Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Оралдык секс жыныстык катнашка жатабы?

Оралдык секс жыныстык катнашка жатабы?

 АКШдагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун билдирүүсүнө ылайык, бир сурамжылоого катышкан 15—19 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн дээрлик жарымы оралдык секске барышканын айтышкан. Оралдык секс жөнүндө жазылган бир китептин автору Шарлин Азам: «Өспүрүмдөр менен [оралдык секс жөнүндө] сүйлөшсөң, анын эч жаман жери деле жок деп айтышат. Алар муну жыныстык катнаш деп эсептешпейт»,— дейт («Oral Sex Is the New Goodnight Kiss»).

 Кандай деп ойлойсуң?

 Төмөндөгү суроолорго жооп берип көр.

  1.   Оралдык секстен улам бойго бүтүшү мүмкүнбү?

    1.   Ооба

    2.   Жок

  2.   Оралдык секс ден соолукка зыян алып келеби?

    1.   Ооба

    2.   Жок

  3.   Оралдык секс жыныстык катнашка жатабы?

    1.   Ооба

    2.   Жок

 Кандай фактылар бар?

 Жоопторуңду төмөндөгү фактылар менен салыштырып көр.

  1.   Оралдык секстен улам бойго бүтүшү мүмкүнбү?

     Жообу: Жок. Мына ушундан улам көптөр оралдык сексти зыянсыз деп жаңылыш ойлошот.

  2.   Оралдык секс ден соолукка зыян алып келеби?

     Жообу: Ооба. Оралдык секске барган адам гепатитти (А же В), жыныс сөөлдөрүн, сүзөктү (герпес), жыныс учугун, КИВ вирусун жана котон жараны (сифилис) жуктурат.

  3.   Оралдык секс жыныстык катнашка жатабы?

     Жообу: Ооба. Жыныстык органдар катышкан иш-аракеттердин баары, анын ичинде жыныстык катнаш, оралдык, аналдык секс жана башка бирөөнү мастурбациялоо жыныстык катнаш болуп эсептелет.

 Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

 Оралдык секске байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын карап көрөлү.

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кудай силердин... бузуктуктан алыс болушуңарды каалайт» (1 Тесалоникалыктар 4:3).

 Түп нускадагы «бузуктук» деп которулган сөз никеден тышкаркы жыныстык мамилелердин бардык түрүнө карата колдонулат. Ал өз ичине жыныстык мамилени, оралдык жана аналдык сексти, ошондой эле башка бирөөнү мастурбациялоону камтыйт. Мындай иштерге баргандар олуттуу көйгөйлөргө кабылышы, андан да жаманы, Кудай менен болгон мамилесинен кол жууп калышы мүмкүн (1 Петир 3:12).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылган болот» (1 Корунттуктар 6:18).

 Оралдык секс ден соолугубузга да, Кудай менен болгон мамилебизге да терс таасирин тийгизет. Ошондой эле эмоциялык жактан жабыркатат. Балдар менен жыныстык мамилелер тууралуу кантип сүйлөшүү керектиги жөнүндө жазылган бир китепте мындай делет: «Никеге чейинки же никеден тышкаркы жыныстык катнашка барган адамдар өздөрүн тепселенгендей сезишет, кылган иши үчүн аябай өкүнүшөт же жан дүйнөсү кыйналат. Бирок андай сезимдер жыныстык катнаштын башка түрлөрүнө баргандарды да кыйнай турганы анык. Анткени алар да жыныстык катнаш болуп саналат» («Talking Sex With Your Kids»).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм» (Ышая 48:17).

 Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу берген мыйзамдарынын пайдалуу экенине ишенесиңби? Же алар сени чектейт деп ойлойсуңбу? Бул суроолорго жооп алыш үчүн белгилүү бир ылдамдыкта айдоого жол берилген, машине көп жүргөн чоң жолдогу жол белгилери, белги шамдар жөнүндө ойлонуп көр. Сен ал белгилерди чектеген нерседей көрөт белең же коргогон нерседейби? Эгер сен да, башка айдоочулар да ал белгилерге көңүл бурбай, жол эрежелерин сактабасаңар, эмне болушу мүмкүн?

Жол эрежелери кандайдыр бир деңгээлде чектесе да, алар сени коргойт. Ошол сыяктуу эле, Кудайдын мыйзамдары эркиндигиңди чектегендей сезилгени менен, чынында, сени коргойт

 Кудайдын принцип-нормалары жөнүндө да ушуну айтууга болот. Аларды четке каккандар эмнени сепсе, ошону оруп алат (Галатиялыктар 6:7). Жыныстык катнаш жөнүндө жазылган бир китепте: «Көз караштарыңа жана баалуулуктарыңа кол шилтеп, өзүң туура эмес деп эсептеген иштерди канчалык көп кылсаң, өзүңдү сыйлоо сезимиң ошончолук төмөндөй берет»,— деп айтылат («Sex Smart»). Ал эми Кудайдын адеп-ахлак нормаларына карманып жашасаң, эркиң күчтүү экенин көрсөтөсүң. Баарынан маанилүүсү, абийириңди таза сактайсың (1 Петир 3:16).