Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

«Онлайн жылдыз» болуу сен үчүн канчалык маанилүү?

«Онлайн жылдыз» болуу сен үчүн канчалык маанилүү?

 Элейн деген кыз мындай дейт: «Классташтарымдын соцтармакта жүздөгөн катталуучулары бар экенин көргөндө: „Ай-ий, булар аябай таанымал го!“ — деп ойлончумун. Чынын айтсам, бир аз ичим күйчү».

 Сенде да ушундай болобу? Эгер ошондой болсо, бул макаладагы кеңештер «онлайн жылдыз» болуунун тузактарынан качканга жардам берет.

 Кандай коркунучтары бар?

 Накыл сөздөр 22:1де: «Жакшы ат көп байлыктан артык»,— деп айтылат. Демек, жакшы атка ээ болуунун, атүгүл башкаларга жагууга аракет кылуунун жаман деле жери жок.

 Бирок, сак болбосоң, «онлайн жылдыз» болууну эле самап калышың мүмкүн. Бул эмнеси менен кооптуу? 16 жаштагы Аниё мындай деп бөлүшөт:

 «Мен айрымдардын лайк чогултуш үчүн эле бир кызыктай нерселерди кылганын, мисалы, мектебибиздин экинчи кабатынан секиргенин көргөм».

 Элдин көңүлүн бурдуруш үчүн айрым жаштар акылсыз иштерин видеого тартып, аларды соцтармактарга салышат. Алсак, көптөгөн өспүрүмдөр акылы-эси ордунда киши кылбай турган нерселерди кылышкан. Алар кир жуучу каражатты — ичинде адамды ууландыра турган суюктугу бар капсуланы — жутуп жатканын видеого тартышкан.

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Эч нерсени... көйрөңдүк менен кылбагыла» (Филипиликтер 2:3).

 Ойлонуп көр:

  •   Соцтармактарда атактуу болуу сен үчүн канчалык маанилүү?

  •    Теңтуштарыңдын көңүлүн бурдуруш үчүн же аларга жагыш үчүн ден соолугуңду, өмүрүңдү тобокелге салат белең?

 «Атактуудай көрүнгөнү менен, чынында андай эмес»

 Анткен менен соцтармактардын «жылдызы» болуш үчүн жаштардын баары эле кооптуу нерселерди кыла бербейт. 22 жаштагы Эрика айрымдардын башкача ыкма колдонорун айткан:

 «Кээ бирлер толтура достору бардай жана алар менен жыргап эс алып жүргөндөгүдөй түр көрсөтүш үчүн улам бир сүрөтүн сала беришет. Бирок алар башкаларга атактуудай көрүнгөнү менен, чынында андай эмес».

 15 жаштагы Кэра айрым жаштардын башкаларга белгилүүдөй көрүнүш үчүн алдамчылыкка да барышарын байкаган. Ал мындай дейт:

 «Айрымдардын үйүндө отурса деле отурушта жүргөндөгүдөй сүрөткө түшүп, соцтармактарга салып коюшарын билем».

 22 жаштагы Мэтью да мурда ошондой кылчу. Ал мындай деп бөлүшөт:

 «Бир жолу сүрөткө түшүп, „Эверест тоосунун жанында тартылган“ деп жазып койгом. Бирок чынында Азияга өмүрү барган эмесмин».

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Биз... бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18).

 Ойлонуп көр:

  •    Көбүрөөк лайк алыш үчүн алдаган учурларың болду беле?

  •    Соцтармактарга салган сүрөттөрүң, жазган сөздөрүң сенин чынында ким экениңди, кандай адам экениңди көрсөтөбү?

 Лайктар менен катталуучулардын көп болгону канчалык маанилүү?

 Көптөр соцтармактарда катталуучуларың, лайктарың мүмкүн болушунча көп болсо, жылдыз болосуң деп ойлошот. Жогоруда айтылган Мэтью мурда ушундай ойдо болчу. Ал мындай дейт:

 «Мен башкалардан: „Канча катталуучуң бар?“ же “Эң көп лайктарыңдын саны канчага жетти эле? — деп сурай берчүмүн. Катталуучуларымдын санын көбөйтүш үчүн көрүнгөн кишилердин баарына эле каттала берчүмүн. Ошентсем, алар да мага катталат деп ойлочумун. Эси-дартымдын баары эле ошол болуп калган. Социалдык тармактар болсо ал каалоомду ого бетер күчөтчү».

«Онлайн жылдыз» болуу зыяндуу тамакка окшош. Башында бир аз жыргашың мүмкүн, бирок көп өтпөй эле кесепетин сөзсүз тартасың

 25 жаштагы Мария адамдын өзү жөнүндөгү көз карашы катталуучулардын, лайктардын санынан көз каранды болуп каларын байкаган:

 «Кайсы бир кыздын селфи сүрөтүнө көп лайк коюлбай калса, ал өзүн анча деле сулуу эмесин деп ойлой баштайт. Бул такыр туура эмес да. Бирок көптөр көп лайк албай калса, ошентип көңүлү чөгөт. Мындайча айтканда, алар өздөрүн өздөрү кыйнап жатышпайбы».

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы» (Галатиялыктар 5:26).

 Ойлонуп көр:

  •   Өзүңдү социалдык тармактардагы кимдир бирөөлөргө салыштырган учурларың болобу?

  •   Сен үчүн эмне маанилүү: катталуучуларыңдын саны көп болгонубу же сенин камыңды ойлогон адамдар менен дос болуубу?