Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн адептүү болушум керек?

Эмне үчүн адептүү болушум керек?

«Мага эч ким эшик ачып бербейт, анда эмнеге мен башкаларга ачып беришим керек?»

«„Рахмат“, „кечирип коюңузчу“ деген сөздөрдү айтпай деле койсо болот».

«Үйдө адептүү болбой деле койсо болот. Биз бир үй-бүлөбүз да».

Эгер жогоруда айтылгандардын кайсы бирин туура деп эсептесең, анда адептүү болуунун кандай пайдасы бар экенин билбей каласың.

 Адептүү болуунун кандай пайдасы бар?

 Адептүү болуунун төмөнкүдөй үч пайдасы бар:

  1.   Аброюң. Башкалардын сен жөнүндө кандай ойдо болору сенин аларга кылган мамилеңе жараша болот. Эгер адептүү болсоң, башкалар сени жетилген, жоопкерчиликтүү адам катары көрүшөт жана сага да ошондой мамиле кылышат. Ал эми орой болсоң, башкаларга өзүңдү эле ойлогон адамдай көрүнүп калышың мүмкүн. Ошонун айынан жумушка орношуу кыйын болот жана башка көп нерселерден да кур каласың. Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, адепсиз адам өзүнүн аброюн түшүрөт (Накыл сөздөр 11:17).

  2.   Достук мамилелер. Ыйык Китепте: «Сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:14). Бул сапат, өзгөчө, достук мамилелерде абдан маанилүү. Адатта, биз адептүү, сылык-сыпаа адамдарга тартылып, алар менен достошкубуз келет. Ал эми орой же катаал адам менен эч ким мамилелешкиси келбейт.

  3.   Башкалардын мамилеси. Женифер деген бир кыз мындай дейт: «Эгер дайыма сылык-сыпаа болсоң, атүгүл орой кишилер да убакыттын өтүшү менен сага жакшы мамиле кыла баштайт». Ал эми орой болсоң, алар да сага ошентишет. Ыйык Китепте да: «Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат»,— деп айтылган (Матай 7:2).

 Жыйынтык: Бизге күнүгө башкалар менен мамилелешүүгө туура келет. Башкалардын сен жөнүндө кандай ойдо болору жана сага кандай мамиле кылары сенин аларга кылган мамилеңе жараша болот. Кыскасы, адептүү болгонуң абдан маанилүү!

 Кантип жакшырса болот?

  1.   Өзүңдүн канчалык адептүү экениңди текшер. Мындай деп ойлонуп көр: «Улууларды урматтаймынбы? „Рахмат“, „кечирип коюңузчу“ деген сөздөрдү дайыма айтамбы? Бирөө менен сүйлөшүп жатканда SMS жазышууга же башка нерселерге алаксый бербеймби? Ата-энеме, бир туугандарыма жылуу-жумшак мамиле кыламбы же „алар мени түшүнөт“ деп оңураңдай беремби?»

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (Римдиктер 12:10).

  2.   Максат кой. Кайсы үч жактан жакшыргың келип жатканын жаз. Мисалы, 15 жаштагы Аллисон деген бир кыз: «Сөз бербей сүйлөй берген адатымды таштап, кунт коюп укканды үйрөнүшүм керек»,— дейт. Ал эми 19 жаштагы Дэвид деген бир бала үйдөгүлөрү же достору менен сүйлөшүп жатканда SMS жазыша бергенин коюшу керектигин айтып, мындай дейт: «Бул аларды сыйлабастыкка жатат. Анткени мен аларды эмес, SMS жазышып жаткан кишини артык көрүп жаткандай эле болуп калам». 17 жаштагы Эдвард болсо башкалардын сөзүн бөлө бермей адатын ташташы керектигин байкаган. Ал эми жогоруда сөз кылынган Женифер улууларга көбүрөөк көңүл бурууну үйрөнүшү керектигин айтып: «Мен мурда улуулар менен шаша-буша учурашып алып эле досторума кетип калчумун. Азыр болсо улуулар менен жакыныраак таанышканга аракет кылам. Мунун аркасында адептүү болгонго үйрөнүп жатам»,— дейт.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

  3.   Кайсы жактардан жакшырганыңды текшер. Кайсы жактардан оңолгуң келсе, ошол жагыңды жакшыртканга бир ай аракет кылып көр. Анан бир айдан кийин: «Адептүү болуу жагынан кандай ийгиликтерге жеттим? Дагы кайсы жактарымды жакшыртышым керек?» — деп ойлонуп көр. Андан кийин ошого жараша дагы башка максаттарды кой.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Лука 6:31).