Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Көтөрүмдүү адаммынбы?

Көтөрүмдүү адаммынбы?

 Өзүңдү канчалык көтөрүмдүү адам деп эсептейсиң? Төмөндө айтылгандарды башыңан кечирдиң беле?

  •   Жакын адамдан айрылуу

  •   Узак убакытка созулган оору

  •   Табигый кырсык

 Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бизди чоң көйгөйлөр эле эмес, күнүмдүк турмуштагы майда-чүйдө нерселер да стресс кылышы мүмкүн. Ошондуктан, кыйынчылык чоң болобу же кичине болобу, көтөрүмдүү болууга үйрөнүү абдан маанилүү.

 Көтөрүмдүү болуу деген эмнени билдирет?

 Көтөрүмдүү болуу жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшө билүүнү билдирет. Албетте, көтөрүмдүү адамдар да кыйынчылыкка кабылышат. Бирок андайда алар, канчалык зыян тартпасын, багынып калбайт. Тескерисинче, ого бетер кайраттуу болуп калышат.

Бороон-чапкында дарак ийилсе да, андан кийин кайра түзөлөт. Ошо сыңары, кыйынчылыкка кабылгандан кийин сен да кайра бутуңа тура аласың

 Эмне үчүн көтөрүмдүү болушуң керек?

  •   Кыйынчылыктардан качып кутулуу мүмкүн эмес. Ыйык Китепте: «Жарышта жеңишке шамдагайлар эле,.. билими барлар эле жете бербейт экен. Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат»,— деп жазылган (Насаатчы 9:11). Мындан эмнени билүүгө болот? Атүгүл жакшы адамдар да, өздөрү себепкер болбосо да, азап чегишет.

  •   Көтөрүмдүү болгонуң өзүңдү коргойт. Орто мектептин бир психологу: «Сабактан начар баа алып калганы үчүн же социалдык тармактардан кимдир бирөөдөн сын пикир укканы үчүн эле буркан-шаркан түшүп кеңсеме келген окуучулар аябай көп болот»,— деп ой бөлүшкөн. Анын айтымында, окуучулардын ушундай орчундуу эместей сезилген көйгөйлөрдү чечүүнү билбегени «акыл-эс, эмоциялык саламаттыгына доо кетириши» a мүмкүн.

  •   Көтөрүмдүү болгонуңдун пайдасы азыр да, кийин да тиет. Ричард Лернер деген психолог мындай деп жазган: «Айрым нерселер ойдогудай болбой калганда, кайрадан мурунку нукка түшүүгө тезинен аракет кылуу, жаңы максаттарды коюу же баштапкы максатка жетиш үчүн башка жолдорду издөө ийгиликке жеткен, ишин натыйжалуу аткарган киши болуп чоңоюуга жардам берет» b.

 Канткенде көтөрүмдүү болууга үйрөнө аласың?

  •   Кыйынчылыктын канчалык орчундуу экенин талда. Чоң көйгөйлөрдү болбогон эле көйгөйлөрдөн ажырата билүүгө үйрөн. Ыйык Китепте: «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат»,— делет (Накыл сөздөр 29:11). Мындан көрүнүп тургандай, ар бир эле көйгөйдү көңүлүңө ала бербешиң керек.

     «Мектептеги балдар болбогон эле нерселерди тоодой кыйынчылыктай көрө беришет. Анан жардам сурап социалдык тармактарга жазышат. Бирок кыйынчылыгы ого бетер чоң болуп көрүнүп, катуу кайгыра башташат. Ошентип, олуттуу кыйынчылык менен анча деле олуттуу эмес кыйынчылыктын айырмасын ажырата албай калышат» (Жоан).

  •   Башкалардан үйрөн. Ыйык Китепте: «Темирди темир курчуткандай, адамды адам курчутат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 27:17). Андыктан оор кыйынчылыкты башынан өткөргөндөрдөн аябай маанилүү нерселерге үйрөнө аласың.

     «Башкалар менен сүйлөшкөндө алардын бир учурда чоң кыйынчылыктар менен күрөшкөнүн, бирок азыр анын баары артта калганын байкайсың. Ошон үчүн алар менен сүйлөшүп, ошондой көйгөйлөргө кабылганда эмне кылганын, эмне кылбаганын билгенге аракет кыл» (Жулиа).

  •   Чыдамдуу бол. Ыйык Китепте: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 24:16). Айрым нерселер сен күткөндөй болбой турганын кабыл алуу үчүн убакыт талап кылынат. Андыктан эгер сен да кыйынчылыктардан улам кайгырып жатсаң, буга таң калбай деле койсоң болот. Баарынан маанилүүсү, кайра бутуңа «туруп», алдыны көздөй кете беришиң керек.

     «Кыйынчылыктан кийин кайрадан алдыга жыла баштаганыңда, жүрөгүңдөгү жара айыгып, сезимдериң жайына келет. Буга убакыт керек. Мен бир нерсени түшүндүм: убакыттын өтүшү менен өзүңдү жакшыраак сезип, кыйынчылыкты оңоюраак көтөрүп калат экенсиң» (Андрэ).

  •   Ыраазы боло бил. Ыйык Китепте: «Ыраазы болгула»,— делет (Колосалыктар 3:15). Сен туш болгон кыйынчылык канчалык оор болбосун, ыраазы боло билгенге дайыма көп себептер бар. Мисалы, жашоодо сени кубанычка бөлөгөн үч нерсе тууралуу ой жүгүртүп көрсөң болот.

     «Башыңа кыйынчылык түшкөндө дароо эле: „Эмнеге?“ — деген суроо туулат. Эгер көтөрүмдүү болсоң, көңүлүңдү көйгөйгө топтой бербей, оң маанай сактайсың. Ошондой эле эмнең бар болсо, эмнелерди кыла алсаң, ошолорго ыраазы болосуң» (Саманта).

  •   Жакшы нерселерге көңүл топто. Элчи Пабыл: «Бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм»,— деп жазган (Филипиликтер 4:11). Ал туш болгон кыйынчылыктар анын өзүнөн көз каранды болгон эмес. Бирок аларды кандай кабыл алары өзүнөн көз каранды болгон. Ал жагдайдын жакшы жагын көрө билген.

     «Көйгөйлөр болгондо, аларды дайыма эле туура кабыл албай турганымды байкадым. Ошондуктан кандай жагдай болбосун, оң маанай сактаганга үйрөнөйүн деп жатам. Мунун өзүмө эле эмес, тегерегимдеги адамдарга да пайдасы тиет» (Мэтью).

  •   Кудайдан тилен. Ыйык Китептен: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— дегенди окуйбуз (Забур 55:22). Тиленүү — тек гана жеңилдеп калуунун жолу эмес. Бул сага чындап «кам көргөн» Жараткан менен сүйлөшүү (1 Петир 5:7).

     «Кыйынчылыктар менен күрөшүүдө жалгыз эмесмин. Кудайдан тиленгенде ичимдегинин баарын ачык айтам. Ошондой эле алып жаткан баталарым үчүн ага ыраазычылык билдирем. Ошонун аркасында терс сезимдерден арылып, Жахабанын мага кантип батасын берип жатканына көңүл топтойм. Тиленүү, чынында эле, аябай маанилүү!» (Карлос).

a Томас Керстингдин «Disconnected» деген китебинен алынды.

b «The Good Teen—Rescuing Adolescence From the Myths of the Storm and Stress Years» деген китептен алынды.