Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Чөмүлүшүм керекпи? (3-бөлүк) Мага эмне тоскоолдук кылып жатат?

Чөмүлүшүм керекпи? (3-бөлүк) Мага эмне тоскоолдук кылып жатат?

 Өмүрүңдү Жахабага арноо жана чөмүлүү жөнүндө ойлоно баштаганда эле жүрөгүң дүкүлдөй баштайбы? Ошондой болсо, бул макаладагы ойлор коркунучту жеңгенге жардам берет.

Бул макалада:

 Чөмүлгөндөн кийин олуттуу күнөө кетирип алсамчы?

 Тынчсызданууга себеп: Балким кимдир бирөөнүн туура эмес иш кылып, жыйналыштан чыгарылып калганын билеттирсиң (1 Корунттуктар 5:11—13). Ошондон улам: «Мен да ушундай болуп калсам, эмне болот?» — деп тынчсызданаттырсың.

 «Чөмүлүү жөнүндө ойлогондо эле жүрөгүм түшө берчү. Чоң күнөө кылып алып ата-энемдин жүрөгүн оорутамбы деп коркчумун» (Ребека).

 Ыйык Китепте эмне делет? «Ыймансыз өз жолун... таштасын, Жахаба Кудайыбызга кайрылып келсин. Анткени ал кайрымдуулук кылат, айкөлдүк менен кечирет» (Ышая 55:7).

 Ойлонуп көр: Албетте, өкүнбөгөндөрдүн жыйналыштан чыгарылары чын. Бирок алар момундук менен чын жүрөктөн өкүнүп, оңолгонго аракет кылса, Жахаба аларга ырайым кылат (Забур 103:13, 14; 2 Корунттуктар 7:11).

 Бирок бир нерсени унутпа: жеткилеңсиз болсоң да, Кудайдын жардамы менен азгырыктарга каршы тура аласың (1 Корунттуктар 10:13). Анын үстүнө, кандай иш кыларыңа ким жооптуу? Өзүңбү же башка бирөөбү?

 «Мен чөмүлгөндөн кийин олуттуу күнөө кетирип алам деп корко берчүмүн. Бирок ойлонуп көрсөм, чөмүлбөй жүргөнүмдүн өзү эле чоң ката болуп калмак экен. Эртең эмне болот деп ойлоно берүү бүгүн чыгарышым керек болгон чечимдерге тоскоолдук кыларын түшүндүм» (Карэн).

 Жыйынтык: Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүндөй эле, сен да олуттуу күнөө кылуудан кача аласың. Баары сенин колуңда! (Филипиликтер 2:12).

 Жардам: «Канткенде азгырыкка каршы тура алам?» деген макаланы кара.

 Чөмүлгөндөн кийинки жоопкерчиликтерден коркуп жатсамчы?

 Тынчсызданууга себеп: Балким, сен Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн үй-бүлөсүн, досторун калтырып, башка жакка көчүп барган жаштарды билеттирсиң. Ошондуктан башкалар сенден да ушуну күтөт деп тынчсызданаттырсың.

 «Негизи, чөмүлүү Жахабага кызмат кылганга эшиктерди кенен ачат. Бирок айрымдар буга даяр эмес же жагдай-шарты жол бербейт» (Мари).

 Ыйык Китепте эмне делет? «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).

 Ойлонуп көр: Өзүңдү башкаларга салыштыргандын ордуна, Марк 12:30дагы: «Жахаба Кудайды бүт жүрөгүң менен сүй»,— деген сөздөргө көңүл топто.

 Байкасаң, сен Жахабага башка бирөөнүн эмес, өзүңдүн бүт жүрөгүң менен кызмат кылышың керек. Эгер Жахабаны чындап сүйсөң, ага эң жакшыңды берип, кызмат кылуунун жолдорун табасың.

 «Албетте, чөмүлүү бул олуттуу кадам, бирок оор жүк эмес. Жакшы досторду тандасаң, алар сага түз жолдо жүргөнгө жардам берет. Көбүрөөк жоопкерчиликтерге бара-бара умтула бергениңдин аркасында бактылуураак болосуң. Ал эми чөмүлбөй жүрө берсең, өзүңө өзүң эле зыян келтиресиң» (Юлия).

 Жыйынтык: Жахабанын сага көрсөтүп жаткан сүйүүсүнө ыраазычылыгыңды арттыра бер. Бул сага ага эң мыктысын бергенге түрткү берет (1 Жакан 4:19).

 Жардам: «Канчалык жоопкерчиликтүүмүн?» деген макаланы кара.

 Жахабага кызмат кылууга өзүмдү татыксыз сезип жатсамчы?

 Тынчсызданууга себеп: Жахаба — ааламдын Эгедери. Адамдар ага салыштырмалуу кумдун бүртүгүндөй эле болуп калат. Андыктан: «Жахаба менин бар-жогума деле маани бербейт»,— деп ойлошуң мүмкүн.

 «Ата-энем Жахабанын Күбөсү болгондуктан Жахаба менен жеке мамилем өрчүгөн эмес, ошон үчүн Жахаба жеке мага көңүл бурбайт деле болуш керек деп ойлой берчүмүн» (Натали).

 Ыйык Китепте эмне делет? «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт» (Жакан 6:44).

 Ойлонуп көр: Чөмүлүү жөнүндө ойлонгонуңдун өзү эле Жахабанын сени менен дос болуш үчүн өзүнө жакындатып жатканын көрсөтүп турат. Анын чакырыгын кабыл алгың келеби?

 Дагы бир нерсени унутпа: Жахаба менен ким дос болорун сен же башка бирөө эмес, ал өзү чечет. Анын Сөзү бизди: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп ынандырат (Жакып 4:8).

 «Жахабаны билгениңдин, ал сени өзүнө жакындаткандын өзү эле, анын сени жакшы көрөрүн көрсөтүп турат. Андыктан Жахабага кызмат кылууга татыксызмын деген ойлор келсе, анын сен жөнүндө антип ойлобой турганын унутпа. Ал эми Жахаба эч качан жаңылбайт» (Селина).

 Жыйынтык: Эгер Ыйык Китептеги чөмүлүүгө байланыштуу коюлган талаптарга жооп берсең, демек, сен Жахабага кызмат кылууга жарактуусуң. Анын үстүнө, Жахаба биздин ага кызмат кылышыбызга татыктуу (Аян 4:11).

 Жардам: «Эмне үчүн тиленишим керек?» деген макаланы кара.