Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сезимдеримди кантип башкара алам?

Сезимдеримди кантип башкара алам?

«Бүгүн аябай бактылуу болуп турсам, эртең менден бактысыз киши жок болуп калат. Кечээ эле опоңой көрүнгөн иштер бүгүн тоодой болуп көрүнөт» (Карисса).

Өзүңдү өйдө-ылдый болгон жолдо кетип бараткандай сезген учурларың болобу? a Эгер ошондой болсо, анда бул макала сага жардам берет.

 Себеби эмнеде?

 Жыныстык жактан жетилип жаткан мезгилде сезимдердин өйдө-төмөн болгону табигый нерсе. Өспүрүм курагың жакшы өтүп жатса да, кээде сезимдериң туруп туруп эле өзгөрүп кеткенин өзүң да түшүнө албай кыйналышың мүмкүн.

 Организмдеги гормондор өзгөргөндө сезимдер өйдө-төмөн болуп, адам өзүн ишенимсиз сезип, тынчсызданып, кооптоно берет. Бул — өсүп жетилип келаткан курактагы боло жүргөн кадимки сезимдер. Көңүлүңдү чөгөрбө, анткени сен өзүңдү түшүнө да, башкара да аласың.

 Убакыт сынагынан өткөн тажрыйба. Сезимдериңди башкарганды жаш кезиңде үйрөнгөнүң маанилүү. Кийин чоңойгондо ар кандай жагдайларга туш болосуң. Ошондо өзүңдү кармай билгениңдин пайдасы тиет.

Терс сезимдер жолдогу ойдуңдарга окшош. Аларды чебердүүлүк менен айланып өтүп, жолуңду улап кете берсең болот.

 Кыла ала турган үч нерсе

 Сүйлөш. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— делет (Накыл сөздөр 17:17).

 «Биз бир эже менен аябай доспуз. Аны эжемдей эле көрөм. Ал мени кунт коюп угат. Ошон үчүн анын жанында өзүмдү эркин сезип, ичимдегинин баарын айта алам. Көз карашым туура болсо, ал мени мактайт. Туура эмес болсо, жумшактык менен оңдогонго аракет кылат» (Йоланда).

 Кеңеш: Теңтушуң менен кеңешкенден көрө, ата-энең же өзүң ишенген чоң киши менен сүйлөш. Анткени өзүң теңдүүлөрдүн сезимдери, сеникиндей болуп, өйдө-төмөн болуп жүрүшү мүмкүн.

 Жаз. Ыйык Китепте кыйынчылыгы жанына батканынан: «Мен ичимдеги кайгымды төгөм, жаным кыйналганынан сүйлөйм!» — деп айткан Аюп пайгамбар жөнүндө жазылган (Аюп 10:1). Ичиңдегини кимдир бирөөгө айткандан тышкары, уйгу-туйгу сезимдериңди «төгүп», кагаз бетине түшүрсөң болот.

 «Жаныма дайыма чөнтөк дептер алып жүрөм. Бир нерсе көңүлүмдү чөгөргөндө, ал жөнүндө жазып турам. Ичимдегини жазганда кадимкидей жеңилдеп калам» (Илиана).

 Кеңеш: Сезимдериңди жазганга атайын дептер ачып ал. Ага сезимдериңдин өйдө-төмөн болушуна эмне себеп болгонун жана аларды кантип жеңсең болорун жаз. Бул макала менен бирге чыккан иштөө барагы да сага жардам берет.

 Тилен. Ыйык Китепте:«Жүгүңдү Жахабага арт, Ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— деп жазылган (Забур 55:22).

 «Көңүлүм чөккөндө дайыма Жахабадан тиленем. Жүрөгүмдөгүнү ага төккөндө жеңилдеп калам» (Жасмин).

 Кеңеш: Кайсы бир нерселер тынчыңды алып жатса да, ыраазы болгонго түрткү берген үч нерсе жөнүндө ойлонуп көр. Жахабадан тиленип жатканда андан жардам сура. Ошондой эле алган баталарың үчүн да ыраазычылык билдир.

a Бул макалада көптөгөн жаштарга мүнөздүү өйдө-төмөн сезимдер жөнүндө талкууланат. Эгер мания-депрессиялык психоз менен же көңүл чөгөттүктүн башка түрү менен алпурушуп жүрсөңөр, «Көңүл чөгөттүк менен кантип күрөшсөм болот?» деген макаланы карагыла.