Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Атам же апам ооруп калганда, эмне кылсам болот?

Атам же апам ооруп калганда, эмне кылсам болот?

 Жаштардын көбү кимдир бирөөгө кам көрүү жөнүндө көп деле ойлонушпайт. Себеби ата-энеси карып, ооруй баштаганга чейин дагы көп жыл бар деп ойлонушу мүмкүн.

 Бирок атаң же апаң сен өспүрүм кезиңде эле катуу ооруга чалдыгып калса, эмне кыласың? Ушундай кыйынчылыкка туш болгон эки кыздын айтып бергендерине көңүл бур.

 Эмалайндын айтып бергендери

 Апам Элерс-Данлос синдрому (ЭДС) менен ооруйт. Ал — муундарды, терини, кан тамырларын жабыркаткан жан сыздаткан өнөкөт оору.

 Бул дартка даба жок болгондуктан, апамдын абалы акыркы он жылдын ичинде өтө эле начарлап кетти. Гемоглобиндин деңгээли өтө эле төмөн болуп кеткендиктен өлүп кала жаздаган учурлары болгон. Кээде жаны ушунчалык кейип, жашагысы да келбей кетчү.

 Үй-бүлөбүз менен Жахабанын Күбөсүбүз. Жыйналыштагы ишенимдештерибиз баарыбызды жөлөп-таяп турушат. Жакында эле жыйналыштагы мен курактагы бир кыз бизди аябай жакшы көрөрүн, жардам берүүгө дайым даяр экенин жазып, кат жибериптир. Ушундай достордун болгону кандай жакшы!

 Ыйык Китепти окуганда күч-кайратка толуп калам. Жакшы көргөн аяттарымды бири — Забур 34:18. Ал жакта: «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын»,— деп жазылган. Дагы бири — Еврейлер 13:6. Ал аятта: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм»,— деген сөздөр бар.

 Еврейлер 13:6дагы сөздөр мен үчүн зор мааниге ээ. Себеби апам өлүп калбаса экен деп корко берем. Аны аябай жакшы көрөм, жанында болгон ар бир күндү баалайм. Ушул аят, эртеңки күн кандай болбосун, келечегибиздин жакшы болоруна бекем ишенүүгө жардам берет.

 Мен дагы бир нерседен корком. ЭДС — тукум куума оору. Апама таенемен, мага апаман өткөн. Мага да кийин бул оору менен алпурушканга туура келет. Еврейлер 13:6дагы сөздөр Жахабанын кийин мага да «жардамчы» болоруна ынандырат.

 Учурда ээ болгон нерселериме ыраазы болгонго, өткөн күн менен жашай бербегенге, эртеңки күнгө да сарасаана болбогонго аракет кылам. Апамдын азыркы абалын мурункусуна салыштыра берсем, көңүлүм чөгүшү мүмкүн. Ыйык Китепте азыркы кыйынчылыктарыбыздын оору-сыркоо болбой турган түбөлүк өмүргө салыштырмалуу «кыска мөөнөттүү, анча оор эмес» экени айтылат (2 Корунттуктар 4:17; Аян 21:1—4).

 Ойлонуп көр. Эмалайнга оң маанай сактаганга эмне жардам берип келет? Кыйынчылыктарга туш болгондо сен кантип оң маанай сактай аласың?

 Эмилинин айтып бергендери

 Жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө, атама депрессия деген дарт жабышты. Атам көз көрүнө башка киши болуп калды. Баягы атам жок. Ошондон тартып ал туруп туруп эле көңүлү чөгүп, коркунуч басып, санаага бата берет. Бул дарт менен күрөшүп келатканына 15 жыл болуп калды. Көңүлдү чөгөрүүгө эч себеп жок болсо да, ушинте бергенине өзү деле кыйналат болуш керек.

 Биз — Жахабанын Күбөлөрүбүз. Жыйналыштагы бир туугандар бизди дайыма колдоп турушат. Алар бизди түшүнүп, аяр мамиле кылышат, атамды жыйналышка канчалык керек экенине ынандырып турушат. Багынбай күрөшүп келатканын көрүп, мурдагыдан көбүрөөк жакшы көрүп калдым.

 Атамдын санаа деген эмне экенин билбей, дайыма жадырап-жайнап жүргөн учурларын сагынам. Ичиндеги эч ким көрбөгөн душманы менен күнүгө алышып жатканын көргөндө, жүрөгүм сыздап кетет.

 Ошого карабай ал оң маанай сактаганга бүт күчүн жумшайт. Жакында эле депрессиясы күчөдү. Ошондо ал күн сайын, бир нече аят болсо да, Ыйык Китепти окуп жатты. Бул ага кадимкидей күч берди. Бир караганда, кенедей иштей көрүнгөнү менен, так ушул нерсенин аркасында бүк түшүп жатып калган жок. Атам менен аябай сыймыктангам.

 Мага Некемия 8:10догу: «Жахаба берген кубаныч силер үчүн чеп болот»,— деген сөздөр жагат. Туптуура айтылган. Жыйналышта бир туугандарымдын курчоосунда отургандан, жооп бергенден, рухий иштерге катышкандан алган кубанычым жүрөгүм мыкчылып турган кездерде чөкпөгөнгө жардам берет. Ошол кубаныч ичимдеги жалын сыяктуу мага бир күн кечке дем-күч берип турат. Атамдын ооруга моюн бербей күрөшүп жатканын көрүп, кандай кыйынчылык болбосун, Жахабанын мени дайыма колдооруна көзүм жетти.

 Ойлонуп көр. Эмили ооруп жаткан атасына кантип жөлөк болгон? Депрессия менен ооругандарга кантип жардам бере аласың?