Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Акчамды кантип туура колдоно алам?

Акчамды кантип туура колдоно алам?

 «Жакында эле бир дүкөнгө жөн эле көргөнү баргам. Ал жактан кымбат бир буюмду көрүп калдым. Аны алайын деген деле оюм жок болчу» (Колин).

 Колин акчаны туура колдонуу жагынан көйгөйү бар экенин мойнуна алат. Сен да ушундай көйгөйгө туш болуп жаткан жоксуңбу? Эгер ошондой болсо, анда бул макаладагы кеңештер сага жардам берет.

 Эмне үчүн акчаны туура колдонуу маанилүү?

 Жаңылыш ой. Акчаны кантип колдонуп жатканыңа өтө эле көп тынчсыздана берсең, өзүңдү чектеп койгон болосуң.

 Чындык. Акчаны туура колдонсоң, тескерисинче, көбүрөөк эркиндикке ээ болосуң. Бир китепте: «Акчаны туура колдонуу жөнүндө канчалык көп билсең, азыр да, келечекте да каалаган нерсеңди сатып алганга көбүрөөк акчаң болот»,— деп жазылган («I’m Broke! The Money Handbook»).

 Ойлонуп көр. Акчаны туура колдонсоң...

  •   Керектүү маалда жаныңда дайыма акча болот. «Түштүк Америкага барып келсем деген оюм бар. Ушул максатымды эсимде бек сактап, акча топтогонго аракет кылып жатам»,— дейт Инез деген өспүрүм кыз.

  •   Карыздарың аз болот же такыр болбойт. Ыйык Китепте: «Карыздар — карыз бергендин кулу»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 22:7). Анна деген кыз буга толугу менен кошулат. Ал: «Карыз сени сазга батырат. Карызың жок болсо, максаттарыңа көңүл топтоп жашайсың»,— дейт.

  •   Жетилген киши экениңди көрсөтөсүң. Акчаны туура колдонсоң, келечекке жакшы даярдык көрө аласың. 20 жаштагы Жин мындай деп ой бөлүшөт: «Ата-энеңен бөлүнө турган маалга чейин акчаны туура колдонгонду үйрөнүп алган жакшы. Кийин акчаны колдонууга жоопкерчиликтүү караш үчүн азыр эле ошондой болууга аракет кылып атам».

 Жыйынтык. «Акчаны туура колдонууга үйрөнсөң, эч кимден көз каранды болбой жашоого алгачкы кадам таштайсың. Акчаны үнөмдүү колдонууну өнөр десек болот. Ал сага өмүр бою керек болот»,— деп жазылган бир китепте («The Complete Guide to Personal Finance: For Teenagers and College Students»)

 Муну кантип кылса болот?

 Алсыз жактарыңды аныктап ал. Дайыма эле акчаң түгөнүп калып жатса, анда алардын каякка кетип жатканын аныкта. Айрымдар Интернеттен бир нерселерди сатып ала берип, акчасын түгөтүшөт. Башкалар акчасын майда-чүйдө нерселерге корото берип, айдын аягында бир да тыйыны калбай калат.

 «Акчаң билинбей эле күн сайын кете берет. Кимдир бирөөлөргө анча-мынча белек бересиң, кофе алып ичесиң, арзандатылып сатылып жаткан дүкөндөрдөн ашык-баш бирдемелерди сатып аласың. Анан эле жүздөгөн доллар каякка кетти деп отуруп каласың» (Хейли).

 Бюджет түзүп ал. Ыйык Китепте: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 21:5). Бюджет түзүп алсаң, чыгашаларың кирешеңен ашпайт.

 «Чыгашаң кирешеңен көп болуп жатса, акчаңдын эмнеге кетип жатканын аныктап, кереги жок нерселерди алба. Акчаңды көп коротпош үчүн алышың керек болгон нерселердин тизмесин кыскарт» (Даниелла).

 Мындай кылып көр. Акчаны чогултуунун жана кереги жок нерселерден баш тартуунун көп жолу бар. Айрым жаштар төмөнкүдөй кылуу пайдалуу экенин айтышкан.

  •  «Мен акчамды банкка салып коём. Мунун аркасында аны коротууга көп азгырылбайм» (Дэвид).

  •  «Дүкөнгө барарда жаныма чектелүү эле суммадагы акча алып алам. Ошентип, көп акча коротпойм» (Элен).

  •  «Бир нерсени дароо эле сатып албай, бир аз күтөм. Канчалык көбүрөөк күткөн сайын анын мага кереги барбы, жокпу, билинип калат» (Жесия).

  •  «Чакырылган жердин баарына эле бара бербейм. Акчаң жок болсо, “жок” деп коюунун жаман жери жок» (Женифер).

 Жыйынтык. Акчаны туура колдонуу — абдан чоң жоопкерчилик. Макаланын башында айтылган Колин буга кошулат. Ал мындай дейт: «Бир күнү үйлөнүп, үй-бүлө башчысы болом. Ошондо акчаны оңго-солго чача бергеним туура эмес болуп калмак. Азыр бойдок кезимде акча кармаганды билбесем, кийин үйлөнгөндө көп көйгөйлөргө туш болорум турган иш».

Кеңеш. «Кимдир бирөөгө түзүп алган бюджетиң тууралуу айтып, сени бат-баттан текшерип турушун суран. Бирөөнүн алдында жооп берериңди билүүнүн пайдасы аябай чоң» (Ванесса).