Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мага үлгү боло тургандарды кантип тандасам болот?

Мага үлгү боло тургандарды кантип тандасам болот?

 «Мектептен кандайдыр бир көйгөйгө туш болгондо ошондойду башынан өткөргөн, мен суктанган кимдир бирөө жөнүндө ойлоном. Анан андан үлгү алганга аракеттенем. Бирөөлөрдөн үлгү алуу кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет» (Хэли).

 Кимдир бирөөлөрдөн үлгү алууга умтулсаң, көйгөйлөрдөн алыс болуп, койгон максатыңа жете аласың. Андыктан жакшы үлгү боло тургандарды танда.

 Туура тандоо эмне үчүн маанилүү?

  •   Үлгү алам деп тандаган кишилер сенин жүрүм-турумуңа таасир этет.

     Ыйык Китепте Кудайдын жолунда жүргөндөрдүн үлгүлүү адамдарга байкоо салышы керектигине байланыштуу мындай делет: «Алардын жүрүм-туруму кандай жемиш берип жатканын байкап, алардыкындай ишенимге ээ болгула» (Еврейлер 13:7).

     Кеңеш: Үлгү алам деп тандаган кишилер сенин жүрүм-турумуңа же жакшы, же жаман таасир этет. Андыктан баарына таанымал болгондорду же өзүң курактууларды эле эмес, чынында эле жакшы сапаттары барларды танда.

     «Мен Адам деген ишенимдешимдин маанайына, жүрүм-турумуна көз салып, андан көп нерсени үйрөндүм. Анын кайсы бир сөздөрү, кылгандары дагы деле эсимде. Мага канчалык жакшы таасир эткенин ал өзү деле билбейт» (Колин).

  •   Үлгү алам деп тандаган кишилер ой жүгүртүүңө, өзүңө карата болгон көз карашыңа таасир этет.

     Ыйык Китепте: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 15:33).

     Кеңеш: Сырткы кебетеси жакшынакай болгондорду эмес, жакшы сапаттары барларды танда. Антпесе, көңүлүң кайт болушу мүмкүн.

     «Өзүңдү жакшынакай бирөөлөргө салыштыра берсең, аябай көңүлүң чөгөт. Бара-бара сырткы келбетиңди эле ойлоп каласың» (Тамара).

     Ойлонуп көр: Баарына белгилүү болгон же кыйын спортчулардан үлгү алганга умтулуунун кандай жаман жактары бар?

  •   Үлгү алам деп тандаган кишилер максатыңа жетер-жетпесиңе таасир этет.

     Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 13:20).

     Кеңеш: Сен өрчүткүң келген жакшы сапаттары барларды танда. Аларга байкоо салсаң, максатыңа жетиш үчүн эмнелерди кылсаң болорун түшүнөсүң.

     «„Жоопкерчиликтүү болгум келет“,— деп ойлонуп коюп эле жүрө бербе. Анын ордуна: „Мен да, Жейнге окшоп, жоопкерчиликтүү болгум келет. Ал эч качан кечикпейт жана өзүнө тапшырылган ишке олуттуу карайт“,— деп ойлонуп, так-айкын максат кой» (Мириам).

     Жыйынтык: Жакшы үлгү боло тургандарды тандасаң, өрчүткүң келген сапаттарга ээ боло аласың.

Жакшы сапаттары бар кишилерден үлгү алсаң, койгон максатыңа батыраак жетесиң!

 Кантип тандаса болот?

 Үлгү ала турган кишилерди эки жол менен тандасаң болот.

  1.   Өрчүткүң келген сапатты аныктап, ошондой сапаты бар болгону үчүн өзүң суктанган кимдир бирөөнү танда.

  2.   Сен суктанган кимдир бирөөнү тандап, анда бар кайсы сапатты өрчүткүң келерин аныкта.

 Бул макала менен кошо чыккан иштөө барагы ушундай кылганга жардам берет.

 Кимдерден үлгү алсаң болот?

  •  Курбу-курдаштар. «Мен курбуман үлгү алгым келет. Ал башкаларга көңүл бөлүп, кам көргөнгө дайыма даяр. Ал менден кичүү болсо да, менде жок жакшы сапаттары бар. Мен ага окшошкум келет» (Мириам).

  •  Улуулар. Ата-энеңен же ишенимдештериңен үлгү алсаң болот. «Ата-энем мен үчүн мыкты үлгү. Алардын сонун сапаттарына суктанам. Албетте, кемчиликтери деле бар дечи, бирок ошого карабай, Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылып келатышат. Мен ошондой куракка жеткенде кимдир бирөөнүн мен жөнүндө ушинтип айтышын кааламакмын» (Аннетт).

  •  Ыйык Китептеги инсандар. «Мен Ыйык Китептеги Тиметей, Рут, Аюп пайгамбар, элчи Петир сыяктуу инсандардын ар биринен үлгү алам. Ыйык Китептеги инсандар жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, алар мага ошончолук жакын сезиле берет. „Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла“ деген китепти, „Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер“ деген китептеги „Мыкты үлгү“ деп аталган индексти изилдөө аябай жагат» (Мелинда).

 Кеңеш: Үлгү ала турган кишилерди тандап жатканда бирөө менен эле чектелбе. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Биз көрсөткөн үлгү боюнча жашап жаткандарды карагыла»,— деген (Филипиликтер 3:17).

 Билесиңби? Сен да кимдир бирөөгө үлгү болушуң мүмкүн! Ыйык Китепте: «Ишенимдүүлөргө сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, адеп-ахлактуулугуң менен үлгү бол»,— деп жазылган (1 Тиметей 4:12).

 «Кайсы бир сапаттарды дагы жакшыраак өрчүтүшүң керек болсо да, башкаларга үлгү боло аласың. Өзүң билбесең да, кимдир бирөө сенден үлгү ала бериши, кайсы бир сөзүң бирөөнүн жашоосун өзгөртүшү мүмкүн» (Киана).