Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн ар жеримди кескилеп, өзүмө зыян келтире берем?

Эмне үчүн ар жеримди кескилеп, өзүмө зыян келтире берем?

 Денени кескилөө

 Денени кескилөө адаты барлар көбүнчө денесин кандайдыр бир курч нерсе менен атайлап жабыркатышат. Алар андай ишке эмоциялык абалын жеңилдетиш үчүн барышат. Бирок бул өзүнө-өзү зыян келтирүүнүн бир гана түрү. Кээ бирөөлөр денесин кескилесе, башкалар күйгүзөт же ургулайт. Бул макалада, негизинен, денени кескилөө адаты жөнүндө сөз жүрсө да, бул жерде жазылган принциптер ушу сыяктуу башка адат менен күрөшүп жүргөндөргө да пайдалуу.

 Өзүңдүн түшүнүгүңдү текшерип, төмөндө жазылгандар туурабы же туура эмеспи ойлонуп көр:

  1.   Өзүнүн денесин кескилемей адаты кыздарда гана болот.

  2.   Өз денесин кескилөө Кудайдын: «Өлгөн киши үчүн дене мүчөлөрүңөрдү кескилебегиле»,— деген буйругун бузгандыкка жатат (Лебилер 19:28).

 Туура жообу:

  1.   Туура эмес. Андай адат көбүнчө кыздарда болгону менен, айрым балдардын да өзүн кескилеген же өзүнө дагы башка кандайдыр бир жол менен зыян келтирген учурлары болот.

  2.   Туура эмес. Лебилер 19:28де жазылгандар бул макалада айтылган адатка эмес, байыркы учурдагы бутпарас элдердин үрп-адаттарына тиешелүү. Бирок, кандай болбосун, Жараткан Кудайыбыз биздин өз денебизди жабыркатышыбызды каалабайт (1 Корунттуктар 6:12; 2 Корунттуктар 7:1; 1 Жакан 4:8).

 Себептери

 Айрымдардын өз денесин кескилегенинин себеби эмнеде? Төмөндөгүлөрдүн кайсынысын туура деп эсептейсиң?

  1.   Эмоциялык жактан кыйналып, терс сезимдерин басыш үчүнбү?

  2.   Өзүнүн өмүрүн кыйыш үчүнбү?

 Туура жообу: А. Андай адаты бар адамдардын көпчүлүгү өзүнүн өмүрүн кыюуну каалашпайт. Алар жөн гана жан дүйнөсүн кыйнаган сезимдерден арылгысы келет.

 Ошондой жаштардын айрымдарынын айткандарына көңүл бурсаңар.

 Селиа: «Мен ошенткенимде кадимкидей жеңилдеп калчумун».

 Тамара: «Мага жан дүйнөм ооруп, кыйналганыма караганда денем ооруп, кыйналганым жеңилирээктей сезилчү. Ошон үчүн ошентчүмүн».

 Кэри: «Көңүлүм чөккөндөгү абалымды аябай жаман көрчүмүн. Ошондуктан денемди кескилегенде көңүлүмдүн ооруганынын баары денемдин ооруган жерине ооп, алаксып калчумун».

 Жэрин: «Денемди кескилеген учурларда тегеректе болуп жаткан нерселердин баарын унутуп койчумун, көйгөйлөрүмдү да ойлобой калчумун. Мага ошонусу жакчу».

Адаттан арылуунун жолу

  Мындай адаттан арылууга Жахаба Кудайдан жардам сурап тиленүү чоң жардам берет. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп жазылган (1 Петир 5:7).

 Кеңеш: Алгач Жахаба Кудайдан жардам сурап кыскача эле тиленсең болот. Убакыттын өтүшү менен «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайга» жүрөгүңдө болгон нерсенин баарын төгө аласың (2 Корунттуктар 1:3, 4).

 Тиленүүнү жан дүйнөбүздү убактылуу тынчтандырып коюунун жолу деп эсептебеш керек. Тиленүү — бул: «Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деп убада берген Жараткан Кудай менен сүйлөшүү (Ышая 41:10).

 Ошондой эле денесин кескилөө адаты менен күрөшүп жүргөндөргө ата-энеси же улуураак бирөө менен сүйлөшүү да жардам берет. Ушул кеңештер үч кызга кандайча жардам бергенине токтололу.

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

  •  Жардамга муктаж болуп жатканыңда кимге кайрылсаң болот?

  • Жахаба Кудайга эмне деп кайрылсаң болот?

  • Стресс болгонуңда же бир нерсеге кабатыр болуп, көңүлүң чөккөндө абалыңды (өзүңдүн денеңди жабыркатпай) жеңилдетүүнүн кандай эки жолу бар?