Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мүнөздөп тамактануу жагынан канткенде тең салмактуу боло алам?

Мүнөздөп тамактануу жагынан канткенде тең салмактуу боло алам?

 Мүнөздөп тамактануу жагынан тең салмактуу болбосоң, ден соолугуңа зыян алып келериңди жакшы билет чыгарсың. Адатта, жаш кезинде туура эмес тамактангандар кийин деле ошол адатын таштабайт. Ошондуктан пайдалуу тамак-аш менен азыктанууну адат кылып алууга азыртадан эле үйрөнүшүң керек.

 Мүнөздөп тамактануу жагынан тең салмактуу болуу эмнени билдирет?

 Ыйык Китепте «бардык нерсенин чегин билишибиз» керектиги айтылат. Бул өз ичине туура тамактанууну да камтыйт (1 Тиметей 3:11). Ушуну эске алып, төмөнкүлөрдү билип алганыбыз дурус:

  •   Тең салмактуу мүнөз тамак бардык азык-түлүк топторун камтыйт. Ал беш топко сүт азыктары, белоктор, жер жемиштер, жашылчалар жана дан азыктары кирет. Айрымдар арыктаганга жардам берет деген ойдо азык-түлүктүн бир же бир нече түрүнөн баш тартышат. Бирок ошентсең, организмиңди зарыл азык заттардан өксүтүп коюшуң мүмкүн.

     Сунуш: Тамак-аштардын курамындагы азык заттардын кандай пайдасы бар экенин билиш үчүн изилдеп же доктуруңан сурап көр. Мисалы:

     Углеводдор күч-кубатка толтурат. Ал эми белоктор ар кандай инфекциялардан коргойт жана ткандарды бекемдеп, калыбына келтирет. Майдын айрым түрлөрү тийиштүү өлчөмдө болсо, жүрөк ооруларынын алдын алат, өзүңдү жакшы сезгенге жардам берет.

     «Азык заттардын бүт түрүнөн жегенге аракет кылам. Ошондой эле анда санда таттуу-паттуу же тез татым жеп тургандын эч жаман жери жок деп ойлойм. Бирок жалаң эле ушуларды жей бербеш керек. Бул жагынан дайыма тең салмактуу болгон жакшы» (Бренда).

    Курамында пайдалуу азык заттар жок тамак-аш бир буту жок үстөлгө окшош

  •   Аша чаап кетүүнү билдирбейт. Жетиштүү тамактанбоо, кечке чейин ачка жүрө берип, анан өтө тоюп алуу жана аябай жакшы көргөн азыктардан такыр эле баш тартуу мүнөздөп тамактануу жагынан тең салмактуу болууга жатпайт.

     Сунуш: Эмне жеп жүргөнүңдү бир ай текшерип көр. Жогоруда айтылгандай, кайсы жактардан аша чаап кетериңди байкадың эле? Мүнөздөп тамактануу жагынан тең салмактуу болуш үчүн эмнелерди өзгөртсөң болот?

     «Айрым күндөрү аябай тоюп алып, айрым күндөрү өтө эле аз жеп жүрө берчүмүн. Акыры, жеп жаткан тамагымда канча калория бар экенин эсептебегенге, өтө тоюп албаганга жана курсагым тоюп турганда эч нерсе жебегенге үйрөндүм. Бул үчүн убакыт керек болду, бирок азыр туура тамактанып калдым» (Хайли).

 Канткенде тең салмактуу боло алам?

  •   Алдын ала ойлонуштур. Ыйык Китепте: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 21:5). Туура тамактанууга үйрөнүш үчүн пландаштырганды билишиң керек.

     «Пайдалуу тамак менен азыктаныш үчүн алдын ала ойлонуштуруу маанилүү. Адатта, үйдө жасалган тамак-аш баарынан пайдалуу болуп эсептелет. Бул күч-аракетти талап кылса да, акыбети кайтат. Ошондой эле акчаңды үнөмдөгөнгө шарт түзөт» (Томас).

  •   Зыяндуу тамак-ашты пайдалуусуна алмаштыр. Ыйык Китепте: «Акылмандыкты... сакта»,— делет (Накыл сөздөр 3:21). Акылмандык сага тапкыч болуп, тамактануунун сага пайда алып келген түрүн табууга жардам берет.

     «Күн сайын бир пайдасыз азыкты пайдалуусуна алмаштыра баштадым. Мисалы, таттуунун ордуна алма жечүмүн. Көп өтпөй эле бир күндө көп пайдалуу азыктарды жеп калдым» (Киа).

  •   Өтө көптү күтүп алба. Ыйык Китепте: «Наныңды кубаныч менен же»,— деп айтылат (Насаатчы 9:7). Мүнөздөп тамактануу жагынан тең салмактуу болгонуң тамактан ырахат алышыңа тоскоолдук кылбайт. Ошол эле учурда тамактын курамындагы ар бир азыкты ойлоп тынчсыздана бербейсиң. Атүгүл салмагыңды азайтышың керек болсо да, негизги максатың туура тамактануу болушу зарыл. Өзүңдөн күткөн нерселериң акылга сыярлык болушу керек.

     «Жакында эле 14 килограммдай арыктадым. Бирок ошол убакыт ичинде ачка жүрүп өзүмдү кыйнаган жокмун, айрым азыктарды жебей жүрө берчү эмесмин, таттуу жеп койгонум үчүн өзүмдү күнөөлөй да берчү эмесмин. Бат эле арыктай албай турганымды, ан үчүн бүт жашоо мүнөзүмдү өзгөртүшүм керектигин түшүндүм» (Мелани).