Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Терс ойлор келгенде, эмне кылсам болот?

Терс ойлор келгенде, эмне кылсам болот?

 Өзүңдү кандай адам деп ойлойсуң?

  •   Оптимист

     «Мен дайыма кубанычтуу, жайдары жүргөнгө аракет кылам. Эч качан үңүрөйүп жүргүм келбейт» (Валери).

  •   Пессимист

     «Жакшы бир нерсе болгондо анча ишене бербей, кантип эле ушундай болсун дей берем» (Ребекка).

  •   Реалист

     «Оптимист болсоң, көңүл кайттыкка көп учурайсың. Пессимист болсоң, дайыма эле көңүлүң пас болуп жүрөсүң. Реалист болгонум мага бардык нерсеге кандай болсо ошондой караганга жардам берет» (Анна).

 Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

 Ыйык Китепте: «Кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 15:15). Ооба, жаман ойлорду жакын жуутпай, ар бир нерсенин жана адамдардын жакшы жагын көрө билгендер көбүрөөк кубанып жүрөт. Ошондой эле башкалар менен оңой достошуп кетишет. Дайыма кабагы ачылбай, капалуу жүргөндөр менен ким эле убакыт өткөргүсү келсин?!

 Анткен менен бардык нерсенин жакшы жагын гана көрө билген адам болсоң деле оор кыйынчылыктарга туш болбой койбойсуң. Мисалы:

  •   Күн сайын согуш, террорчулук, кылмышкерлик жөнүндө жаңылыктарды угасың.

  •   Үй-бүлөңдөгү кыйынчылыктар менен алпурушууга туура келет.

  •   Ката-кемчиликтериң, күрөшүп жүргөн алсыздыктарың бар экени да шексиз.

  •   Досуң жүрөгүңдү оорутушу мүмкүн.

 Ушундай нерселерге кабылганда баарына көз жумуп койбой, ошол эле учурда аларга эле көңүл топтоп, кайгыра бербей, туура көз карашта болгонго аракет кыл. Бул терс ойлорду четке кагууга жана кыйынчылыктарга кабылганда чөгүп кетпегенге жардам берет.

Убакыттын өтүшү менен күн кайрадан чыгарына бекем ишенип бороон-чапкын сымал кыйынчылыктар менен күрөшө аласың

 Эмне кылсаң болот?

  •   Ката-кемчиликтериңе карата тең салмактуу көз карашта бол.

     Ыйык Китепте: «Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок»,— делет (Насаатчы 7:20). Ката-кемчиликтериңдин бар экени жана кээде жаза басып аларың колуңан эч нерсе келбеген адам экениңди эмес, тек гана пенде экениңди айгинелеп турат.

     Канткенде реалист боло аласың? Ката-кемчиликтериңди оңдогонго аракет кыл, бирок өзүңдөн жеткилеңдикти талап кылба. «Көңүлүм чөкпөшү үчүн, каталарыма эле көңүл топтой бербегенге аракет кылам,— дейт Кэйлаб.— Анын ордуна, жакшырыш үчүн алардан сабак алганга умтулам».

  •   Өзүңдү башкаларга салыштырба.

     Ыйык Китепте: «Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы»,— деп жазылган (Галатиялыктар 5:26). Социалдык тармактардан досторуңдун сен чакырылбаган кечелерде түшкөн сүрөттөрүн көрүп алып капа болушуң мүмкүн. Бул эң жакшы досторуңду да жек көрө башташыңа себеп болушу ыктымал.

     Канткенде реалист боло аласың? Сен ар бир эле кечеге чакырыла бербей турганыңды түшүнүшүң керек. Анын үстүнө, сүрөттөрдөн адамдын жашоосунун айрым жактарын эле көрө аласың. Алексис деген кыз мындай дейт: «Көптөр, адатта, социалдык тармактарга көңүл ачып жүргөндөгү сүрөттөрүн гана коюшат. Ал эми анча кызыктуу болбогон же күнүмдүк жашоосундагы сүрөттөрүн көрсөтүшпөйт».

  •  Өзгөчө, үйүңдө тынчтыкка шарт түзгөнгө аракет кыл.

     Ыйык Китепте: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— делет (Римдиктер 12:18). Башкалардын кандай иш кыларын толук көзөмөлдөй албайсың, бирок андайда кандай жооп кайтарарың өзүңдөн көз каранды. Тынчтыкты сактоо өз колуңда.

     Канткенде реалист боло аласың? Үйдөгү жагдайды курчутуп жиберүүдөн кач. Анын ордуна, досторуң менен тынчтыкта болгонго аракет кылгандай эле, үйүңдөгүлөр менен да тынчтыкта болгонго аракет кыл. «Жеткилең бир да киши жок. Ошондуктан бир күнү болбосо, бир күнү, бири-бирибизди капа кылып алышыбыз мүмкүн,— дейт Мелинда.— Андайда кандай жооп кайтарарыбызды, тынчтык сактайбызбы же жокпу, өзүбүз тандайбыз».

  •   Ыраазы болгонго үйрөн.

     Ыйык Китепте: «Дайыма ыраазы болгула»,— деп кеңеш кылынат (Колосалыктар 3:15). Ыраазы боло билүү жакпаган нерселерге эмес, жакшы нерселерге көңүл топтогонго жардам берет.

     Канткенде реалист боло аласың? Көйгөйлөрдүн бар экенин мойнуңа ал, ошол эле учурда жашооңдогу жакшы нерселерди да көрө бил. Ребекка деген кыз мындай дейт: «Күн сайын күндөлүк дептериме жашоомдо болгон жакшы бир нерсени жазып жүрөм. Ушундайча көйгөйлөрүм бар болсо да, жакшы нерселер дайыма болорун эсиме салып турам».

  •  Досторуң тууралуу ойлонуп көр.

     «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— делет Ыйык Китепте (1 Корунттуктар 15:33). Тегерегиңдегилердин баары эле сынчыл, кыйкымчыл же какшыкчыл болсо, бул сага да жугат.

     Канткенде реалист боло аласың? Досторуңдун башына кыйынчылык түшүп, кайгыга батышы, көңүлү чөгүшү мүмкүн. Андай учурларда аларга жөлөк-таяк бол. Бирок анын кыйынчылыктарынө өтө эле көңүл топтоп, чөгүп кетпе. «Терс көз карашта болгон адамдар менен эле дос болуп жүрө бербеш керек,— дейт Мишелль.— Мисалы, математика боюнча, эки терс санды кошсоң, бир чоң терс сан чыгат».

 Бул туурасында көбүрөөк окуп көр

 Ыйык Китепке ылайык, биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Кыйынчылыктарга толгон дүйнөдө сага оң маанай сактоо кыйынга турабы? Анда «Дүйнөдө эмне үчүн азап-кайгы көп?» деген макаланы окуп көр.