Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Киберкуугунтукка кабылсам, эмне кылсам болот?

Киберкуугунтукка кабылсам, эмне кылсам болот?

 Эмнелерди билишиң керек?

 Интернет киберкуугунтук үчүн ыңгайлуу жай болууда. Буга байланыштуу бир китепте кибермейкиндик «жүзүн жашырууга шарт түзүп бергендиктен, атүгүл жакшы балдар да киберзөөкүр болуп калары» жазылган («CyberSafe»).

 Көбүнчө кимдер киберзомбулукка туш болот? Көбүнесе, уялчаак, түнт, басына берген жана көптөргө кызыктай көрүнгөн балдар киберкуугунтукка алынат.

 Киберкуугунтуктун кесепети. Бул балдардын жалгызсырашына, көңүл чөгөттүккө кабылышына себепкер болот. Киберкуугунтуктун курмандыгы болгондордун айрымдары атүгүл өз өмүрүн кыйганга чейин барат.

 Эмне кылсаң болот?

 Биринчиден: «Мага чындап эле киберзомбулук көрсөтүлүп жатабы?» — деп ойлонуп көр. Кээде айрымдар ойлонбой туруп эле катуу тийген сөздөрдү айтып алышат. Андайда Ыйык Китептеги даанышман кеңешке ылайык иш кылганыбыз абзел.

 «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт» (Насаатчы 7:9).

 Бирок кимдир бирөөнүн атайлап катуу тийген заар сөздөрдү айтканы, басынтканы же коркутканы — бул киберзомбулук.

 Сен киберкуугунтукка кабылсаң, ага кандай жооп кайтарганың абалды же жеңилдетерин, же оордоторун унутпа. Төмөнкү кеңештердин бирин же бир нечесин колдонуп көр.

 Көңүл бурбай эле кой. Сулайман пайгамбар: «Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ, кыраакы киши оор басырыктуу»,— деп жазган (Накыл сөздөр 17:27).

 Бул кеңешти колдонуунун акылдуулукка жатарын Нэнси Виллардын китебинде жазылгандар да баса белгилеп турат. Ал китепте: «Зөөкүр балдардын негизги максаты — бута кылган баланын айласын кетирип, тынчын алуу. Эгер шылдыңга алынган бала сезимдерин ооздуктай албай калса, мазактагандар анын сезимдерин башкарып алышына жол берип коёт» («Cyberbullying and Cyberthreats»).

 Жыйынтык: кээде унчукпай коюу эң туура жооп болот.

 Өзүнө жараша жооп бергиң келгенде, сабырдуу бол. Ыйык Китепте: «Силерге жамандык кылгандарга жамандык кылбагыла, силерди кордогондорду кордобогула»,— деп жазылган (1 Петир 3:9).

 Бул кеңешке ылайык иш кылуунун туура экенине байланыштуу бир китепте мындай делет: «Ачуулануу — алсыздарга мүнөздүү сапат. Ачууланганың, сага тийишкен ээнбаш балдардын ого бетер күчөшүнө себеп болот» («Cyber-Safe Kids, Cyber-Savvy Teens»). Өч алганга умтулсаң, көйгөй аларда эле эмес, сенде да бар дегенди билдирет.

 Жыйынтык: жараны ырбатпа.

 Иш-аракет кыл. Ыйык Китепте: «Жамандыкка жеңилбе»,— деп жазылган (Римдиктер 12:21). Сен, чатакты ырбатпай эле, кандайдыр бир иш-аракеттерди кылсаң болот.

 Мисалы:

  •    Сага жагымсыз билдирмелер келип жаткан байланышка бөгөт кой. Бир китепте: «Окубасаң, жүрөгүң да оорубайт»,— деп жазылган («Mean Behind the Screen»).

  •   Окубасаң да, бардык далилдерди чогултуп кой. Буларга агрессивдүү мазмундагы билдирмелер, тез билдирмелер, электрондук же добуштук билдирмелер, блогдордо жана социалдык каражаттарда жазылгандар жана башка ушу сыяктуу нерселер кирет.

  •   Киберкуугунтуктагандарга токтотушун айт. Ачууга алдырбай, ошол эле учурда олуттуу билдирме жөнөт. Мисалы, мындай десең болот.

    •  «Экинчи билдирме жөнөтпө».

    •  «Сайтардагы, форумдардагы мен жөнүндө жазгандарыңдын баарын өчүр».

    •  «Эгер токтотпосоң, тийиштүү чараларды көрөм».

  •  Өзүңдү ишенимдүү алып жүр. Кемчиликтериңе эмес, артыкчылыктарыңа көңүл топто (2 Корунттуктар 11:6). Көчөдөгү зөөкүр балдардай эле, киберзөөкүрлөр да баарын көңүлүнө ала берген балдарга асылат.

  •   Чоң кишилерге айт. Биринчи кезекте ата-энеңе айт. Ошондой эле киберзөөкүрлөр колдонгон веб-сайтка, Интернет-провайдерге же уюлдук байланыш кызматына билдирсең болот. Өзгөчө олуттуу жагдайларда ата-энең менен чогуу сен окуган мектептеги мугалимдерге, укук коргоо органдарына же юристтерге кайрылсаңар болот.

 Жыйынтык: кандайдыр бир иш-аракеттерди кылуу менен сен киберзөөкүрлөрдүн мизин майтара аласың же, жок эле дегенде, көп көңүл бурбай каласың.