Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Көңүл топтогонду кантип үйрөнсөм болот?

Көңүл топтогонду кантип үйрөнсөм болот?

 Эмне үчүн көңүл топтой албайм?

 «Мурда көп китеп окучумун. Азыр окуганды жаман көрөм. Атүгүл узун абзацтарды окуганда тажап кетем» (Элейн).

 «Видео аябай эле жай болсо, аны батыраак түрдүрүп көрүп салам» (Миранда).

 «Маанилүү иш менен алек болуп жатканда, телефонума билдирүү келсе, ким жазды болду экен деп алаксый берем» (Жейн).

 Заманбап технологиялар көңүл топтогонго тоскоолдук кылабы? Айрымдар ошондой дешет. Жазуучу жана менежмент боюнча кеңешчи Николас Карр мындай дейт: «Интернетти канчалык көп колдонгон сайын, мээбиз ошончолук чаржайыт болот. Себеби мээ маалыматты бат кабыл алып, бат иштетет. Бирок андайда эч нерсеге көңүл топтобойбуз» a.

 Технологиялар көңүл топтогонго кайсы үч нерседе тоскоолдук кыларын карап көрөлү.

  •   Пикирлешкенде. «Атүгүл бетме-бет сүйлөшүп жатканда айрымдар башкаларга билдирүү жаза беришет, оюн ойной беришет же социалдык тармактарды текшере беришет. Маңдайындагы кишини кунт коюп угушпайт»,— дейт Мария деген кыз.

  •   Сабакта. Бир китепте мындай деп жазылган: «Окуучулардын көбү сабак учурунда электрондук каражаттарынан бирөөлөр менен жазышат, Интернеттен ар кандай маалымат окушат же видео көрүшөт. Алар окуган же көргөн маалыматтарынын сабагына эч кандай тиешеси жок» («Digital Kids»).

  •   Тапшырма аткарып жатканда. «Телефонума билдирүү келгенде, кимден келгенин карабай коё албайм»,— дейт 22 жаштагы Крис. Үй тапшырмаңды аткарып жатканда электрондук каражаттарга алаксый берсең, бир сааттык үй тапшырмаңа үч же андан көп саатың кетип калат.

 Жыйынтык. Электрондук каражаттарга алаксый берсең же алар сени башкарып алса, ой топтоо кыйынга турат.

Көңүл топтобосоң, акылың жапайы жылкыдай болуп, сени башкарып алат

 Көңүл топтогонго эмне жардам берет?

  •   Пикирлешкенде. Ыйык Китепте: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деп жазылган (Филипиликтер 2:4). Эгер башкаларды көңүл коюп уксаң, алардын камын ойлооруңду көрсөтөсүң. Бирөө менен сүйлөшүп жатканда аны карап отур. Электрондук каражаттарыңа алаксый бербе.

     «Кимдир бирөө менен пикир алышып жатканда телефонуңду кайра-кайра эле текшере бербе. Кунт коюп уксаң, аны сыйлаарыңды көрсөтөсүң» (Томас).

     КЕҢЕШ. Сүйлөшүп жатканда телефонуңду көзгө урунбагыдай жерге коюп кой. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, телефонуң жаныңда турса, көңүл топтой албайсың. Тез эле алаксый бересиң.

  •   Сабакта. Ыйык Китепте: «Кандай угуп жатканыңарга көңүл бургула»,— делет (Лука 8:18). Бул принципти кантип колдонсоң болот? Эгер мектебиңде сабак учурунда Интернет колдонгонго уруксат берилсе, келген билдирүүлөрдү текшере бербе, оюн ойнобо же кимдир бирөө менен жазыша бербе. Анын ордуна, бүт дитиңди сабагыңа бур.

     «Сабакка жакшылап кулак төшө. Жазып отур. Алаксыбаш үчүн, мүмкүн болсо, алдыңкы катарларга отур» (Карэн).

     КЕҢЕШ. Уккандарыңды терип жазгандан көрө, колго жаз. Ошондо, изилдөөлөр көрсөткөндөй, көп алаксыбайсың, жакшы да эстеп каласың.

  •   Тапшырма аткарып жатканда. Ыйык Китепте: «Акылмандыкка, түшүнүккө ээ бол»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 4:5). Бул терең ой жүгүртүшүң керектигин билдирет. Сынактан өтүш үчүн эле материалды үстүртөн карап койбош керек.

     «Тапшырма кылып жатканда планшетимди автономдук режимге коюп коём. Анан көңүлүмдүн баарын сабагыма бурам. Билдирүүлөр келген сайын, алаксый бербейм. Эгер кайсы бир нерсени эстеп калыш керек болсо, аны жазып алам» (Крис).

     КЕҢЕШ. Сабак окуганга эч нерсеге алаксыбай турган жерди танда. Ал жер таза, тынч болушу керек.

a «The Shallows—What the Internet Is Doing to Our Brains» деген китептен алынды.