Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Баарын Кудай жараткан дегенге эмне үчүн ишенсе болот? (3-бөлүк)

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Баарын Кудай жараткан дегенге эмне үчүн ишенсе болот? (3-бөлүк)

«Эгер сен баарын Кудай жараткан дегенге ишенсең, башкалар сени акылынан айныган же кичинекей кезинде ата-энесинин айткандарына ишенип калган же акылы каяктагы бир диний окууларга сугарылган адам катары эсептешет» (Жанет).

 Сенде да Жанеттикиндей сезимдер болобу? Ошондой болсо, балким, сага бардык нерсени Кудай жараткан дегенге ишенүү кыйын болуп жаткандыр. Анын үстүнө, эч ким түркөй болуп көрүнгүсү келбейт. Анда сага баары Жараткандын колунан бүткөнүнө ишенүүгө эмне жардам берет?

 Башкалардын ою

 1. Эгер баарын Кудай жараткан дегенге ишенсең, башкаларга илимди четке кагып жаткандай көрүнөсүң.

 «Менин мугалимим: „Баарын Кудай жараткан дегенге ааламдын кантип пайда болгонун түшүндүрүп бергенден эрингендер гана ишенет“,— деп айткан» (Мария).

 Эмнени билишиң керек? Ушундай ойдо болгондор айрым фактыларды эске алышпайт. Мисалы, Галилей, Исаак Ньютон деген окумуштуулар Жараткандын бар экенине ишенишкен. Бирок алардын Кудайга ишенгени илимди изилдеп, ачылыштарды жасаганга тоскоолдук кылган эмес. Бүгүнкү күндө да баарын Кудай жараткан деген ишеним илимге каршы келбейт деп эсептеген окумуштуулар аз эмес.

 Кеңеш: «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасына» кирип, «Издөө» деген жерге «дил маек» (тырмакчага алыш керек) деген сөздү жазсаң, бардык нерсени Кудай жараткан дегенге ишенген доктурлардын, окумуштуулардын маегин таба аласың. Алардын эмнеден улам ушундай жыйынтыкка келгенин талдап көр.

 Жыйынтык: Бардык нерсе Жараткандын колунан бүткөн дегенге ишенгениң илимди четке кагып жатканыңды билдирбейт. Тескерисинче, жаратылыш жөнүндө көбүрөөк билсең, бардык нерсени Кудай жаратканына ого бетер ынанып каласың (Римдиктер 1:20).

2. Эгер Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү маалыматтарга ишенсең, башкалар сени динге баш-оту менен берилип кеткен түркөй адамдай көрүшөт.

 «Көптөр бардык нерсени Кудай жараткан деп айтсаң, күлүшөт. Алар Башталыш китебинде жазылгандарды жөн эле бир уламыштай көрүшөт» (Жасмин).

 Эмнени билишиң керек? Ыйык Китептеги Ааламдын жаралышы жөнүндөгү билдирүүнү кээ бирөөлөр туура эмес түшүнүшөт. Мисалы, креационизмди жактагандар Жердин жаралганына бир нече эле миң жыл болду жана жаратуу күндөрү 24 сааттан турган кадимки алты суткага созулган деп ырасташат. Бирок мындай ырастоо Ыйык Китепте айтылгандарга дал келбейт.

  •   Башталыш 1:1де: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылат. Бул сөздөр Жер миллиарддаган жылдар мурун эле пайда болгон деген илимий теорияга каршы келбейт.

  •   Башталыш китебиндеги «күн» деген сөз бир топ узак убакытты да билдириши мүмкүн. Айта кетчү нерсе, Башталыш 2:4төгү «күн» деген сөз алты күнгө созулган жаратуу күндөрүнүн баарына карата айтылган.

 Жыйынтык: Ыйык Китепте айтылган жаратуу күндөрү жөнүндөгү билдирүү илимий фактыларга шайкеш келет.

 Өзүңдүн эмнеге ишенериңди аныкта

 Бардык нерсени Кудай жараткан дегенге ишенүү сокур ишенимге жетеленүүнү билдирбейт. Андай ишеним жүйөлүү далилдерге негизделет. Мисалы:

 Адатта, кайсы бир нерсени көргөндө дароо эле аны бирөө жасаган деп ойлойсуң. Алсак, фотоаппарат, учак же үй эч качан өзүнөн өзү пайда болуп калбайт, аны мээси кыйын иштеген адамдар жасайт же курат. Андай болсо, адамдын көзү, асманда учуп жүргөн канаттуулар же Жер планетасы кантип өзүнөн өзү пайда болуп калсын?

 Ойлонуп көр: Инженерлер өздөрү ойлоп тапкан нерселердин кайсы бир жактарын жакшыртыш үчүн көп учурда жаратылышка байкоо салышат. Ошондой эле өздөрү жасаган нерселерди башкалардын билишин каалашат. Чеберчилик менен жасалган кайсы бир нерсе аны кимдир бирөө жасаганынан кабар берип турса, укмуштуудай жаратылган табият Жараткандын колунан бүткөн деп жыйынтык чыгаруу акылга сыярлык эмеспи?

Учакты бирөө жасаган деп, ал эми чымчык өзүнөн өзү пайда болгон деп ойлоо акылга сыярлыкпы?

 Сага жардам бере турган куралдар

 Бардык нерсени Кудай жараткан дегенге бекем ишенүүгө жаратылыштагы нерселер жөнүндө көбүрөөк билүү жардам берет.

 Кеңеш: «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасына» кирип, «Издөө» деген жерге «өзү жаралганбы» (тырмакчага алыш керек) деп жаз. Анан «Ойгонгула!» журналына чыккан «Өзү жаралганбы?» деген рубрикадагы сага кызыктуу болгон темаларды танда. Ар бир макалада талкууланган жандыктын же өсүмдүктүн эмнеси менен кереметтүү жаратылганын аныктап көр. Бул сени Жараткандын бар экенине кандайча ынандырат?

 Тереңирээк изилдеп көр: Бардык нерсени Кудай жаратканын көрсөткөн далилдерди тереңирээк изилдеп көрүш үчүн төмөндөгү китепчелердеги маалыматты окуп көр.

  •  «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?»

    •   Тиричилик болуп турушу үчүн, Жер Күн системасынын эң туура жерине жайгаштырылган жана анда жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар (4—10-беттер).

    •   Табияттан бардык нерсенин ойлонуштурулуп жаратылганын көрсө болот (11—17-беттер).

    •   Ааламдын жаралышы жөнүндө жазылган Башталыш китебиндеги билдирүү илимий фактыларга дал келет (24—28-беттер).

  •  «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.)

    •   Жансыз материядан жандуу нерселер пайда болушу мүмкүн эмес (4—7-беттер).

    •   Тирүү организмдер аябай татаал келет, алардын баш аламан өрчүп отуруп, өзүнөн өзү пайда болуп калышы күмөн (8—12-беттер).

    •   Абдан көп маалымат батыра алган генетикалык код заманбап техникалардан алда канча ашып түшөт (13—21-беттер).

    •   Бардык тирүү организмдердин теги бир болгон эмес. Палеонтологиялык билдирүүлөр жаныбарлардын негизги топтору акырындап өрчүп отуруп эмес, бир учурда пайда болгонун тастыктап турат (22—29-беттер).

 «Кудайдын бар экенине мени баарынан да жаратылыштагы нерселер ынандырат. Жер бетиндеги жаныбарлардан тартып планеталарга чейин жана ааламда өкүм сүргөн тартип Жараткандын бар экенин далилдеп турат» (Томас).