2 Тиметей 3:1—17

3  Акыркы күндөрдө+ өзгөчө оор мезгилдин келерин бил+.  Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган+, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз+,  жакындарын сүйбөгөн+, эпке-сөзгө келбеген+, жалаа жапкан+, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз+, жакшылык кылгысы келбеген+,  чыккынчы+, өз дегенин бербеген, текебер+, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн+,  Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн+, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдар болушат+. Андайлардан алыс бол+.  Анткени алардын арасынан үйлөргө куулук менен кирип ала турган кишилер чыгат+. Алар күнөөгө баткан, ар кандай каалоолорго жетеленген алсыз аялдарды+ туткун кылып алышат.  Андай аялдар дайыма билим алышса да, чындыкты так таанып-билишпейт+.  Жанес менен Жамбрес+ Мусага каршы чыккандай эле, ал кишилер да чындыкка каршы чыгып жатышат+. Ой жүгүртүүсү толугу менен бурмалангандыктан+, ишеним боюнча жашабагандыктан+ алар Кудайга жакпайт.  Алар алга илгерилешпейт, анткени тиги экөөнүн акылсыздыгы баарына белгилүү болгондой эле, алардын да акылсыздыгы бардыгына белгилүү болот+. 10  Сен болсо менин окутуума, жашоомо, максатыма, ишенимиме, чыдамкайлыгыма, сүйүүмө, туруктуулугума көңүл коюп, үлгүмө так кармандың+. 11  Ошондой эле Антиохияда+, Иконияда+ жана Листрада кандай куугунтуктарга+, кыйынчылыктарга дуушар болгонумду билесиң. Бирок Мырзабыз* мени алардын баарынан куткарды+. 12  Негизинен, Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат+. 13  Ал эми кара өзгөй адамдар, алдамчылар башкаларды адаштырып, өздөрү да адашып, барган сайын бузула беришет+. 14  Сен болсо эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман+, анткени кимдерден үйрөнгөнүңдү билесиң+. 15  Ошондой эле сени акылман кыла ала турган ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен билесиң+. Андай акылмандык сени Машаяк Исага болгон ишеним аркылуу+ куткарылууга алып барат+. 16  Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган+ жана окутуу үчүн+, ашкерелөө үчүн+, оңдоо үчүн+, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн+ пайдалуу. 17  Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке+ толугу менен даяр болот+.

Шилтемелер

Же: «Теңирибиз». Грек. Кириос.