Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мамилебиз токтогондон кийин эмне кылсам болот?

Мамилебиз токтогондон кийин эмне кылсам болот?

 «Сүйлөшкөн кызым менен мамилем токтогондо, аябай жаман болгом. Өмүрүмдө эч качан антип кыйналган эмесмин» (Стивен).

 Сен да башыңан ушундай нерсени өткөрүп, кыйналдың беле? Эгер ошондой болсо, бул макаладан эң сонун кеңештерди таба аласың.

 Сезимдериң

 Кыз-жигит мамилесин токтоткондо экөө тең кыйналат.

  •  Мамилени токтотууну сен чечкен болсоң, балким, Жасминдин айткандарына кошулат болушуң керек. Ал мындай дейт: «Мурун жактырып жүргөн кишинин жүрөгүн оорутуп койгонумду ойлоп, аябай кыйналдым. Мындайдын кайталанышын каалабайт болчумун».

  •   Мамилени токтотууну сен чечкен эмес болсоң, андай учурда кайгыдан улам бүк түшүп калган адамдардын сезимин жакшы түшүнөт болушуң керек. Мындайды башынан өткөргөн Жанет: «Өзүмө келгенче бир жылдай убакыт кетти. Бирок ага чейин мамилеңердин үзүлгөнүн кабыл алгың келбейт, ачууланасың, себебин аныкташ үчүн аны менен сүйлөшкөнгө аракет кыласың, көңүлүң чөгөт, анан эң акырында моюн сунасың»,— дейт.

 Жыйынтык. Мамиле токтогондо жүрөгүң ооруп, аябай капаланасың. Сулайман пайгамбар: «Жараланган рух сөөктү кургатат»,— деген (Накыл сөздөр 17:22).

 Эмне кылсаң болот?

  •  Өзүң ишенген, жетилген бирөө менен сүйлөш. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 17:17). Ичиңдегини ата-энеңе же жетилген досуңа айтсаң, кадимкидей жеңилдеп каласың.

     «Бир нече ай элден обочолонуп, ичимдегини эч кимге айтпай жүрдүм. Бирок досторум жараланган жүрөгүмдүн айыгышына жардам беришти. Аларга айтпай жүрө берсем, дагы эле кыйналып жүрө бермек экенмин» (Жанет).

  •  Өткөндөн сабак ал. Сулайман пайгамбар: «Акылмандыкка, түшүнүккө ээ бол»,— деген (Накыл сөздөр 4:5). Жагымсыз окуялардан кийин өзүңдү жакшыраак билип, көйгөйлөрдү кантип чечсе болоруна үйрөнөсүң.

     «Сүйлөшкөн кызым менен болгон мамилем токтогондон кийин бир досум: „Мындан кандай сабак алдың? Келечекте кимдир бирөө менен сүйлөшүп калсаң, эмнелерди эске алат элең?“ — деп сурады» (Стивен).

  •  Тилен. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт»,— деп жазылган (Забур 55:22). Тиленүү кайгыңды көтөргөнгө жана туура көз карашта болгонго көмөк кылат.

     «Дайыма тилен. Жахаба сенин канчалык кыйналып жатканыңды билет. Ал сени өзүңдөн да жакшы түшүнөт» (Марсиа).

  •  Башкаларга жардам бер. Ыйык Жазмада: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— делет (Филипиликтер 2:4). Башкаларга канчалык көбүрөөк жардам берсең, жүрөктү ооруткан сезимдерден эртерээк арыласың.

     «Мамилеңер токтогондо, жашооң бүтүп калгандай сезилет. Жан дүйнөңдүн ооруганы дене-боюңдун ооруганынан алда канча күчтүү болот. Бирок андан айыга аласың. Болгону убакыт керек» (Эвелин).