Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Үй тапшырмамды аткарууга кантип жетише алам?

Үй тапшырмамды аткарууга кантип жетише алам?

 «Түнкү саат 1ге чейин үй тапшырмасын аткарганда аябай эле чарчап каласың. Төшөккө жатсам дегенде эки көзүң төрт болуп калат» (Дэйвид).

 «Сабагымды таңкы 4 жарымга чейин аткарып отура берчүмүн. Анан мектепке барыш үчүн саат 6да турчумун. Эмне азап десең!» (Тереза).

 Өзүңдү үй тапшырмасына көмүлүп калгандай сезесиңби? Ошондой болсо, бул макала сага жүгүңдү жеңилдетүүгө жардам берет.

 Үй тапшырма эмне үчүн берилет?

 Үй тапшырмасынын пайдасы көп. Мисалы, ал...

  •   ар тараптуу билим алганга жардам берет

  •   жоопкерчиликтүү болгонго көмөк кылат

  •   убактыңды туура пайдаланганга үйрөтөт

  •   сабактан өткөн темаларды жакшы түшүнүп, билгендериңди колдонгонго өбөлгө түзөт a

 «Мугалимдер окуучулардын берилген маалыматты бир кулагы менен угуп, экинчисинен чыгарып жибербей, иш жүзүндө колдонушун каалагандыктан үй тапшырмасын берет» (Мэри).

 Өзгөчө, илим жана математика сыяктуу сабактар көйгөйлөрдү чече билүүгө үйрөтөт. Ошондой эле, адистердин айтымында, бул жаңы нерв байламталарын пайда кылып, аларды чыңдайт. Андыктан үй тапшырмаларын мээнин көнүгүүсү деп айтсак болот.

 Сабактарды аткаруунун пайдасын көрүп жатасыңбы-жокпу, аларды кылууга үйрөнүшүң керек; алардан качып кутула албайсың. Бирок көңүлүңдү чөгөрбө. Канча үй тапшырмасы берилери сенден көз каранды болбосо да, аны аткарууга кетирген убакытты азайта аласың. Кел анда, ошол жөнүндө сүйлөшөлү.

 Тапшырма аткарууга жардам берген кеңештер

 Үй тапшырмасын аткарууга үлгүрбөй жатсаң, күчүңдү бекер эле корото бербей, акыл менен иш кылып көрөттүрсүң. Төмөнкүлөрдү кылып көр.

  •   1-кеңеш: Алдын ала ойлонуштур. Ыйык Китепте: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Тапшырма аткарып жатканда убактың текке кетпеши үчүн, бардык окуу куралдарыңды камдап ал.

     Ошондой эле көңүлүңдү топтой ала турган жерде даярдан. Кээ бирлер үйүндөгү тынч, жакшы жарыктандырылган жерде даярданышат. Дагы бирөөлөр болсо, сабагын үйүнөн башка жерде, маселен, китепканада аткарууну жакшы көрүшөт.

     «Эмне кыларыңды жана качан кыларыңды жазып ала турган дептериң же календарың бар болсо, убактыңды туура пайдалана аласың. Бул ашыкча стресс болуудан сактайт» (Ричард).

  •   2-кеңеш: Тартиби боюнча тизмеле. Ыйык Китепте: «Бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 14:40). Бул кеңешти эске алып, тапшырмаларыңдын кайсыларын биринчи аткарарыңды аныкта.

     Айрымдар эң оорунан башташат. Башкалары болсо, адегенде жеңилирээктерин кылып алууну чечишет. Себеби ошондо канааттанып, кийинкисине өткөнгө күчтөнүп калышат. Сен өзүңө ылайыктуу ыкманы тандап алсаң болот.

     «Кыла турган иштердин жана аларды кандай тартипте аткаруунун тизмесин түзүп алгандын пайдасы чоң. Ошентсең, үй тапшырмасы башыңа үйүлүп калбайт да, аларды кантип аткарам деп тынчсызданбайсың» (Хейди).

  •   3-кеңеш: Дароо кириш. Ыйык Китепте: «Ынталуу болгула, жалкоо болбогула»,— делет (Римдиктер 12:11). Башка иштерге, аларга канчалык азгырылба, үй тапшырмасын аткарууга бөлүп койгон убакытыңды уурдатпа.

     Анан кылам деп жүрө берсең, кыла турган иштериң үйүлүп кетет же аларды шаша-буша аткарып каласың. Анын айынан ишти чала бүтүрүп, тапшырмаң сапаттуу аткарылбай калат. Ал эми үй тапшырмасын аткарууга мүмкүн болушунча эртерээк киришсең, өтө тынчсызданбайсың, көп да кайгырбайсың.

     «Сабагымды мектептен келер замат же мүмкүн болушунча эртерээк кылсам, санаадан алыс болом. Алар мага башка иштеримди кылууга да тоскоолдук кылбайт» (Серина).

     СУНУШ: Үй тапшырмаңды күндө бир убакта кыл. Бул бара-бара адатка айланат; өзүңдү да тартипке сала аласың.

  •   4-кеңеш: Алаксыба. Ыйык Китептен: «Көз карашың алдыңа багытталсын»,— дегенди окуйбуз (Накыл сөздөр 4:25). Тапшырма аткарып жатканда бул кеңешти кантип колдоно аласың? Ар нерсеге, айрыкча, электрондук каражаттарга алаксый бербе.

     Интернетке саякаттап кетсең же башкалар менен жазышып отура берсең, үй тапшырмасын кылууга эки эсе убактың кетип калат. Ал эми алагды боло бербесең, азыраак стресс болгондон тышкары, убактыңды да үнөмдөйсүң.

     «Телефон, компьютер, электрондук оюндар, телевизор көңүл топтогонго аябай тоскоолдук кылат. Ошол себептен алаксыбаш үчүн мен телефонумду же жанымдагы башка нерселерди өчүрүп коём» (Жоел).

  •   5-кеңеш: Тең салмактуу бол. Ыйык Китепте: «Эстүүлүгүңөр... белгилүү болсун»,— делет (Филипиликтер 4:5). Үй тапшырмасынан улам стресс болбош үчүн, зарыл болсо, эс алып тур. Эшикке чыгып сейилде, велосипед теп же чуркап кел.

     Эгер дагы деле үй тапшырмаларга көмүлүп, алардан башың чыкпай калгандай сезилип жатса, мугалимдериң менен сүйлөшүп көр. Алар сенин чындап эле тырышып, колуңан келгендин баарын кылып жатканыңды көрүшсө, кайсы бир нерселерди өзгөртүшү мүмкүн.

     «Үй тапшырмасынын айынан кубанычыңды жоготуп, стресс боло бербе. Аны майын чыгара аткарууга бүт күчүңдү жумша. Бирок айрым нерселерден, анын ичинде үй тапшырмасынан улам өтө эле сарсанаага батып, убайым тарта бербе» (Жулия).

 Бул суроолордун үстүнөн ойлонуп көр:

  •   Үй тапшырмасын аткарыш үчүн кайсы окуу куралдары керек болот?

  •   Тапшырмаларымды кайсы убакта кылганым ылайыктуу?

  •   Сабагымды кайсы жерде аткарсам көңүл топтой алам?

  •   Канткенде иштерди кийинкиге калтыра берүүдөн кача алам?

  •   Мени эмнелер алаксытышы мүмкүн?

  •   Электрондук каражаттар же дагы башка нерселер алаксытпашы үчүн, эмне кылсам болот?

  •   Үй тапшырмасын аткарууда канткенде тең салмактуу боло алам?

 МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТМЕ: Үйгө берилген тапшырманы кантип аткарыш керектигин жакшы түшүнгүдөй бол. Кайсы бир нерсе түшүнүксүз болсо, аны класстан кете электе мугалимиңен сурап ал.

a Ойлор Жанна Шуммдун «School Power» деген китебинен алынды.