Мазмунун көрсөтүү

Чөмүлүү деген эмне?

Чөмүлүү деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Чөмүлүү деген адамдын сууга чумкутулуп, кайра чыгарылганын билдирет a. Ошон үчүн Иса пайгамбар чоң дарыяга барып чөмүлгөн (Матай 3:13, 16). Эфиопиялык төрө да «суусу бар жерге» жеткенде чөмүлгүсү келерин айткан (Элчилер 8:36—40).

Чөмүлүүнүн мааниси

 Чөмүлүү Ыйык Китепте көмүлүүгө салыштырылат (Римдиктер 6:4; Колосалыктар 2:12). Чөмүлгөндө адам мурунку жашоосу үчүн каймана мааниде өлүп, өмүрүн Кудайга арнаган адам катары жаңы жашоо баштайт. Кудайдын эркине ылайык, Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенгендин аркасында таза абийирге ээ болуш үчүн адам чөмүлгөнгө чейинки кадамдарды жасап, акыры, чөмүлүшү керек (1 Петир 3:21). Ошондуктан Иса пайгамбар шакирттеринин баарынын чөмүлүшү керектигин айткан (Матай 28:19, 20).

Чөмүлгөндө адамдын күнөөсү жуулабы?

 Жок. Ыйык Китепте күнөөлөрүбүз Иса Машаяктын каны аркылуу гана жуулары айтылат (Римдиктер 5:8, 9; 1 Жакан 1:7). Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде күнөөлөрү кечирилиши үчүн адам ага ишениши, анын окууларына ылайык жашоосун өзгөртүшү жана чөмүлүшү керек (Элчилер 2:38; 3:19).

«Крестины» деген эмне?

 «Крестины» деген сөз Ыйык Китептин эч жеринде кездешпейт. Айрым чиркөөлөрдө ымыркайды «чөмүлтүш» үчүн алардын башына суу куюп же чачыратып, ысым берүү жөрөлгөсүн ушинтип атап коюшат.

Ыйык Китепте ымыркайлардын да чөмүлүшү керектиги айтылабы?

 Жок, антип айтылбайт. Чөмүлүш үчүн адам Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарга ишенип, аны түшүнө алгыдай куракта болушу керек (Элчилер 8:12). Ал Кудайдын Сөзүн угуп, аны кабыл алып, күнөөлөрү үчүн өкүнүшү кажет. Ымыркайлар муну кыла албайт (Элчилер 2:22, 38, 41).

 Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудай жолунда жүргөн ата-эненин балдары Кудайдын көз алдында ыйык, таза деп эсептелери айтылат (1 Корунттуктар 7:14). Эгер ымыркайлар да чөмүлүшү керек болсо, анда алар кимдир бирөөлөр аркылуу ыйыкталууга муктаж болушмак эмес b.

Чөмүлүүгө байланыштуу жаңылыш түшүнүк

 Жаңылыш түшүнүк. Чөмүлгөндө сууга толук кирүүнүн керек жок. Суу чачыратып койгон эле жетиштүү.

 Туурасы. Ыйык Китепте чөмүлгөн адамдардын сууга толук чумкуганы айтылат. Мисалы, Машаяктын жолдоочусу болгон Филип эфиопиялык кишини чөмүлткөн. Алардын «сууга кирип», кайра «суудан чыгышканы» айтылат (Элчилер 8:36—39) c.

 Жаңылыш түшүнүк. Ыйык Китепте бүт үй-бүлөсү менен чөмүлдү деген жерлерди ымыркайлар да чөмүлгөн деп түшүнүш керек. Мисалы, Филипидеги түрмө сакчысы жөнүндө Ыйык Китепте: «Өзү да, үйүндөгүлөрү да чөмүлтүлдү»,— делет (Элчилер 16:31—34).

 Туурасы. Түрмө сакчысы жөнүндөгү билдирүүдө чөмүлгөндөрдүн «Жахабанын сөзүн» түшүнүп, «аябай кубангандары» айтылат (Элчилер 16:32, 34). Мындан түрмө сакчысынын үйүндөгү ымыркайлар чөмүлгөн эмес деген тыянакка келүү акылга сыярлык. Анткени алар Жахабанын Сөзүн түшүнө албайт болчу.

 Жаңылыш түшүнүк. Иса пайгамбардын Падышалык балдарга таандык деп айткандары ымыркайлардын чөмүлүшү керектигин билдирет (Матай 19:13—15; Марк 10:13—16).

 Туурасы. Иса пайгамбар бул сөздөрдү айтканда чөмүлүү жөнүндө сөз кылган эмес. Ал Кудайдын Падышалыгына киргиси келгендердин балдардай болуп момун, үйрөнүүгө дилгир болушу керектигин айткан (Матай 18:4; Лука 18:16, 17).

a «Чөмүлүү» деп которулган грек сөзү «терең кирүү» деген сөздүн уңгусунан келип чыккан. (Кара: «Theological Dictionary of the New Testament», 1-том, 529-бет.)

b Бир сөздүктө: «Жаңы Келишимде ымыркайлардын чөмүлүшү жөнүндө эч нерсе айтылбайт»,— делет. Сөздүктө андан ары «чөмүлгөндө күнөөлөр жуулат деген жаңылыш түшүнүктөн улам чөмүлүүгө өтө чоң маани бериле баштаганы, ошондон улам ушул жөрөлгөнүн пайда болгону» айтылат («The International Standard Bible Encyclopedia», 1-том, 416, 417-беттер).

c «Жаңы католик энциклопедиясынын» 2-томунун 59-бетиндеги «Чөмүлүү (Ыйык Китепте)» деген темада: «Алгачкы чиркөөдө чөмүлгөндөрдү сууга толугу менен чумкутушканы талашсыз»,— деп айтылган.