Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Баарын Кудай жаратканын кантип далилдеп бере алам? (4-бөлүк)

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Баарын Кудай жаратканын кантип далилдеп бере алам? (4-бөлүк)

Сен бардык нерсени Кудай жараткан деп ишенесиң, бирок класстан оюңду ачык айткандан уяласың. Балким, биология китебиңде тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон деп жазылгандыр. Ошол себептен оюмду айтсам, мугалимдерим да, классташтарым да шылдыңдайт деп коркушуң мүмкүн. Анда баарын Кудай жаратканын канткенде коркпой далилдеп бере аласың?

 Далилдеп бере аласың!

 Мындай деп ойлошуң мүмкүн: «Илимий темада сүйлөшкүдөй же эволюцияны төгүнгө чыгаргыдай билимдүү эмесмин». Даниелла деген бир кыз да бир учурда ушинтип ойлочу. Ал: «Мугалимдерим, классташтарым менен ошол темада такыр сүйлөшкүм келчү эмес»,— дейт. Диана деген бир кыз болсо: «Алар илимий терминдерди колдонуп сүйлөй баштаганда эмне деп айтарымды билбей калчумун»,— деп ой бөлүшөт.

 Бирок сенин максатың талаш-тартышта жеңип чыгуу эмес. Ошондой эле бардык нерсе Жараткандын колунан бүткөнүнө ишенүү акылга сыярлык экенин далилдеш үчүн сөзсүз эле илимдүү-билимдүү болуунун зарылдыгы жок.

 Кеңеш: Еврейлер 3:4тө жазылган жөнөкөй мисалды колдонуп көр. Ал аятта: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— деп жазылган.

 Кэрол деген бир кыз ошол аяттагы мисалды кантип колдонсо болору тууралуу мындай дейт: «Чытырман токойдо кетип баратасың дейли. Ал жерде бир да киши жок. Бирок жерде тиш чукугуч жатканын көрүп калсаң, эмне деп ойлонот элең? Көптөр: „Бул жерден бирөө өткөн окшойт“,— демек. Ошол болбогон эле тиш чукугучтун өзүнөн өзү пайда болуп калышы мүмкүн эмес болсо, анда аалам жана андагы нерселердин баары кантип өзүнөн өзү пайда болуп калсын!»

 Кимдир бирөө минтип айтса: «Эгер бардык нерсени Кудай жараткан болсо, анда аны ким жараткан?»

 Минтип жооп берсең болот: «Кудай жөнүндө баарын билбегенибиз анын жок экенин билдирбейт. Мисалы, сен чөнтөк телефонуңду ойлоп тапкан киши жөнүндө эч нерсе билбешиң мүмкүн, бирок телефонуңду бирөө жасаганына ишенесиң да, туурабы? [Жообун ук.] Ал эми бизди жараткан Кудай жөнүндө көп нерселерди биле алабыз. Эгер кааласаң, мен сага Кудай жөнүндө эмнелерди билгенимди айтып бере алам».

 Даярданып ал

 Ыйык Китепте: «Үмүтүңөр жөнүндө сураган ар бир адамга жумшактык, терең урмат-сый менен жооп бергенге дайым даяр болгула»,— деп айтылат (1 Петир 3:15). Андыктан эки нерсеге — эмне жөнүндө айтсаң болоруна жана кантип айтсаң болоруна көңүл бур.

  1.   Эмне жөнүндө айтсаң болот? Кудайга болгон сүйүүң сага ал жөнүндө кайраттуулук менен айтууга түрткү берет. Бирок Кудайды канчалык сүйөрүңдү айтсаң эле, башкалар бардык нерсени Кудай жаратканына ишенип калбайт. Баары Кудайдын колунан бүткөнүнө ишенүү эмне үчүн акылга сыярлык экенин далилдеш үчүн жаратылыштан алынган мисалдарды колдонгонуң таасирдүү болушу мүмкүн.

  2.   Кантип айтсаң болот? Ишенимдүү сүйлө, бирок орой же кыйынсынып сүйлөгөндөн алыс бол. Эгер башкалардын көз карашын сыйласаң жана алардын өздөрү каалагандай жыйынтык чыгарууга укугу бар экенин эске алсаң, алар да сенин көз карашыңды сыйлашы мүмкүн.

     «Башкаларды басынтып сүйлөгөндөн же баарын билгендей болуп көрүнгөндөн сак болуш керек деп ойлойм. Кыйынсына берсең, сени эч ким уккусу келбейт» (Элейн).

 Сага жардам бере турган куралдар

Көз карашыңды түшүндүрүп берүүгө даяр болууну аба ырайынын өзгөрүшүнө даяр болгонго салыштырса болот

 Алисия деген бир өспүрүм кыз: «Эгер жакшы даярданбасаң, уят болуп калбайын деп унчукпай отура беришиң мүмкүн»,— дейт. Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ийгиликке жетиш үчүн жакшы даярдануу абдан маанилүү. Женна деген кыз мындай дейт: «Көз карашымды түшүндүрүш үчүн жөнөкөй, ошол эле учурда жакшы ойлонуштурулган мисал даярдап алсам, ааламдын пайда болушу жөнүндө сөз болгондо, өзүмдү ишенимдүүрөөк сезем».

 Андай мисалдарды каяктан тапсаң болот? Жаштардын көбү төмөндөгү адабияттарды колдонуп, ийгиликке жетишкен:

 «Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы?» деп аталган ушул катар макалалардын буга чейинкилерин окуп чыгуу да пайдалуу болушу мүмкүн.

  1.  1-бөлүк: Эмне үчүн Кудайга ишениш керек?

  2.  2-бөлүк: Эволюция теориясынын тууралыгын эмне үчүн текшерип көрүшүм керек?

  3.  3-бөлүк: Баарын Кудай жараткан дегенге эмне үчүн ишенсе болот?

 Кеңеш: Сени ынандырган мисалдарды танда. Ошондо аларды оңой эстеп каласың жана башкаларга айтып бергенде өзүңдү ишенимдүүрөөк сезесиң. Көз карашыңды түшүндүрүп берүүгө алдын ала даярданып, көнүк.