш үчүн өзүң кандайдыр бир кадамдарды жасаганың көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө жардам берет.

 Жардам бере турган аяттар

  •  «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат» (Забур 34:18).

  •  «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт» (Забур 55:22).

  •  «Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин» (Ышая 41:13).

  •  «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла» (Матай 6:34).

  •  «Бардык өтүнүчүңөрдү... Кудайга... билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7).

a Өмүрүмдү кыйсамбы деген ойлор келип жатса, өзүң ишенген чоң кишиге кайрылып, дароо жардам сура. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2014-жылдын апрелиндеги санына чыккан, «Өмүрдү эмне үчүн кыйбоо керек?» деп аталган катар макалаларды оку.