Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Электрондук оюндар жөнүндө эмнени билишим керек?

Электрондук оюндар жөнүндө эмнени билишим керек?

 Тест

 Кошмо Штаттарда көңүл ачуу индустриясына электрондук оюндардан миллиарддаган долларлар түшөт.

  1.   Электрондук оюндарды ойногондордун орточо жашы канча?

    1.   18

    2.   30

  2.   Электрондук оюндарды ойногондордун канча пайызын балдар, канча пайызын кыздар түзөт?

    1.   55 пайызын балдар; 45 пайызын кыздар

    2.   15 пайызын балдар; 85 пайызын кыздар

  3.   Электрондук оюндарды ойногондордун көбүн кимдер түзөт?

    1.   18 жана андан жогорку жаштагы кыздар

    2.   17 жана ага чейинки жаштагы балдар

 Жообу (2013-жылкы статистикага негизделди):

  1.   Б. 30.

  2.   A. Электрондук оюндарды ойногондордун дээрлик жарымын, 45 пайызын, кыздар түзөт.

  3.   A. 31 пайызын 18 жана андан жогорку жаштагы кыздар, ал эми 19 пайызын 17 жана ага чейинки жаштагы балдар түзөт.

 Бул статистикадан электрондук оюндарды кимдер көбүрөөк ойнорун биле аласың. Бирок андай оюндардын сага кандай таасир этерин биле албайсың.

 Жакшы жагы

 Электрондук оюндарга байланыштуу төмөндө айтылгандардын кайсынысына кошуласың?

  •  «Досторуң, үйүңдөгүлөрүң менен ойногон аябай кызыктуу, алар менен жакын да болуп каласың» (Ирен).

  •  «Кадимки жашоодон алыстап, өзүнчө бир дүйнөгө барып келгендей болосуң» (Анетт).

  •  «Реакцияңды тездеткенге жардам берет» (Кристофер).

  •  «Көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмүң өрчүйт» (Эмми).

  •  «Мээңди иштетет: тез ойлонгонго, пландаштырганга, жагдайдан чыгуу жолун табууга үйрөтөт» (Энтони).

  •  «Кээ бир оюндар башкалар менен чогуу иш алпарууга үйрөтөт» (Томас).

  •  «Айрым оюндар көнүгүү жасап, фигураны сактаганга жардам берет» (Жоел).

 Ушул айтылгандардын айрымдарына кошуласыңбы? Же баарынабы? Ооба, видеооюндар мээге, ден соолукка пайдалуу болушу мүмкүн. Кээ бир оюндарды убакыт өткөрүш үчүн ойнойсуң же, Анетт айткандай, алар кадимки жашоодон алыстатып, өзүнчө бир дүйнөгө алып кетет, бирок мунун жаман деле жери жок.

 ● Ыйык Китепте «асман астындагы ар бир иштин», анын ичинде көңүл ачуунун да «өз убагы бар» экени айтылат (Насаатчы 3:1—4).

 Жаман жагы

 Электрондук оюндар убактыңды уурдап жаткан жокпу?

 «Оюнду баштадым дегиче, өзүмдү токтото албай калам. „Эми бир жолу“,— деп жатып бир нече саат кантип өтүп кеткенин байкабай калам. Ошентип бир топ убактым короп кетет» (Анетт).

 «Видеооюндар убактыңды сорот. Бир нече саат бою ойноп, беш оюндан жеңүүчү болуп чыгасың да, өзүңдү тоону омкоргондой сезип каласың, бирок чынында кыйраткан деле эч нерсе кылган жоксуң» (Серена).

 Жыйынтык: Эгер акчаңды коротуп салсаң, кайра эле топтоп алсаң болот. Ал эми убакытты анте албайсың. Андыктан убакытты акчадан да баалуу деп айтууга болот. Ошон үчүн убактыңды текке кетирбе!

 ● Ыйык Китеп бизди «убакытты пайдалана билип,.. акылмандык менен» иш кылууга чакырат (Колосалыктар 4:5).

 Электрондук оюндар ой жүгүртүүңө таасир этип жаткан жокпу?

 «Видеооюндарда жашоодо кылсаң, түрмөгө камала турган же өлүм жазасына тартыла турган кылмыштарды ойлонбой эле кыла бересиң» (Сет).

 «Көптөгөн оюндарда максатыңа жетиш үчүн душмандарыңды жок кылышың керек болот. Көп учурда аларды мыкаачылык менен өлтүрүп жок кыласың» (Анетт).

 «Кээде досуң менен ойноп жатып өзүң байкабай эле „Карап тур, азыр жайлайм сени!“ же „Ме сага, ме сага, өл!“ деген сөздөрдү айта баштайсың» (Натан).

 Жыйынтык: Кудай жек көргөн иштерге, мисалы, зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык жана сыйкырчылык кылууга түртө турган оюндардан алыс бол (Галатиялыктар 5:19—21; Эфестиктер 5:10; 1 Жакан 2:15, 16).

 ● Ыйык Китепте Жахабанын зордук-зомбулук кылгандарды эле эмес, «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү» да жек көрөрү айтылган (Забур 11:5). Сен тандаган электрондук оюндар сенин кийин кандай адам болоруңду эмес, азыр кандай адам экениңди көрсөтүп коёт.

 Ойлонуп көр: Бир китепке ылайык, балдарга зордук-зомбулукту телевизордон көргөнгө караганда, видеооюндардан көргөн көбүрөөк таасир этет. Анткени алар телевизордон мыкаачылыкты жөн эле карап отурса, видеооюндардан мыкаачылык менен жасалган иштерди өздөрү кылышат. Мындайча айтканда, ал оюндар балдарды зордук-зомбулукка үйрөткөн окутуучу сыяктуу эле болуп калат («Getting to Calm») (Салыштыр: Ышая 2:4).

 Туура көз караш

 Көптөгөн жаштар электрондук оюндарга карата туура көз карашта болууга үйрөнүшкөн. Буга байланыштуу эки мисалга токтололу.

 «Мен мурда түн жарымга чейин ойноп отура берчүмүн. Өзүмдү: „Беш саат уктасам эле уйкум канып калат. Эми бир жолу ойноп алайын“,— деп алдай берчүмүн. Бирок азыр мурункудай болуп баш-отум менен берилип кетпейм. Кээде тек гана көңүл ачыш үчүн ойноп коём. Бирок чектен чыкпаганга аракет кылам. Негизи, ар бир нерседе тең салмактуу болгон жакшы экен» (Жозеф).

 «Электрондук оюндарды азыраак ойноп калгандыктан, бош убактым көбүрөөк болуп калды! Ошонун аркасында кызматымды жакшырта алдым, ишенимдештериме көбүрөөк көңүл буруп калдым, атүгүл музыкалык аспапта ойногонду үйрөндүм. Көрсө, андан башка толтура кызыктуу нерселер бар экен да!» (Давид).

 ● Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылгандардын «бардык нерсенин чегин билиши» керектиги айтылган (1 Тиметей 3:2, 11). Андай адамдар көңүл ачкандан ыракат алат, бирок өздөрүн башкара билгендиктен чектен чыгып кетпейт (Эфестиктер 5:10).

 Жыйынтык: Эгерде электрондук оюндарды ойноодо чектен чыкпасак, мындай оюндар кубаныч тартуулайт. Видеооюндарга убактыңды алышына, жашоодогу маанилүү нерселерден алаксытышына жол бербе. Күчүңдү оюндагы болбогон бир максатка жетүүгө жумшагандан көрө, кадимки жашоодогу арзырлык максаттарга жетүүгө жумшаганың алда канча жакшы эмеспи?