Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жыныстык мамилеге болгон көз карашымды кантип түшүндүрсөм болот?

Жыныстык мамилеге болгон көз карашымды кантип түшүндүрсөм болот?

«Сен чын эле эч ким менен болуп көрө элексиңби?!»

Башкалардын ушундай суроосуна оңтойсузданбай, кайра, сыймыктанып, ишенимдүү жооп берүүнү каалайт белең? Анда бул макаладагы кеңештерди колдонсоң болот.

 Таза деп кимди айтууга болот?

 Адатта, таза деп эч ким менен жыныстык катнашта болбогондорду айтышат.

 Бирок жыныстык мамилелер жыныстык катнаш менен эле чектелеби? Айрымдар барып турган адеп-ахлаксыз иштерди кылышат, бирок жыныстык катнашта болбогондуктан өздөрүн «таза» деп эсептешет.

 Анткен менен жыныстык мамилеге оралдык секс, аналдык секс, башка бирөөнүн жыныстык мүчөсүн кармалоо сыяктуу нерселер да кирет.

 Жыйынтык: Чындап таза деп жогоруда айтылып өткөн иштердин бирине да барбагандарды айтууга болот.

Ыйык Китепте жыныстык мамиле тууралуу эмне деп айтылат?

  Ыйык Китепте жыныстык мамиле жубайлардын ортосунда гана болушу керектиги айтылат (Накыл сөздөр 5:18). Андыктан Кудайга жагууну көздөгөн адам никеге чейин эч ким менен жыныстык мамиледе болбошу керек (1 Тесалоникалыктар 4:3—5).

 Айрымдар Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормалары эскирип калган, азыркы өнүккөн замандын талабына ылайык келбейт деп айтышат. Бирок бардык жагынан өнүгүп жаткан так ушул азыркы дүйнөдө ажырашкандардын, күтүүсүз кош бойлуу болуп калгандардын, жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө. Анда бул дүйнөнүн адеп-ахлак нормаларын туура деп айтууга болобу? (1 Жакан 2:15—17).

 Ушулар тууралуу ойлонгондо Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларын баалап каласың. Мисалга сага кимдир бирөө 1 000 доллар берди дейли. Сен ал акчаны көрүнгөн кишинин баарына берип таратып салат белең?

 Сенин тазалыгыңды да абдан баалуу нерсеге салыштырса болот. 14 жаштагы Сьерра деген бир кыз мындай дейт: «Бир нече жылдан кийин атүгүл атын да эстей албай кала турган бирөөнүн айынан тазалыгыман айрылып калгым келбейт». 17 жаштагы Тэмми деген бир кыз да: «Жыныстык мамиле — бул баалуу белек. Аны башкаларга тебелетип-тепсеткенге болбойт»,— деген.

 Жыйынтык: Кудайдын талабы боюнча, турмуш кура электер жыныстык мамиледе болбошу керек жана өздөрүн жыныстык адеп-ахлактык жактан таза сакташы кажет (1 Корунттуктар 6:18; 7:8, 9).

Сен кандай көз караштасың?

  •    Сенин оюңча, Ыйык Китептеги талаптар акылга сыярлыкпы же өтө эле катуу коюлган талаптарбы?

  •   Бири-бирин сүйгөн адамдардын жыныстык мамиледе болгонунун эч деле жаман жери жок деп эсептейсиңби?

 Баарын талдап, таразалап көргөндөн кийин көптөгөн жаштар адеп-ахлактык тазалыкты сактоо акылдуулукка жатарын түшүнүшкөн. Ушундай бүтүм чыгарганы үчүн алар эч өкүнүшпөйт, өздөрүн бир нерседен кур калып жаткандай да сезишпейт. Алардын айрымдарынын эмне деп айтканына көңүл бурсаң.

  •  «Мен эч ким менен жыныстык мамиледе болбогонума сүйүнөм. Адамды азапка салып, анын ден соолугун да, жан дүйнөсүн да жабырката турган нерседен качканымдын эмнеси жаман?» (Эмили).

  •  «Улам бирөө менен жыныстык мамиледе болуп, жүрөгүмдү жаралабаганыма, жыныстык жол менен жугуучу ооруну жугузуп алган жокмунбу деген коркунучтун эмне экенин такыр билбегениме аябай сүйүнөм» (Элайн).

  •  «Мен курдуу жана менден улуураак кээ бир кыздардын өз намысын сактап, никеге турганга чейин күтө турушса болмоктугун айтып, өкүнүшкөнүн угуп калам. Мен алардын катасын кайталагым келбейт» (Вера).

  •  «Мен тазалыгынан кечип койгонунун же көптөр менен жыныстык мамиледе болгонунун айынан жүрөгүндө так калган көп жаштарды көргөм. Менимче, алар өз бактысына өздөрү балта чабышты» (Дианн).

 Жыйынтык: Өзүңдүн жыныстык мамилеге карата кандай көз карашка карманарыңды, башкалардын кысымына же азгырыгына туш болгонго чейин эле, алдын ала аныктап, чечип ал (Жакып 1:14, 15).

Башкаларга эмне деп түшүндүрсө болот?

  Кимдир бирөө жыныстык мамилелерге карата кандай ойдо экениңди билгиси келип, суроо берсе, эмне деп жооп бересиң? Көп нерсе жагдай-шартка байланыштуу.

 «Эгер кимдир бирөө мага атайылап тийишип сурап жатса жана анын оюнун баары эле ошол экенин билсем, ага убактымды коротуп түшүндүрүп отурбай эле: „Ал сенин ишиң эмес“,— дейм да, кетип калам» (Коринн).

 «Мектептеги кээ бир балдар башкаларга тийишип, шылдыңдаганды жакшы көрүшөт. Алар ушу жөнүндө ушундай ой менен сурашканда, эч нерсе деп жооп бербей койчумун» (Дейвид).

 Билесиңби? Кээде Иса Машаяк да аны шылдыңдагандарга эч нерсе деп жооп бербей койчу (Матай 26:62, 63).

 Бирок кимдир бирөө сенин оюңду чындап эле билгиси келип жатсачы? Эгер ал адамдын Ыйык Китепке ишенерин билсең, никеге чейинки жыныстык мамиледе болгондор «өз денесине каршы күнөө кылары», тагыраак айтканда, өзүнө зыян алып келери тууралуу жазылган аятты, 1 Корунттуктар 6:18ди, окуп берсең болот.

 Ыйык Китептин өзүнөн окуп бересиңби, жокпу, көз карашыңды ишенимдүү түрдө айтканың маанилүү. Сенин өзүңдү адеп-ахлактык жактан таза сактаганга умтулуп жатканың уяла турган эмес, сыймыктана турган нерсе экенин унутпа! (1 Петир 3:16).

 «Эгер ишенимдүү сүйлөсөң, өзүң ишенген нерселерге шектенбей турганыңды жана жаман ишке бирөө айткан үчүн эмес, өзүң туура эмес деп эсептегениң үчүн барбай турганыңды көрсөтөсүң» (Жилл).

 Жыйынтык: Жыныстык мамилеге болгон көз карашыңдын тууралыгына шектенбесең, аны башкаларга оңой эле түшүндүрүп бере аласың. Башкалардын сен жөнүндөгү ою таптакыр сен күтпөгөндөй болушу мүмкүн. «Жумуштагылар мени адеп-ахлактык бийик нормаларга карманганым үчүн макташат,— дейт 21 жаштагы Мелинда деген бир кыз.— Андай тазалыкты алар бир кызыктай нерсе катары көрүшпөйт, кайра, бул адамдын өзүн-өзү башкара билгенинин жана өзүн сыйлаганынын белгиси деп эсептешет».

 Кеңеш: Жыныстык мамилеге болгон көз карашыңа бекем карманууга жардам бере турган «Жыныстык мамилеге болгон көз карашыңды кантип түшүндүрсөң болот?» деген планды жүктөп ал. Ошондой эле «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептеги төмөнкү бөлүмдөрдү окуп көр:

  •    «Жыныстык катнаш мамилебизди жакшыртабы?» (1-том, 24-бөлүм)

  •    «Үй-бүлө курганга чейин күтүш керекпи?» (2-том, 5-бөлүм)

 «Мага „Жаштардын суроолору“ деген китептеги ойлор аябай жагат. Мисалы, 1-томдун 187-бетинде никеге чейин жыныстык мамиледе болуу аябай кымбат баадагы шуруну бекер эле берип салганга тете болуп калмактыгы айтылган. Демек, эгер ошондой ишке барсаң, өзүңдүн „бааңды“ өзүң төмөндөтүп коёсуң. 177-бетте болсо никеге чейин жыныстык катнашта болуу кооз сүрөттү босогого төшөп койгонго барабар болмоктугу айтылган. Бирок мага баарынан 2-томдун 54-бетиндеги сүрөт жагат. Ал сүрөттүн жанында: „Никеге чейин жыныстык мамиледе болуу сага деген белекти бериле электе эле ачып салганга барабар“,— деп жазылган. Чынында эле, ошондой кылуу башка бирөөгө — болочок жарыңа — таандык нерсени уурдап алгандай эле болуп калмак» (Виктория).