Еврейлер 10:1—39

10  Мыйзам келечектеги жакшы нерселердин өзү эмес, көлөкөсү гана болгондуктан+, дин кызматчылар жылдан жылга чалган курмандыктары менен Кудайга сыйынгандарды эч качан жеткилең кыла алышпайт+.  Эгер жеткилең кыла алышса, курмандык чалуу токтобойт беле? Анткени ыйык кызмат кылгандар бир эле жолу тазалангандан кийин күнөөлөрүн сезишмек эмес*+.  Тескерисинче, ал курмандыктар аркылуу жылдан жылга күнөөлөр эске салынып турат+,  анткени букалар менен текелердин каны күнөөлөрдү жок кыла албайт+.  Ошондуктан ал дүйнөгө келгенде Кудайга мындай деген: «„Сен курмандык менен тартууну каалаган жоксуң+, бирок мага дене даярдап койдуң+.  Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен күнөө курмандыгын жактырган жоксуң“+.  Ошондо мен: „Мына, түрмөк китепте мен жөнүндө жазылгандай+, сенин эркиңди аткаруу үчүн келдим, Кудайым“,— дедим»+.  Ал адегенде: «Сен курмандыктар менен тартууларды, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен күнөө курмандыгын каалаган да, жактырган да жоксуң»+,— деп айткан. Андай курмандыктар Мыйзам боюнча чалынчу+.  Андан кийин: «Мына, сенин эркиңди аткаруу үчүн келдим»,— деген+. Ошентип, экинчисин бекитүү үчүн биринчисин жокко чыгарган+. 10  Ошол «эрк»+ боюнча биз Иса Машаяктын денесинин бир эле жолу+ курмандыкка чалынышы менен+ ыйыкталганбыз+. 11  Ар бир дин кызматчы кызмат кылыш үчүн күн сайын+ өз ордун ээлеп+, окшош эле курмандыктарды кайра-кайра чалат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү эч качан толугу менен жок кыла албайт+. 12  Ал эми Иса күнөөлөр үчүн түбөлүккө бир эле курмандык чалып+, Кудайдын оң жагына отурду+. 13  Ошондон тартып ал өзүнүн душмандары бут алдына жыгыла турган убакты күтүп жатат+. 14  Анткени ыйыкталып жаткандарды ал бир курмандык менен+ түбөлүккө жеткилең кылды+. 15  Бул тууралуу бизге ыйык рух да күбөлөндүрүп жатат+, себеби ал адегенде мындай дейт: 16  «„Ошол күндөрдөн кийин алар менен мындай келишим түзөм,— дейт Жахаба.— Мыйзамдарымды алардын жүрөгүнө салып, акылына жазам“»+. 17  Андан кийин: «Мен алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыз иштерин экинчи эстебейм»,— дейт+. 18  Күнөөлөр кечирилген жерде+ күнөө үчүн курмандык чалуунун зарылдыгы жок+. 19  Бир туугандар, биз Исанын каны аркылуу ыйык жайга+ алып баруучу жолго+ байланыштуу бекем ишенимге ээбиз. 20  Иса ал жаңы жана тирүү жолду бизге көшөгө+, башкача айтканда, денеси аркылуу ачты+. 21  Кудайдын үйүнүн үстүнөн коюлган+ улуу дин кызматчыбыз бар болгондуктан 22  жүрөгүбүздү жана булганган абийирибизди тазалап*+, денебизди таза сууга жууп+, Кудайга таза жүрөк, толук ишеним менен жакындайлы. 23  Эл алдында үмүтүбүз жөнүндө+ талыкпай, олку-солку болбой+ жарыялайлы, анткени убада бергендин өзү ишенимдүү+. 24  Ошондой эле сүйүүгө жана жакшы иштерге+ үндөө үчүн+ бири-бирибизге көңүл бөлөлү. 25  Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы+, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан+ бири-бирибизди ого бетер бекемдейли+. 26  Анткени чындыкты так таанып-билгенден кийин+ атайлап күнөө кыла берсек+, күнөөлөрдү жууй турган башка курмандык калбайт+. 27  Анда сотту+ жана Кудайга каршы чыккандарды кыйратууга даяр турган жалындаган каарды+ коркуу менен күтө бериш керек болот. 28  Мусанын мыйзамын бузган ар бир киши эки же үч күбөнүн ырастоосу боюнча+ өлүм жазасына тартылат, ага ырайым кылынбайт. 29  Анда Кудайдын Уулун тебелеп-тепсеп+, өздөрүн ыйыктаган келишим канын+ баалабай, ырайым рухун жек көрүү менен кордогондор+ канчалык оор жазага тартылат+ деп ойлойсуңар?! 30  «Өч меники, тиешесин мен берем»+,— деп айткандын ким экенин билебиз. «Жахаба өз элин соттойт»+,— деп да айтылган. 31  Тирүү Кудайдын колуна түшүү коркунучтуу+. 32  Мурунку күндөрүңөрдү эстегилечи: чындыкты таанып-билгенден+ кийин азап чегип, башыңардан оор сыноолорду өткөргөнсүңөр+. 33  Кээде эл алдында* кордук көрүп+, кыйынчылыктарга туш болсоңор, кээде ошондой абалга кабылгандарга жөлөк-таяк болгонсуңар+. 34  Ошондой эле түрмөдө отургандарга боорукердик көрсөткөнсүңөр, мүлкүңөрдүн таланып-тонолгонун кубаныч менен көтөргөнсүңөр+, анткени андан да жакшы, түбөлүктүү мурасыңар бар экенин билгенсиңер+. 35  Ошондуктан мындан ары да кайраттуулук менен сүйлөгүлө+, анткени бул үчүн чоң сыйлык берилет+. 36  Кудайдын эркин аткарып+, убадаланганды алышыңар үчүн+, силерге туруктуулук керек+. 37  Себеби «бир аз эле убакыт» калды+, «келаткан келет, кечикпейт»+. 38  «Адил кызматчым ишениминин аркасында жашайт»+. Эгер «ал артка кетенчиктесе, менин жаным ага ыраазы болбойт»+. 39  Биз болсо жок болуш үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз+, тескерисинче, жаныбызды сактап калыш үчүн ишенимге ээ болгондордонбуз+.

Шилтемелер

Же: «күнөөлөрүнүн айынан абийири кыйнамак эмес».
Сөзмө-сөз: «[Исанын канын] чачыратуу менен тазалап».
Сөзмө-сөз: «оюн коюлган сахнада».