Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн кечирим сурашым керек?

Эмне үчүн кечирим сурашым керек?

 Төмөнкү жагдайларда эмне кылат элең?

  1.   Класстан ээнбаштык кылганың үчүн, мугалимиң урушту.

     Мугалимиңди жөн жерден эле урушуп жатат деп эсептесең да, кечирим сурашың керекпи?

  2.   Досуң катуу айтканыңа таарынып калды.

     Болгонун болгондой эле айттым деп ойлосоң да, кечирим сурашың керекпи?

  3.   Ачууга алдырып атаңа каяша айттың.

     Өзү ошого жеткирди деп ойлосоң да, кечирим сурашың керекпи?

 Жогорудагы үч суроонун тең жообу — «ооба». Анткен менен күнөө сенден кетпесе деле, эмне үчүн кечирим сураганың маанилүү?

 Эмне үчүн кечирим сураш керек?

  •   Кечирим суроо — жетилгендиктин белгиси. Туура эмес сүйлөгөнүңдү же туура эмес иш кылганыңды мойнуңа алып, кечирим сураганың чоңойгондо кереги тие турган маанилүү сапаттарды өрчүтүп жатканыңды көрсөтөт.

     «Сага таарынып калган адамдан кечирим сурап, андан кийин аны кунт коюп укканга момундук жана чыдамдуулук жардам берет» (Рейчел).

  •   Кечирим суроо тынчтыкка өбөлгө түзөт. Кечирим сураганың күнөө кимден кеткенин териштирүүгө эмес, ортодогу тынчтыкты сактап калууга кызыкдар экениңден кабар берет.

     «Катачылык сенден кетпесе да, тынчтыкка умтулганың баарынан маанилүү. „Кечирип койчу“,деген жөнөкөй эле сөздөр достукту сактап калат» (Мириям).

  •   Кечирим сурасаң, жеңилдеп каласың. Сөзүң же ишиң менен кимдир бирөөнүн жүрөгүн оорутуп алганда аябай өкүнүп, үстүңө оор жүк артылгандай сезилет. Ал эми кечирим сураганыңда ошол жүктөн арылып, кадимкидей жеңилдеп каласың a.

     «Кээде апама же атама ороңдоп алып, кайра жаман болуп калчумун. Ошондой учурларда кечирим сураш кыйын болчу. Бирок кечирим сураганымда, үйдө тынчтык өкүм сүргөндүктөн, өзүмдү жакшы сезип калчумун» (Ниа).

    Бирөөнү таарынтып алгандагы өкүнүч оор жүккө окшош. Эгер кечирим сурасаң, андан арыласың

 Кечирим суроо күч-аракетти талап кылабы? Албетте! Апасына сөз кайрыганы үчүн көп жолу кечирим сураган Дэна: «„Кечирип коюңузчу“,— деп айтуу кээде оңой эмес. Тамагыңа бир нерсе тыгылып калгансып, оозуңан бир да сөз чыкпай калат»,— деп бөлүшөт.

 Кантип кечирим сураш керек?

  •   Мүмкүн болсо, бетме-бет жолугуп кечирим сура. Ошентсең, таарынган киши чын жүрөктөн өкүнүп жатканыңды көрө алат. Ал эми өкүнүп жатканыңды жөн эле текст түрүндө билдирип койсоң, сага анча ишенбеши мүмкүн. Ал тургай кайгырган быйтыкчаларды кошуп койгон күндө да, кайдыгер көрүнүп калышың ыктымал. Чын дилден өкүнүп жатканыңды да көрсөтө албайсың.

     Кеңеш: Эгер бетме-бет жолугуп кечирим сураганга мүмкүнчүлүгүң болбой жатса, балким, телефон чалып же кат жазып көрөттүрсүң. Кандай болбосун, сөздөрдү кылдат танда.

     Ыйык Китептеги принцип: «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет» (Накыл сөздөр 15:28).

  •   Создуктурбай кечирим сура. Таарынтып алган кишиден кечирим сурабай, көпкө созуп жүрө берсең, ал чоң көйгөйгө айланып, экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле муздап калышы мүмкүн.

     Кеңеш: Кечирим суроону максат кылып кой. Мисалы: «Бүгүн кечирим сурайм»,— деп чечип алсаң болот. Кечирим суроого кайсы убакыт ылайыктуу болорун аныктап, ошого жараша иш кыл.

     Ыйык Китептеги принцип: «Элдешип алганга шаш» (Матай 5:25, «Үмүт нуру» котормосу).

  •   Чын жүрөктөн кечирим сура. «Жүрөгүңө жакын алып алган турбайсыңбы, кечирип койчу»,— деп айтуу кечирим сурагандыкка жатпайт. Жанэлл деген кыз: «Көңүлү ооруп калган киши катаңды мойнуңа алып жатканыңды көргөндө гана сени сыйлап калат»,— дейт.

     Кеңеш: Шарт койбо. «Сен өзүңдүн катаңды мойнуңа алсаң, мен да өзүмдүкүн мойнума алам»,— деп айткандан кач.

     Ыйык Китептеги принцип: «Тынчтыкка... умтулалы» (Римдиктер 14:19).

a Эгер бирөөнүн бир нерсесин жоготуп же сындырып алсаң, кечирим сурагандан тышкары, келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергениң жакшы.