Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Үйдөгү эрежелерди бузуп алганда эмне кылсам болот?

Үйдөгү эрежелерди бузуп алганда эмне кылсам болот?

 Дээрлик ар бир үй-бүлөдө эрежелер бар. Мисалы, ата-энелер балдарына үйгө канчада келиш керектигине, электрондук каражаттарга канча убакыт коротуш керектигине жана башкаларга кандай мамиле кылыш керектигине байланыштуу эрежелерди бекитет.

 Эрежени бузсаң, эмне кылсаң болот? Болор иш болду, эми аны өзгөртө албайсың. Бирок жагдайды оорлотуп жибергенден кача аласың. Бул макалада ан үчүн эмне кылсаң болору талкууланат.

 Эмне кылбашың керек?

  •   Эрежени бузганыңды ата-энең билбесе, кылыгыңды тымпыйып жашырып койгуң келеттир.

  •   Ал эми ата-энең билип калса, актанып же күнөөнү башка бирөөгө оодарып койгуң келиши мүмкүн.

 Ушундай кылганың туура эмес болуп калмак. Эмне үчүн? Себеби кылган ишиңди жашырып койгонуң же актанып киргениң дагы деле чоңоё электигиңди көрсөтөт. Ата-энең сени али кичинекей деп ойлоп калат.

 «Калп айткандан эч пайда чыкпайт. Кыңыр ишиң акыры баары бир билинип калат. Андан көрө, чындыкты айтып жазаланганың жакшы. Болбосо, калпың чыгып калганда, андан да катуу жазаланасың» (Диана).

 Эмне кылганың жакшы?

  •   Күнөөңдү мойнуңа ал. Ыйык Китепте: «Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 28:13). Ата-энең кээде ката кетирип аларыңды жакшы түшүнөт. Алар сенден чынчыл болушуңду эле күтөт.

     «Эгер болгонун болгондой айтсаң, ата-энең сени кечирбей койбойт. Эч нерсени жашырбай, дайыма чындыкты айтсаң, алар сага көбүрөөк ишенет жана туура жүргөнүңө эч шектенбейт» (Оливиа).

  •   Кечирим сура. Ыйык Китепте: «Бири-бириңерге момундук менен мамиле кылгыла»,— деп жазылган (1 Петир 5:5). Дароо эле актанып кирбей, «мени кечирип койгулачы» деп айтыш үчүн момундук керек.

     «Дайыма эле актана берген адамдарын абийири иштебей калат. Ошентип отуруп туура эмес иш кылганына уялбай да калат» (Хизер).

  •   Жазаны туура кабыл ал. Ыйык Китепте: «Ашкерелөөнү кабыл алган адам баамчыл»,— делет (Накыл сөздөр 15:5). Андыктан наалый бербей, ата-энең койгон чектөөлөрдү туура кабыл ал.

     «Канчалык көп наалысаң, жагдайың ошончолук оорлой берет. Эмнелерден айрылганыңа эле көңүл топтой бербей, чектөөлөргө туура караганга аракет кыл» (Жейсон).

  •   Ишеничтүү экениңди далилде. Ыйык Китепте: «Мурдагы жашоо мүнөзүңөргө ылайык калыптанган... эски табиятты чечишиңер керек»,— деп айтылат (Эфестиктер 4:22). Ата-энең сага ишеним артышы үчүн, дайыма акылдуулук менен иш кылганга умтул.

     «Эгер ар дайым туура иштерди кылып, мурдагы каталарыңды кайталагың келбей турганын көрсөтсөң, ата-энең сага кайрадан ишене баштайт» (Карэн).

 КЕҢЕШ: Ата-энеңдин ишеничине кириш үчүн алар талап кылгандан да көптү кыл. Мисалы, бир жактан келатканда, кечикпесең деле, келатканыңды ата-энеңе алдын ала билдирип кой. Ошондо ата-энең алардын ишеничин актагың келип жатканын түшүнөт.