Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Өзүмдү башкалардан бөлүнүп калгандай сезбеш үчүн эмне кылсам болот?

Өзүмдү башкалардан бөлүнүп калгандай сезбеш үчүн эмне кылсам болот?

 «Башкалардан айырмаланбашың керек, антпесең досторуң да, жашооң да, келечегиң да жок болот. Жалгыз каласың, сени менен эч кимдин иши болбойт» (Карл).

 Бул көбүртүп-жабыртылып айтылган сөзбү? Балким. Ошентсе да көптөр Карл сүрөттөгөн жагдайга кабылбаш үчүн баарын кылышат. Сен да ошентесиңби? Бул макалада досторду табуунун туура жолу көрсөтүлөт.

 Адамдар эмне үчүн башкаларга жаккысы келет?

  •   Бөлүнүп калгысы келбейт. «Бир жолу социалдык тармактардан досторумдун эс алып жүргөндө түшкөн сүрөттөрүн көргөм. Ошондо аларга жакпагандай эмне кылдым экен деген ой такыр кетпей, аябай жаман болгом» (Натали).

     ОЙЛОНУП КӨР: Досторуңдан бөлүнүп калгандай сезимде болдуң беле? Алар сени өздөрүнө кошушу үчүн эмне кылдың эле?

  •   Айырмалангысы келбейт. «Ата-энем чөнтөк телефон алганга уруксат бербейт. Балдар-кыздар номурумду сурап калганда, телефонум жок десем, алар: ”Эмне? Канчага чыктың?” — дешет. 13кө чыкканымды айтсам, бир байкуштай көрүшөт» (Мэри).

     ОЙЛОНУП КӨР: Ата-энеңдин кайсы жактан чектегени башкалардан айырмаланып жаткандай сезимде болушуңа себеп болушу мүмкүн? Ага кандай карайсың?

  •   Кордук көргүсү келбейт. «Мектептеги балдар-кыздар башкача жүргөн, башкача сүйлөгөн, ал тургай, башкача сыйынгандарды жактырышпайт. Алардан айырмаландың дегиче, шылдыңдап, кордук көрсөтүп, артыңан сая түшүп алышат» (Оливия).

     ОЙЛОНУП КӨР: Айырмаланып турганың үчүн башкалардын жаман мамилесине дуушар болдуң беле? Андайда эмне кылдың эле?

  •   Досторунан айрылгысы келбейт. «Кимдердин арасында болсом, ошолорго окшошконго аракет кылчумун. Таптакыр башкача сүйлөп калчумун. Күлкүлүү болбосо деле күлө берчүмүн. Бирөөнү шылдыңдап күлүп жатышса, ал жаман болорун билсем деле, аларга кошулуп шылдыңдай берчүмүн» (Рейчел).

     ОЙЛОНУП КӨР: Сен үчүн теңтуштарыңа жагуу канчалык маанилүү? Алардай болуш үчүн башкача сүйлөп же өзүңдү башкача алып жүргөн учурларың болду беле?

 Эмнелерди билишиң керек?

  •   Башкаларга жагыш үчүн аларды туурай берсең, тескерисинче, жакпайсың. Эмне үчүн? Анткени алар эки жүздүүлөнүп жатканыңды байкап коюшат. «Классташтарыма калп эле жагалданып жатканым жакчу эмес,— дейт 20 жаштагы Брайн.— Андыктан кандай болсоң, ошондой болгондон өтөрү жок экенин түшүндүм. Себеби башкалар жагалданып жатканыңды түз эле айтат».

     ТУУРА ЖОЛУ: Сен үчүн баарынан эмне маанилүү экени тууралуу ой жүгүрт. Ыйык Китепте: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деп айтылат (Филипиликтер 1:10). Ошо себептен: «Баалуулуктары менен ой жүгүртүүсү айырмалангандарга жакканга умтулганым маанилүүбү же кандай болсом, ошондой жүргөнүм маанилүүбү?» — деп ойлонуп көр.

     «Бирөөлөрдү туурагандын эч пайдасы жок. Антүү менен башкаларга жага албайсың, жакшы адам деле болуп кетпейсиң» (Жеймс).

  •   Башкаларга жагууга умтулуу адамдык касиетиңди төмөндөтөт. Бул сенин «кошоматчы» деген атка конушуңа алып келет. Андай адам өзүн башкалар каалагандай алып жүрөт. «Бирөөлөргө жагыш үчүн, аброюм түшкөнүнө карабай, бүт баарын кылчумун,— дейт Жереми деген жигит.— Ошондон улам алар мени башкарып алып, каалагандай калчашчу».

     ТУУРА ЖОЛУ: Тегерек-четке ылайык түсүн өзгөртө берген хамелеондой болбой, баалуулуктарыңды аныктап алып, аларга ылайык жаша. Ыйык Китепте: «Көпчүлүктү ээрчип жаман ишке барба»,— деп бекеринен айтылган эмес (Чыгуу 23:2).

     «Аларга жаккан музыканы, оюндарды, кийимдерди, көңүл ачууларды жана макияждын түрлөрүн жактырганга аракет кыла берчүмүн... Алардай болгум келчү. Жагалданып жатканым байкалып эле турчу болуш керек. Муну баары эле билчү деп ойлойм, өзүм деле билчүмүн. Акыр-аягы, көңүлүм чөгүп, жалгызсырап, атүгүл өзүмдүн кандай адам экенимди да түшүнбөй калгам. Чындап эмнени жакшы көрөрүмдү, кандай ойдо экенимди билбей калгам. Мен кезиктирген адамдардын баарына эле жага албай турганымды, ар бир эле адам мени жактыра бербей турганын түшүндүм. Бирок бул эч ким менен дос болбой эле коюшуң керектигин билдирбейт. Бирөө менен дос болуш үчүн жана жетилиш үчүн убакыт керек экенин эсиңден чыгарба» (Мелинда).

  •   Башкаларга жагууга умтулуу жүрүм-турумуңа таасир этет. Крис деген жигит тууганынын башынан өткөндөрүн көрүп, мунун чындык экенине ынанган. Крис мындай дейт: «Ал башкаларга жагыш үчүн эле адатта кылбаган нерселерди кылып калган. Мисалы, баңгизат колдоно баштаган. Акыры, баңгизатка көз каранды болуп калып, анын айынан жашоосун талкалап ала жаздаган».

     ТУУРА ЖОЛУ: Адеп-ахлак нормаларына карманбай турганы сөзүнөн, ишинен көрүнгөн адамдардан оолак бол. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 13:20).

     «Кээде башкаларга жагууга аракет кылып, күч жумшаган жакшы. Бирок өзүң туура деп эсептеген нерселерден кечип, башкаларга жагууга эч качан умтулба. Чыныгы дос боло тургандар сени кандай болсоң, ошондой кабыл алышат» (Мелани).

     Кеңеш: Кызыккан нерселери сеникиндей болгондор менен эле дос боло бербе. Балуулуктары, тагыраак айтканда, Кудай менен болгон мамилеси, моралдык жана адептик нормалары сеникиндей болгондор менен достош.

    Сага бардык эле кийимдер туура келбеген сыңары, сен баалаган нерселерди баалабагандар сага ылайыктуу дос боло албайт