Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн тиленишим керек?

Эмне үчүн тиленишим керек?

 Бир сурамжылоого ылайык, Америкадагы өспүрүмдөрдүн 80 пайызы Кудайдан тиленет. Бирок алардын жарымы эле күн сайын тиленерин айтышкан. Айрымдарынын: «Жеңилдеп калыш үчүн эле тиленишибиз керекпи же тиленүү деген андан да көптү билдиреби?» — деп ойлонору шексиз.

 Тиленүү деген эмне?

 Тиленүү — бул баарын жараткан Кудай менен сүйлөшүү. Бул эмнени билдирери жөнүндө ойлонуп көрсөң. Жахаба Кудай адамдардан бардык жагынан алда канча жогору турса да, «ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:27). Ыйык Китепте:«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8).

 Сен кандайча Кудайга жакындай аласың?

  •   Мунун бир жолу — тиленүү. Тиленгенде Кудайга ичиңдегини айтасың.

  •   Экинчи жолу — Ыйык Китепти окуу. Ыйык Китеп аркылуу Кудай сага «сүйлөйт».

 Ушундай пикир алышуу, тиленүү жана Ыйык Китепти окуу, сага Кудай менен ынак дос болгонго жардам берет.

 «Ай-ааламды жараткан Жахаба Кудай менен сүйлөшүү — адам баласына ыйгарылган эң чоң сыймык» (Жереми).

 «Жахабага жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү ой-сезимдеримди айтканда ага жакын боло түшкөнүмдү сезем» (Миранда).

 Кудай бизди угабы?

 Кудайга ишенсең да, андан тиленсең да, анын адамдарды угарына ишенүү кыйынга турушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте Жахаба «тиленүүлөрдү Угуучу» деп аталат (Забур 65:2). Ал атүгүл түйшүгүбүздү ага артууга чакырат. Эмне үчүн? Анткени ал бизге кам көрөт (1 Петир 5:7).

 Ойлонуп көр. Жакын досуң менен сүйлөшүп турганга убакыт бөлөсүңбү? Кудай менен сүйлөшүп турганга да убакыт бөл. Дайыма тиленип тур. Тиленгенде анын атын айтып тилен (Забур 86:5—7; 88:9). Ыйык Китепте: «Үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп жазылган (1 Тесалоникалыктар 5:17).

 «Тиленүү — бул Асмандагы Атабыз менен сүйлөшүү. Мен тиленип жатканда Кудайга жүрөгүмдөгүнүн баарын төгөм» (Мойзес).

 «Жахабага ичимде катылып жаткан сырларымдын баарын айтып берем. Аны менен апам же эң жакын досум менен сүйлөшүп жаткандай эле сүйлөшөм» (Карен).

 Эмне жөнүндө тиленсем болот?

 Ыйык Китепте: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп жазылган (Филипиликтер 4:6).

 Бул тиленип жатканда бүт көйгөйүңдү айтсаң болорун билдиреби? Ооба. Ыйык Китепте мындай деп да айтылат: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт» (Забур 55:22).

 Албетте, Кудайдан тиленгенде көйгөйүңдү эле айтып койбошуң керек. Шантел деген кыз мындай дейт: «Жахаба Кудайдан сурай эле берсем, аны менен ынак мамиледемин деп айта албайм. Тиленип жатканда адегенде ага ыраазычылык билдиришим керек. Ал эми ыраазычылык билдире турган нерселер аябай көп».

 Ойлонуп көр. Кудайга эмнелер үчүн ыраазычылык билдиргиң келет? Бүгүн ага кайсы үч нерсе үчүн рахмат айтат элең?

 «Жөнөкөй эле нерселер үчүн, мисалы, аябай кооз гүл үчүн да Жахабага ыраазычылык билдирсек болот» (Анита).

 «Табияттагы сени суктандырган кайсы бир нерсе жөнүндө же жүрөгүңдү козгогон Ыйык Китептеги кайсы бир аят жөнүндө ой жүгүрт, анан тиленип, ошол үчүн Жахабага рахмат айт» (Брайен).