Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сексуалдык асылуу жөнүндө эмнени билишим керек? «Жарааттан» айыгуу (2-бөлүк)

Сексуалдык асылуу жөнүндө эмнени билишим керек? «Жарааттан» айыгуу (2-бөлүк)

 Өзүн күнөөлүү сезүү

 Сексуалдык зомбулукка дуушар болгондордун көбү басынып, элден уялышат. Алар атүгүл болгон окуя үчүн өздөрүн күнөөлөшү мүмкүн. Мисалга 6—13 жаштарында сексуалдык зомбулукка кабылган 19 жаштагы Каренди алып көрөлү. Ал: «Баарынан да өзүңдү күнөөлөй бергениң жаман. Мен: „Кантип ошончо убакытка чейин унчукпай жүрө бердим“,— деп өзүмдү жемелей берем»,— дейт.

 Эгер сен да ушундай болуп кыйналып жүрсөң, төмөндө айтылгандардын үстүнөн ойлонуп көр:

  •   Балдардын организми жыныстык мамиледе болууга жетиле элек болот, ошондой эле балдар буга эмоциялык жактан да даяр болбойт. Алар жыныстык катнашта болуу деген эмне экенин түшүнүшпөйт жана ага өз эрки менен барышпайт. Ошондуктан сексуалдык зомбулукка кабылганына балдар өздөрү күнөөлүү эмес.

  •   Балдар чоң кишилерге дайыма ишеним артышат жана бузуку адамдардын арам оюн аңдай алышпайт. Ошондуктан андай адамдардын оңой олжосуна айланат. Бир китепте: «Балдарды бузгандар өтө амалкөй келгендиктен, балдар бат эле алданып калышат»,— деп айтылат («The Right to Innocence»).

  •   Сексуалдык зомбулукка дуушар болгон учурда балдардын жыныстык каалоолору ойгонуп, дене бою дүүлүгүп чыгышы мүмкүн. Эгер сенде да ушундай болсо, буга өзүңдү күнөөлөбө. Анткени орунсуз түрдө кармалап-сыйпалаганда, дене эрксизден дүүлүгүп чыгат. Андыктан бул сенин андай ишке өз каалооң менен барганыңды же ага сен күнөөлүү экениңди билдирбей турганын унутпа.

 Кеңеш: Мурун сексуалдык зомбулукка кабылганда кандай куракта болсоң, азыр ошондой курактагы кайсы бир бала жөнүндө ойлонуп көр. Өзүңөн: «Эгер ал бала ошондой нерсеге кабылып калса, анын өзүн күнөөлөө туура болот беле?» — деп сура.

 Карен үч баланы карап иштеп жүргөндө ушул тууралуу ой жүгүрткөн. Балдардын бири 6 жаштарда эле. Карен 6 жашынан тартып сексуалдык зомбулукка дуушар болуп келген. Ал: «Мен ушул курактагы балдардын оңой эле алданып каларын, өзүмдүн да ошол куракта оңой олжо болгонумду түшүндүм»,— дейт.

 Факт: Мындай ишке сени кордогон киши күнөөлүү. Ыйык Китепте: «Ыймансыз адам ыймансыздыгына жараша тиешесин алат»,— деп айтылат (Жезекиел 18:20).

 Башкаларга ишеним артуунун маанилүүлүгү

 Болгон окуя тууралуу сен ишене ала турган чоң кишилердин бири менен сүйлөшсөң, бир топ жеңилдеп каласың. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:17).

 Албетте, көйгөйүң жөнүндө такыр ооз ачпоону туура көрүшүң мүмкүн. Балким, эч кимге айтпаганың жүрөгүңдүн андан ары жараланышынан коргогон дубалдай сезилиши ыктымал. Бирок ал «дубал» сени коргогону менен, сага жардам бергиси келгендерге тоскоол болору күмөнсүз.

Жүрөгүңдүн жараланышынан коргогон «дубал» жардам алышыңа да тоскоол болушу мүмкүн

 Жанет деген бир жаш кыз көптөн бери жүрөгүн зилдетип келген кайгысын бирөөгө айтып бергенден кийин кадимкидей жеңилдей түшкөн. Ал мындай дейт: «Мен сексуалдык асылууга бала кезимден тартып эле өзүм жакшы тааныган жана ишенген адам тарабынан дуушар болуп келгем. Муну көп жылга чейин жашырып жүрдүм. Бирок бир жолу апама баарын айтып бердим. Ошондо үстүмдөгү оор жүктөн арылгандай эле болдум».

 Жанет мындай нерсени өз башынан өткөргөндүктөн ушундай кейиштүү окуяга туш болгондор эмне үчүн эч кимге айтпай жашырып жүрө берерин жакшы түшүнөт. Ал: «Сексуалдык асылууга дуушар болгонуңду бирөөгө айтуу оңой эмес. Бирок мен баарын ичиңде сактап жүрө берүү андан да жаман экенине жана ал жөнүндө мурдараак эле айтсам жакшы болмоктугуна ынандым»,— дейт.

 Айыга турган убак

 Сексуалдык зомбулукка кабылганда жараланган жүрөгүң өмүрүң өткөнчө айыкпайт деген ойдо болушуң мүмкүн. Ошондой эле өзүңдү эч нерсеге татыксыз же башкалардын жыныстык кумарын кандыруу үчүн эле жаралгандай сезишиң ыктымал. Бирок, чынында, андай эмес. Сен жан дүйнөңдү сыздаткан андай сары оорудан айыга аласың! (Насаатчы 3:3). Бул жагынан сага эмне жардам берет?

 Ыйык Китепти изилдөө. Ыйык Китепте Кудайдын ойлору жазылган. Алар «чептерди талкалай» турган, анын ичинде өзүң жөнүндөгү терс көз карашты талкалай турган күчкө ээ (2 Корунттуктар 10:4, 5). Бул аяттарды окуп, ой жүгүртүп көр: Ышая 41:10; Жеремия 31:3; Малаки 3:16, 17; Лука 12:6, 7; 1 Жакан 3:19, 20.

 Тиленүү. Өзүңдү эч нерсеге татыксыз же күнөөлүү сезгенде тиленип, «жүгүңдү Жахабага арт» (Забур 55:22). Жахаба сени дайыма колдойт!

 Жыйналыштагы аксакалдар. Ал бир туугандарыбыз «шамалдан коргой турган калканычтай, нөшөрдөн калкалай турган жайдай» боло алат (Ышая 32:2). Алар өзүң жөнүндө тең салмактуу көз карашта болгонго жана кайрадан жашоонун нугуна түшүүгө жардам берет.

 Жакшы чөйрө. Кудайдын принциптерине ылайык жашаган үлгүлүү эркек-аялдарга байкоо сал. Алардын бири-бирине кандай мамиле кыларына көңүл бур. Убакыттын өтүшү менен бардык эле адамдардын жаман эмес экенин, жакшы көргөн адамдарына зыян келтирбей турганын түшүнөсүң.

 Буга Таня деген жаш кыз да ынанып келет. Бала кезинен тартып аны бир нече эркек жыныстык кумарын кандыруу үчүн колдонуп келген. Ал: «Мен өзүм жакшы көргөн жакын адамдарыман кордук көргөм»,— дейт. Бирок кийинчерээк ал жакындарын чындап сүйгөн эркектердин бар экенине көзү жеткен. Ал эмнеден улам ушундай тыянакка келген?

 Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашаган бир жубайлар менен жакын болуп, көбүрөөк пикирлеше баштагандан кийин Танянын көз карашы өзгөргөн. «Күйөөсүнүн аялына жасаган мамилесин көргөндө эркектердин баары эле зөөкүр эмес экенин түшүндүм. Ал аялын дайыма коргоп турчу. Кудайдын ой-ниети ушундай болчу экен»,— дейт ал a (Эфестиктер 5:28, 29).

a Эгер узакка созулган депрессиядан кыйналып жүрсөң, тамактануу эрежең бузулса, денеңе зыян келтирүү адатың болсо, көз карандылыкты пайда кылган нерселерди кыянат колдонсоң, уйкуң бузулса, өмүрүңдү кыйгың келсе, тийиштүү адистерге кайрылганың оң.