Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде ооруга багынбайм? (2-бөлүк)

Канткенде ооруга багынбайм? (2-бөлүк)

 Оорунун ар кандай түрү болот.

  •   Кээ бирөөнүн оорусу башкаларга шак эле байкалса, кээ бирөөнүкү эч кимге билинбейт.

  •   Кээ бирөлөрдүн оорусу убактылуу эле болсо, башкалар оорусу менен күнүгө алпурушат.

  •   Кээ бир ооруларды айыктырууга болот, же жок эле дегенде, маал-маалы менен дарылап турса болот, ал эми айрым оорулар уламдан-улам күчөй берет да, адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат.

 Ден соолукка байланышкан ушундай кыйынчылыктарды жаштар да башынан кечирет. Бул макаладан ошондой жаштардын айрымдарынын эмне деп айтканын биле аласың. Эгер сенин да ден соолугуң начар болсо, анда алардын айткандары сага дем-күч бериши мүмкүн.

 ГИНЭЛ:

 Мен баарынан да оорумдун айынан көп жагынан чектелип калганымды ойлоп кыйналам. Анткени көп нерсени кылгым келет, бирок күн сайын абалыма карап иш кылууга аргасыз болом.

 Менин оорум мээнин аткарган функцияларынын бузулушуна байланыштуу. Мындай оору менен ооруганда адамдын мээси жиберген сигналдар дененин айрым бөлүктөрүнө тийиштүү түрдө жетпей калат. Ошондуктан кээде денемдин ар кайсы жерлери калтырай берет, кээде болсо таптакыр кыймылдабай калат. Мага атүгүл жөнөкөй эле нерселерди кылыш аябай кыйын. Мисалы, кыймылдоо, сүйлөө, окуу, жазуу, атүгүл кээде башкалардын сөзүн түшүнүү да кыйынга турат. Оорум менен күрөшкөнгө дарманым калбай калганда жыйналышымдагы аксакалдарды чакырам. Алар жанымда болуп, мени менен чогуу Кудайга кайрылып, тиленишет. Ошондо бир топ кубаттанып калам.

 Кандай кыйынчылыкка кабылбайын, Жахаба Кудайдын мени дайыма колдоп турганын сезем. Ошондуктан оорумдун Кудайга колумдан келишинче кызмат кылууга тоскоолдук кылышына жол бергим келбейт. Анткени башкаларга жакында Жахаба Кудайдын жер бетине жаңы заман орнотуп, адамдарды азап-кайгыдан арылта турганын айтып, Ыйык Китептеги жакшы кабарды жеткирүүнү баарынан да маанилүү деп эсептейм (Аян 21:1—4).

 Ойлонуп көр: Гинэлден үлгү алып, башкаларга кандай жардам көрсөтсөң болот? (1 Корунттуктар 10:24).

 ЗАКАРИ:

 Он алты жашымда мээмде залалдуу шишик бар экени аныкталган. Доктурлар мага ашып кетсе сегиз ай жашайсың дешкен. Ошондон тартып жашоо үчүн тынбай күрөшүп келем.

 Шишиктен улам оң капталым иштебей, баса албай калгам. Ошондуктан жанымда такай бир киши болушу керек.

 Оорум күчөгөндөн бери так сүйлөй албай калдым. Мурункудай болуп көңүл ача да албай калдым. Мурда такыр жаным тынчу эмес: суудагы ар кандай оюндарды, ошондой эле баскетбол, волейбол ойногонду аябай жакшы көрчүмүн. Андан тышкары, Жахабанын Күбөсү болгондуктан, жакшы кабар айтуу ишине жигердүү катышчумун. Өзүң ушунчалык жакшы көргөн иштерди кыла албай калганыңда канчалык жаман болоруңду көптөр элестете албайт болуш керек.

 Мага Ышая 57:15деги сөздөр дем-күч берет. Ал аят мени Жахаба Кудайдын дайыма кыйналган адамдын жанында болоруна, ага кам көрөрүнө ынандырат. Ошондой эле мени Жахабанын Ышая 35:6да жазылган убадасы кайраттандырат. Кудайдын ал убадасы аткарылганда, мен кайрадан күчкө толуп, баса аларыма жана чың ден соолукта болуп, Кудайга жигердүү кызмат кыла аларыма толук ишенем.

 Ошентсе да кээде оорум менен күрөшө берип аябай кыйналып кетем. Бирок Жахаба Кудай мени ар убак колдоп жатканын сезем. Анткени көңүлүм чөккөндө же өмүрүмдөн айрылып каларымды ойлоп коркунуч басканда, дайыма жардам сурап кайрыла турган Жахаба Кудайым бар экенин билем. Мени анын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албайт (Римдиктер 8:39).

 Закари, аны менен ушул маек курулгандан эки ай өткөндөн кийин, 18 жашында көз жумду. Ал Кудайдын өлгөндөрдү жер бетиндеги бейиште тирилтерине болгон ишенимин аягына чейин бекем сактады.

 Ойлонуп көр: Тиленүү, Закариге жардам бергендей эле, сага да Кудайга болгон сүйүүңдү сактаганга кандайча жардам берет?

 АНАИС:

 Төрөлгөнүмөн бир нече күн өтүп-өтпөй эле мээме кан куюлуп кетиптир. Ошонун кесепетинен улам бутум жакшы баспай, майып болуп калдым.

 Азыр атайын таяктардын жардамы менен анча-мынча басам, бирок көбүнчө майыптар коляскасын колдоном. Кээде тарамыштарым түйүлүп калат. Ошондо айрым нерселерди кылуу, мисалы, жазуу аябай кыйын болуп калат.

 Өзүмдүн абалымды ойлоп, стресс болгондон тышкары, менин дарыланганым да өзүнчө бир азап. Кичинекей кезимен бери жумасына бир нече жолу физиотерапия процедураларына барып турам. Мага биринчи жолу беш жашымда операция жасалган, андан бери дагы үч жолу жасалды. Акыркы эки операция өзгөчө оор болуп, ооруканада үч ай жаттым.

 Мага үйдөгүлөр аябай жардам беришет. Алар тамашалап, көңүлүмдү көтөрүп турушат. Ошондой эле өзүмдү өзүм карай албагандыктан, сырткы келбетиме апам, эжем жана эгизим кам көрүп турушат. Кээде башка кыздардай болуп, шиш така кие албаганыма аябай кейийм. Бир жолу туфлини колума кийип алып, кичинекей балача жөрмөлөп көрдүм. Ошондо баарыбыз боорубуз эзилгиче күлдүк!

 Мен оорума багынып берип, эч нерсе кылбай эле отуруп калгым келбейт. Ошон үчүн колуман келген нерселерди кылганга, мисалы, тил үйрөнгөнгө аракет кылам. Сноубордго туруп алып, толкундар менен жарыша албасам да, сууда сүзөм. Ошондой эле Жахабанын Күбөсү болгондуктан, башкаларга Ыйык Китептеги жакшы кабарды айтканды да жакшы көрөм. Көптөр мени кунт коюп угушат.

 Ата-энем кичинекей кезимен бери эле мага Жахаба Кудайдын жакында оору аттуунун баарын, анын ичинде менин оорумду да айыктырарын айтышчу. Мен чынында эле ошондой болоруна эч шектенбейм. Кудайдын ошол убадасы мага алдыга умтула берүүгө жардам берет (Аян 21:3, 4).

 Ойлонуп көр: Анаистей болуп, ооруңа багынып бербеш үчүн эмне кылсаң болот?

 ЖУЛИАНА:

 Мен аутоиммундук оору менен ооруйм. Ал оору жүрөктү, өпкөнү, кан айланууну жабыркатат. Жакындан бери бөйрөгүм да ооруй баштады.

 Он жашымда мага тери кургак учугу деген диагноз коюшкан. Ал оорунун айынан бүткөн боюм сыздайт, бат эле чарчап калам, жакшынакай туруп эле, бир паста көңүлүм чөгүп калат. Кээде өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезем.

 Он үч жашымда бир Жахабанын Күбөсү үйүмө келип, Ышая 41:10ду окуп берген. Ал жерде Жахаба Кудайдын: „Коркпо, анткени мен сени мененмин... Мен... сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм“,— деген сөздөрү жазылган экен. Ошентип, мен Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Андан бери сегиз жыл өттү. Бүгүнкү күндө мен оорума көп көңүл топтобой, Кудайга жан-дилден кызмат кылганга аракет кылам. Жахабанын „адаттан тышкаркы күч“ берип жатканын сезгеним, мага оң маанай сактаганга жардам берет (2 Корунттуктар 4:7).

 Ойлонуп көр: Ышая 41:10догу сөздөр, Жулианага жардам бергендей эле, кандайча сага да оң маанай сактаганга жардам берет?