Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сүйлөшкөнүбүздү токтотконубуз оңбу? (2-бөлүк)

Сүйлөшкөнүбүздү токтотконубуз оңбу? (2-бөлүк)

 Сүйлөшкөнүңөрдү токтотконуңар эле оң деген жыйынтыкка келсең, аны кантип айтсаң болот? Биринчиден, ылайыктуу жерди танда. Мисал үчүн кандай?

 Ал үчүн өзүңдү анын ордуна коюп көр (Матай 7:12). Маселен, сен сүйлөшкөн кызыңдын же жигитиңдин мамилеңерди токтоткусу келип жатканын элдин көзүнчө айтышын каалайт белең? Албетте, кааламак эмессиң.

 Аябай эле зарыл болбосо, андай олуттуу нерсени электрондук кат, SMS же автожоопбергич аркылуу айтпай эле койгонуң дурус. Анын ордуна, ыңгайлуу учурду тандап, экөөңөргө тең ылайыктуу боло турган жерде сүйлөшүүгө аракет кыл.

 Ага эмне деп айтсаң болот? Элчи Пабыл: «Ар бириңер жакыныңарга чындыкты айткыла»,— деп үндөгөн (Эфестиктер 4:25).

 Андыктан оюңду ачык, бирок жумшак билдир. Анын эмне үчүн сага ылайык келбейт деп ойлоп жатканыңды так, айкын түшүндүр.

 Оюңду айтып жатканда анын кемчиликтерин санап кирүүнүн, таарыныч-нааразычылыгыңды айтуунун кереги жок. «Сен эч качан тигинтпейсиң же минтпейсиң» дегендин ордуна, өзүңдүн сезимдериңди айт. Балким: «Мен сүйлөшкөн адамымдын тигиндей же мындай болушун каалайм» же «Менимче, экөөбүз мамилебизди токтотконубуз оң, анткени...» деп айтканың жакшыраак болоттур.

 Андай учурда боор ооруп, чечимиңди өзгөртүп жиберүүдөн сак бол. Аны менен сүйлөшкөнүңдү олуттуу себептерден улам токтотууну чечкениңди унутпа. Эгер сүйлөшкөн жигитиң же кызың сени бал тилге салып, көңүлүңдү жибитүүгө аракет кыла баштаса, сезимдерге алдырып койбо. Лори деген бир кыз мындай дейт: «Жигитим менен мамилемди токтоткондо, ал бир топко чейин өзүн байкуш кылып көрсөтүп жүрдү. Кыязы, боору ооруп кетип, кайра макул болуп коёбу деп ойлоду окшойт. Менин ага чындап эле боорум ооруп жатты. Бирок баары бир деле чечимимди өзгөрткөн жокмун». Сен да, Лоридей болуп, эмне үчүн ошондой чечим чыгарганыңды унутпа. Чечимиңе бек карман. «Жок» дегениң «жок» болсун (Жакып 5:12).

Сүйлөшкөнүңөрдү токтоткондон кийин.

Сүйлөшпөй калгандан кийин көңүлүң чөгүшү ыктымал. Сенде да: «Тынчым кетти, жерге жете бүгүлдүм, эртеден кечке кайгырып жүрдүм»,— деген забурчунукундай сезимдер болушу мүмкүн (Забур 38:6).

Айрым досторуң жакшы эле ой менен аны менен кайра сүйлөшө баштоого, ага дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип көрүүгө үндөшү ыктымал. Бирок бир нерсени унутпа: ал киши менен досторуң эмес, өзүң жашайсың. Ошондуктан өзүңдү жаман сезип жатсаң да, чечимиңе бек туруудан коркпо.

Убакыттын өтүшү менен жүрөгүңдөгү жарааттын айыгарына шектенбе. Ага чейин терс сезимдер менен күрөшүүгө жардам берген төмөндөгү кеңештерди колдонуп көр.