Матай 24:1—51

24  Иса ибадатканадан чыгып баратканда, шакирттери ибадаткананын+ имараттарын көрсөтүш үчүн жанына келишти.  Ошондо Иса аларга: «Булардын баарын көрүп турасыңарбы? Ишенип койгула, бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат»,— деди+.  Ал Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына барып: «Айтчы бизге, бул качан болот? Сенин катышууңдун убагын*+ жана бул дүйнө түзүлүшүнүн* аяктап баратканын+ кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашты.  Иса аларга мындай деп жооп берди: «Сак болгула, силерди бирөө адаштырып кетпесин+.  Анткени көптөр менин ысмым менен келип: „Мен Машаякмын“,— деп далайларды адаштырышат+.  Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар. Ошондо үрөйүңөр учпасын, анткени булардын баары болушу керек. Бирок бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры эмес!+  Бир эл бир элге+, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт+, жер-жерлерде ачарчылык+, жер титирөө болот+.  Мунун баары — азап-кайгынын* башталышы.  Ошол убакта адамдар силерди кыйнашат+, өлтүрүшөт+. Менин ысмым үчүн+ бардык элдерге жек көрүндү болосуңар+. 10  Ошондой эле көптөр ишенимден четтейт+, бири-бирине чыккынчылык кылат, бири-бирин жек көрөт+. 11  Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып+, далайларды адаштырышат+. 12  Мыйзамсыздык күч алгандыктан+, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат+. 13  Бирок акырына чейин чыдаган адам+ куткарылат+. 14  Падышалык жөнүндөгү+ бул жакшы кабар+ дүйнө* жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат+. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет+. 15  Ошентип, Даниел пайгамбар аркылуу айтылгандай, бүлүндүрүүчү жийиркеничтин+ ыйык жайда турганын+ көргөнүңөрдө (окуган киши баамдай билсин), 16  Жүйүт жериндегилер тоого качсын+. 17  Ким үйдүн үстүндө болсо, буюмдарын алыш үчүн үйүнө кирбесин. 18  Ким талаада болсо, сырт кийимин алыш үчүн үйүнө кайтып барбасын. 19  Ошол күндөрү кош бойлуу аялдар менен эмчекте баласы барларга кыйын болот!+ 20  Кача турган күнүңөр кышка же ишембиге туш келип калбашы үчүн тиленгиле. 21  Анткени ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон+ жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот+. 22  Эгерде ал күндөр кыскартылбаса, эч ким* куткарылмак эмес. Бирок тандалгандар үчүн+ ал күндөр кыскартылат+. 23  Ошол убакта кимдир бирөө силерге: „Мына, Машаяк бул жерде“+ же „Тигил жерде“,— десе, ишенбегиле+. 24  Анткени жалган Машаяктар+, жалган пайгамбарлар чыгат+. Алар, мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштырыш үчүн, улуу жышаандарды+, кереметтерди көрсөтүшөт+. 25  Мен бул тууралуу силерге алдын ала эскертип жатам+. 26  Ошондуктан, эгерде силерге: „Мына, ал чөлдүү аймакта“,— дешсе, чыкпагыла; „Ал ички бөлмөдө“,— дешсе, ишенбегиле+. 27  Чагылган чыгышта жарк этип+, батышка чейин көрүнгөндөй эле, адам Уулунун катышуусунун убагы да ошондой болот+. 28  Өлүк каерде болсо, бүркүттөр+ ошол жерге чогулат+. 29  Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин заматта күн караңгылап+, ай жарыгын бербей калат+. Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү солкулдайт+. 30  Ошондо асмандан адам Уулунун жышааны көрүнөт+ жана жердеги бардык уруулар төшүн ургулап боздошот+. Алар адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө күч-кубат жана улуу даңк менен келатканын көрүшөт+. 31  Ал периштелерин жиберет. Алар анын тандагандарын+ катуу тартылган сурнайлардын коштоосунда+ төгөрөктүн төрт бурчунан*+, асмандын бир учунан экинчи учуна чейин чогултушат. 32  Анжир дарагын карап, сабак алгыла: жаш бутактары өсүп чыгып, жалбырактары пайда болгондо, жайдын жакындап калганын билесиңер+. 33  Ошо сыяктуу эле, булардын баарын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле+. 34  Ишенип койгула, ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун+ жок болбойт. 35  Асман менен жер жок болуп кетсе да+, менин сөздөрүм жок болбойт+. 36  Ал күндү жана саатты+ эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет+. 37  Нухтун күндөрүндө кандай болсо+, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот+. 38  Топон суунун алдында, Нух+ кемеге кирген күнгө чейин+, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. 39  Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин+, алар ойлонушкан эмес. Адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот. 40  Ошондо талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат. 41  Жаргылчак+ тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат+. 42  Ошондуктан сергек болгула, анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер+. 43  Эсиңерде болсун, үй ээси уурунун кайсы убакта келерин билсе+, ууру үйүнө кирбеши үчүн, түнү бою уктамак эмес. 44  Андыктан силер да даяр болгула+, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет. 45  Үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турушу үчүн+, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?+ 46  Кожоюну кайтып келип, анын тапшырылган ишти аткарып жатканын көрсө, ал кул бактылуу!+ 47  Ишенип койгула, кожоюну аны өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт+. 48  Бирок ал кул жаман чыгып: „Кожоюнум жакында келбейт“+,— деген ой менен+ 49  башка кулдарды уруп-сабап, аракечтер менен ичип-жей баштаса, 50  кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал билбеген саатта+ келет да, 51  аны катуу жазалап+, эки жүздүүлөрдүн жанына таштайт. Ал жакта ал ыйлап, тишин кычыратат+.

Шилтемелер

Түп нускадагы грек сөзүн «кылым, доор, мезгил, дүйнө, түзүлүш» деп которууга болот.
Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.
Сөзмө-сөз: «толгоонун».
Сөзмө-сөз: «эл отурукташкан жер».
Сөзмө-сөз: «эч бир дене».
Сөзмө-сөз: «төрт шамалдан».