Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Өзүмчө жашаганга даярмынбы?

Өзүмчө жашаганга даярмынбы?

 Үйдөн кетип, өз алдынча жашоо бир чети кызыктуу сезилсе, бир чети коркунучтуу. Өз алдыңча жашаганга даяр экениңди кантип билсең болот?

 Эмне үчүн кеткиң келип жатат?

 Өз алдыңча жашап кетишиңе көп нерсе себеп болушу мүмкүн. Бирок кайсы бир себептерден улам үйдөн кеткениң акылдуулукка жатпай калат. Буга Марио деген жигитти мисал кылсак болот. Ал: «Мен үйдөгү иштерден качкандыктан эле өзүмчө жашагым келген»,— деп мойнуна алат.

 Үйдөн кетсең, тескерисинче, эркиндигиң ого бетер чектелиши мүмкүн. 18 жаштагы Ония мындай дейт: «Үйдөн кеткенден кийин жашаганга ылайыктуу жер табышың, өзүң нан таап жешиң, чыгымдарыңды төлөшүң керек болот. Сага жардам бере калчу ата-энең да жаныңда болбойт».

 Жыйынтык. Өзүнчө жашоого даяр экениңди билиш үчүн, үйдөн эмне үчүн кеткиң келип жатканын аныкта.

 Чыгымдарды эсепте

 Иса Машаяк: «Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» — деген (Лука 14:28). Өз алдыңча жашаганга «канча чыгым кетерин» кантип эсептеп чыксаң болот? Төмөндөгү суроолордун жардамы менен өзүңдү текшерип көр.

  АКЧА КАРМАГАНДЫ БИЛЕСИҢБИ?

 Ыйык Китепте: «Акча... коргойт»,— деп жазылган (Насаатчы 7:12).

  •  Акчаны туура колдонгонду билбейсиңби?

  •  Акча чачканга жакынсыңбы?

  •  Бат-баттан карыз алып, бирөөлөрдүн буюм-тайымын көп сурайсыңбы?

 Эгер ушул суроолордун бирине «ооба» деп жооп берсең, өзүмчө жыргап жашайм деген таттуу кыялың талкаланып, турмуштун ачуу даамын татасың.

 «Байкем 19 жашында үйдөн кеткен. Бир жылдын ичинде эле бүт акчасын түгөтүп, салыктарды төлөбөгөнү үчүн машинесин тарттырып жиберген жана банктар ага насыя бербей койгон. Ошондо кайра үйгө суранып келгенге аргасыз болгон» (Даниэлла).

 Эмне кылсаң болот? Ата-энеңен бир айда, адатта, канча чыгым болорун сура. Алар кандай төлөмдөрдү төлөйт жана акчасын кантип жеткирет? Акчасын кантип чогултушат?

 Жыйынтык. Акча кармаганды азыр үйрөнгөнүң, өзүңчө жашаганда акчага байланыштуу кыйынчылыктарга даяр болгонго жардам берет.

  ӨЗҮҢДҮ ТАРТИПКЕ САЛГАНГА ҮЙРӨНДҮҢБҮ?

 Ыйык Китепте: «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— деп жазылган (Галатиялыктар 6:5).

  •  Бир нерсени убагында кылбай, создуктуруп жүрө бересиңби?

  •  Үй жумуштарын ата-энеңди какшатып жатып аткарасыңбы?

  •  Үйгө ата-энең белгилеген убактан кеч келген учурларың көп болобу?

 Эгер ушул суроолордун бирине «ооба» деп жооп берсең, өзүңчө жашаганда жоопкерчиликтүү болуу ого бетер оор болушу мүмкүн.

 «Ата-энеңен бөлүнүп кеткенде өзүңө жакпаган иштерди да кылууга туура келет. „Кыл“ деп айткан киши жок болгондуктан, өзүң билип эле кылышың жана ошол адатыңа дайыма карманышың керек болот» (Жессика).

 Эмне кылсаң болот? Бир ай бою үйдө мүмкүн болушунча көп иштерди аткарганга аракет кыл. Мисалы, үй жыйнап, кирлериңди жууп, азык-түлүк сатып келип, күнүгө кечки тамакты жасап, идиштерди жууп турсаң болот. Ошондо өзүңчө жашоо кандай болорун түшүнөсүң.

 Жыйынтык. Эч кимге көз каранды болбой жашагың келсе, өзүңдү тартипке салганды үйрөнүшүң зарыл.

Даяр болбой туруп үйдөн кетүү парашютту колдонууну үйрөнбөй учактан секиргенге окшош

  СЕЗИМДЕРИҢДИ БАШКАРА БИЛЕСИҢБИ?

 Ыйык Китепте: «Булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:8).

  •  Сага башкалар менен тил табышуу кыйынбы?

  •  Ачууңду тыя албай калган учурларың болобу?

  •  Баары дайыма эле сен айткандай болушун каалайсыңбы?

 Эгер ушул суроолордун бирине «ооба» деп жооп берсең, башкалар менен же кийин жубайың менен жашаганда, көйгөйлөр болот.

 «Башкалар менен жашаганда кемчиликтерим оркоюп чыгып калды. Стресстин айынан сиркем суу көтөрбөй турганда, башкалар мага чыдашы керек дегеним туура эмес экенин түшүндүм. Ошондуктан стресс болгондо анын менен күрөшүүнүн башкаларга зыян келтирбегидей жолун табышым керек болду» (Хелена).

 Эмне кылсаң болот? Ата-энең, бир туугандарың менен тил табышканды үйрөн. Алардын кемчиликтерине азыр кандай караарыңдан кийин сени менен жашагандардын кемчиликтерине кандай караарың айкын болот.

 Жыйынтык. Өз алдыңча жашоо үйдөгү милдеттерден кутулуунун жолу эмес. Өзүңчө жашоого алдын ала даярданышың керек. Ата-энесинен бөлүнүп, көп кыйналбай жашап жаткандар менен кеңешип көр. Алардан эмнени башкача кылмактыгын жана азыр билгендеринин кайсыларын ошондо билсе жакшы болмоктугун сура. Жашоодо кандай гана маанилүү чечим чыгарба, тажрыйбалуулар менен кеңешкениң акылдуулукка жатат.