Римдиктер 14:1—23
14 Ишеними алсызды четке какпагыла+, жеке ой-пикирлерге карата чечим чыгарбагыла+.
2 Кимдир бирөөнүн ишеними баарын жегенге жол берет+, ал эми ишеними алсыз адам жашылчаларды гана жейт.
3 Баарын жегендер жебегендерди басынтпасын+, ал эми жебегендер жегендерди айыптабасын, анткени Кудай аларды кабыл алган.
4 Бирөөнүн кулун айыптагыдай сен кимсиң?+ Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюну каалагандай болот+. Ал кайрадан турат, анткени Жахаба аны тургузууга кудуреттүү+.
5 Кимдир бирөө бир күндү башкасынан маанилүү деп эсептейт+, башка бирөө болсо бардык күндөрдү бирдей көрөт+. Ар бир адам өз көз карашынын тууралыгына ынансын.
6 Ким кайсы бир күндү өзгөчө көрсө, аны Жахаба үчүн өзгөчө көрөт. Ким жесе, Жахаба үчүн жейт+, анткени Кудайга ыраазычылык билдирет+. Ал эми ким жебесе, Жахаба үчүн жебейт+, бирок баары бир Кудайга ыраазычылык билдирет+.
7 Эч кимибиз өзүбүз үчүн эле жашап+, өзүбүз үчүн эле өлбөйбүз.
8 Жашасак, Жахаба үчүн жашайбыз+, өлсөк, Жахаба үчүн өлөбүз+. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да, Жахабага таандыкпыз+.
9 Анткени Машаяк өлгөндөрдүн да+, тирүүлөрдүн да Мырзасы болуш үчүн өлүп+, кайра тирилген+.
10 Эмне үчүн сен бир тууганыңды айыптайсың?+ Же эмне үчүн басынтасың? Баарыбыз Кудайдын сот тактысынын алдына барабыз+.
11 Анткени Ыйык Жазмада: «„Менин бар экеним шексиз болгондой эле, ар бир адамдын менин алдымда тизе бүгүп, Кудай экенимди ачык тааный турганы да шексиз“+,— дейт Жахаба»+,— деп жазылган.
12 Ошол себептен ар бирибиз кылган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз+.
13 Андыктан мындан ары бири-бирибизди айыптабайлы+. Андан көрө, бир туугандарды мүдүрүлтпөөгө+ же чалынтпоого+ чечкиндүү бололу+.
14 Мырзабыз Исанын жолдоочусу болгондуктан мен өзүнөн өзү арам эч нерсе жок экенин билем+, шектенбейм; бирок адам кайсы бир нерсени арам деп эсептесе, ошол нерсе ал үчүн арам болот+.
15 Эгер жеген тамагың бир тууганыңдын капаланышына себеп болсо, анда сен сүйүү көрсөткөн жоксуң+. Аны жеген тамагың менен ойрон кылба, анткени Машаяк ал үчүн да өлгөн+.
16 Кылган жакшы нерселериңер үчүн башкаларга жаманатты болбогула.
17 Анткени Кудайдын Падышалыгы+ — тамак же суусундук эмес+, ыйык рух берген кубаныч+, тынчтык+ жана адилдик+.
18 Ким Машаяктын кулу катары ушул сапаттарга ээ болсо, ал Кудайга да, адамдарга да жагат+.
19 Ошондуктан тынчтыкка+, бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы+.
20 Мындан ары тамак үчүн Кудай жаратканды ойрон кылба+. Чындыгында, бардык нерсе таза, бирок жеген тамагыңдын кимдир бирөөнү мүдүрүлткөнү жаман+.
21 Бир тууганың мүдүрүлө турган болсо, анда эт жебегениң, шарап ичпегениң же башка нерселерди кылбаганың жакшы+.
22 Ээ болгон ишенимиң Кудай менен сенин ортоңдо болсун+. Туура көргөн нерсеси үчүн өзүн айыптабаган адам бактылуу.
23 Бирок шек санаганына карабай жесе, анда ал айыпталган болот+, анткени ишеним менен жеген жок. Ишеним менен жасалбаган нерсенин баары — күнөө+.