Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Бир учурда бир нече иш менен алектенүү жөнүндө эмнени билишим керек?

Бир учурда бир нече иш менен алектенүү жөнүндө эмнени билишим керек?

 Бир учурда бир нече иш менен алектенген учурларың болобу?

 Бул жөнүндө билчү белең? Кичинекейинен бери электрондук каражаттар менен чоңойгондордун көптөрү, мындайча айтканда, «техниканын билермандары» электрондук каражаттарды анча жакшы колдоно албаган улуураак кишилерге караганда бир учурда бир нече ишти оңой эле кыла алабыз деп ойлошот. Бирок алардын ою туурабы?

 ТУУРАБЫ же ТУУРА ЭМЕСПИ?

  •   Бир учурда бир нече иш менен алектенсең, көп иш бүтүрөсүң.

  •   Бул жагынан барган сайын жакшыра берсе болот.

  •   Муну улуураактарга караганда жаштар жакшыраак кыла алат.

 Эгер жогоруда айтылгандардын бирин туура деп эсептесең, бир учурда бир нече ишти кылуу мүмкүн деген жаңылыш ойго алданып жүрүшүң ыктымал.

 Бир учурда бир нече иш менен алектене алам деген ой жаңылыштык

 Бир эле учурда эки иш бүтүрө алам деп ойлойсуңбу? Албетте, көңүл топтоону талап кылбаган айрым иштерди бир учурда аткара алышың мүмкүн. Мисалы, үй жыйнап жатып, музыка да уксаң, бул үйдү таза жыйнашыңа жаман деле таасир этпейт.

 Ал эми көңүл топтоону талап кылган эки ишти бир учурда аткарууга аракет кылсаң, экөөнү тең жакшы кыла албай каласың. Ушуга байланыштуу Кэтрин деген кыз: «Баарын бир учурда кылам десең, баарынын ашмалтайын чыгарасың»,— деп айткан.

 «Кээде бирөө менен сүйлөшүп жатканымда, дароо жооп бериш керек болгон билдирүү келип калчу. Андайда аны жөнөткөн киши менен да жазыша берчүмүн, тиги киши менен да сүйлөшө берчүмүн. Ошентип жатып мага сүйлөп жаткан кишини жакшы укпай калчумун, билдирүүнүн да дээрлик ар бир сөзүн ката жазып алчумун» (Кейлэб).

 Техниканы изилдөө боюнча адис Шерри Тёркл: «Бир учурда бир нече ишти кылууга аракет кылып,.. жумуштун үстүнө улам бир жумуш кошкон сайын, иш жөндөмүбүз начарлайт. Андайда мээбиз катуу иштегендиктен, өзүбүздү күчтүү сезип калабыз да, ишти барган сайын жакшы кылып жатам деп ойлойбуз. Бирок, чынында, барган сайын начар кыла беребиз »,— деп жазган a.

 «Бирөө менен жазышып, ошол эле учурда башка бирөө менен сүйлөшө алганым үчүн өзүмдү кыйын сезип жатсам эле, билдирүү жөнөтөйүн деп жаткан адамга сүйлөшүп жаткан кишиге айтайын дегенимди жазып, ал эми сүйлөшүп жаткан кишиге жазышып жаткан адамга жазайын дегенимди айтып алган учурларым болот» (Тамара).

 Бир учурда бир нече иш менен алектенүүгө аракет кылгандар жашоосун ого бетер татаалдантып алышат. Мисалы, жаштар үй тапшырмасын аткарып жатып, башка ишке алаксый турган болсо, тапшырмасын аткарууга адаттагыдан көп убакыт кетип калат. Же бүтүрдүм деп ойлогон ишин кайра кылганга туура келиши мүмкүн. Кандай болбосун, убактысын үнөмдөбөй эле, тескерисинче, коротот.

 Томас Керстинг деген психотерапевт жана мектеп кеңешчиси: «Эгер мээни зарыл маалыматтар ирээттүү салынган шкаф деп элестетсек, бир учурда өтө көп иш кылууга аракет кылгандардын мээси ичине маалыматтар баш аламан салынган шкаф болуп калмак»,— деп айткан b.

 «Бир учурда көп иш бүтүрөм деп жан талаша берсең, айрым маанилүү иштер калып калышы мүмкүн. Акырында, өзүңө эле кошумча жумуш пайда кылып, үнөмдөйм деп ойлогон убактыңды текке кетиресиң» (Тереза).

Бир учурда бир нече иш менен алектенүү эки жолго бир учурда түшүүгө аракет кылганга барабар

 Жакшыраак жолдору

  •   Өзүңдү бир учурда бир эле ишке көңүл топтогонго үйрөт. Бир эле учурда көп иш бүтүргөнгө, мисалы, сабак окуп жатып бирөө менен да жазышканга көнүп калсаң, бул кеңешке ылайык иш кылуу кыйынга турушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деп жазылган (Филипиликтер 1:10). Маанилүүлүгү боюнча иштердин баары бирдей эмес. Андыктан кайсынысын биринчи кыларыңды чечип алып, бүтүргөнгө чейин ошол ишке көңүл топто.

     «Ар нерсеге алаксый берген мээни өзүнүкүн алмайын чыр сала берген балага салыштырса болот. Ага каалаганын берип койгон оңой сезилсе да, кээде ага „жок“ деп айтышың керек» (Мария).

  •   Алагды кылган нерселерди башка жакка алып кой. Сабак окуп жатканда телефонуңду караганга азгырыла бересиңби? Анда аны башка бөлмөгө коюп кой. Телевизорду өчүрүп сал, социалдык тармактарды убактылуу унута тур. Ыйык Китепте: «Убакытты пайдалана билгиле»,— деген кеңеш жазылган (Колосалыктар 4:5).

     «Мен бир учурда бир эле ишке көңүл топтогон жакшыраак болорун байкадым. Кыла турган иштеримдин тизмесин түзүп алып, андагы ар бир ишти бүтүрүп, кийинкисине өткөн сайын жыргап калам. Кадимкидей кубанып, сүйүнөм» (Ония).

  •   Бирөө менен сүйлөшүп жатканда бүт дитиңди коюп ук. Кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатканда телефонуңа алаксый берсең, бул пикирлешүүңөргө тоскоол кылгандан тышкары, ал адамды сыйлабастыкка да жатып калат. Ыйык Китепте башкалардын бизге кандай мамиле кылышын кааласак, өзүбүз да аларга ошондой мамиле кылышыбыз керектиги айтылат (Матай 7:12).

     «Кээде карындашым менен сүйлөшүп жатканымда, ал бирөө менен жазышып же телефонун чукулап калат. Ошондо тим эле жаным кашайып кетет! Бирок, чынын айтсам, өзүмдүн деле ошенткен учурларым болот» (Дейвид).

a «Reclaiming Conversation» деген китептен алынды.

b «Disconnected» деген китептен алынды.