Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мектепти ташташым керекпи?

Мектепти ташташым керекпи?

«Мектептен тажадым!» Эгер сен да ушинтип жатсаң, окууңду таштап салгың келиши мүмкүн. Бирок ошенткениң туура болобу?

 Айрымдар эмне үчүн таштап салышат?

 Мугалимдер көбүнчө төмөнкү нерселер себеп болорун айтышат:

  •   Окуудан кыйналуу. «Кечке эле жаман баа ала берип, тажап кеттим».

  •   Көңүлү келбөө. «Окугандын эч пайдасы жок!»

  •   Акчанын тартыштыгы. «Ата-энеме жардам бериш үчүн иштешим керек».

 Артын ойло

 Ыйык Китепте: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 14:15). Бул эмнени билдирет? Эгер мектепти таштагың келип жатса, анын кесепети кандай болорун ойлон.

 Булар тууралуу ойлонуп көр:

  •   «Мектепти таштап салсам, кийин жумушка орношо албай кыйналбаймбы?»

     «Бир күнү сен да турмуш куруп, үй-бүлөңдү багыш үчүн иштешиң керек болот? Анан жумуш берүүчүлөрүң: „Жок дегенде, орто билимиң жөнүндө атестатың барбы?“ — десе, эмне дейсиң?» (Жулия).

  •   «Азыр мектептеги кыйынчылыктарды көтөрө албай жатсам, кийин башка кыйынчылыктарды кантип көтөрөм?»

     «Мектеп сени келечекке даярдайт. Башкалар менен тил табышканды, азгырыктарды четке какканды, жумушта жоопкерчиликтүү болгонду мектептен үйрөнөсүң» (Дениэл).

  •   «Мектепти таштап салсам, кийин кереги тие турган жөндөмдөрдү өрчүтө албай калбаймбы?»

     «Азыр мектепте окугандын пайдасы жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок кийин 23 жашка чыгып, акчаңдын эсеп-чотун чыгарыш керек болгондо „ырас эле математикадан жакшы окуптурмун“ деп сүйүнөсүң» (Анна).

 Кандай кылганың акылдуулукка жатат?

  •   Жардам сура. Ыйык Китепте: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 15:22). Эгер кечке эле жаман баа алып жатсаң, ата-энең, мугалимиң же өзүң ишенген кимдир бирөө менен сүйлөшүп, жакшы окуш үчүн эмне кылсаң болорун сурап көр.

     «Сабактарыңан кыйналып жатсаң, мугалимиң менен сүйлөшүп көрсөң болот. Кээде жакшы окуй албай жатканыңа мугалимиңди күнөөлөшүң мүмкүн. Бирок аны менен сүйлөшүп көрсөң, кыйынчылыгың чечилип калышы ыктымал» (Эдвард).

  •   Кийин кандай пайдасы тиери жөнүндө ойлон. Ыйык Китепте: «Иштин аягы башталышынан жакшы»,— деп айтылат (Насаатчы 7:8). Мектепти бүтүргөндө билимге эле эмес, кийин кереги тие турган сапаттарга, жөндөмдөргө да ээ болосуң.

     «Чоңойгондо дил баян жазуу же экзамен тапшыруу дегендерди унутасың. Бирок мектепте жүргөндө стрессти жеңгенди үйрөнгөнүң кийин жашоодогу кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кеткенге жардам берет» (Вера).

    Мектепти таштап салуу кайык жээкке чыкканга чейин эле түшүп кеткенге барабар. Андай кылсаң, түшүп кеткениңе өкүнүп каласың!

  •   Башка жолдорун карап көр. Ыйык Китепте: «Ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»,— делет (Накыл сөздөр 21:5). Мектепти таштасам эле баары чечилет деп ойлогонго шашпа. Балким, окууңду бүтпөй калбашың үчүн кечки мектептерде окууну ойлонуштуруп көрөттүрсүң.

     «Мектеп сени тырышчаак болгонго, кыйынчылыктарды чечкенге, башкалар менен иштешкенге үйрөтөт. Мунун пайдасын өмүр бою көрөсүң. Мектепти бүтүргөнүңө эч качан өкүнбөйсүң» (Бенжемин).

 Жыйынтык. Мектепти таштабасаң, чоңойгондо пайдасы тие турган көп нерселерди үйрөнөсүң.