Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эси-дартымдын баары эле сырткы келбетим болуп калган жокпу?

Эси-дартымдын баары эле сырткы келбетим болуп калган жокпу?

 Тест: Оюмдун баары эле келбетим болуп калган жокпу?

  1.   Төмөндө айтылгандардын кайсынысы сага туура келет?

    •  Сырткы көрүнүшүм өзүмө эч качан жакпайт.

    •  Сырткы көрүнүшүм өзүмө кээде жакпай кетет.

    •  Сырткы көрүнүшүм өзүмө дайыма жагат.

  2.   Келбетиңдин эмнесин өзгөрткүң келет эле?

    •  Боюмду

    •  Салмагымды

    •  Фигурамды

    •  Чачымды

    •  Өңүмдү

    •  Булчуңдарымды

    •  Башкасын

  3.   Келбетиңе, өзгөчө, кайсы учурларда кейийсиң?

    •  таразага түшкөндө

    •  күзгүгө каранганда

    •  өзүмдү башкаларга (досторума, моделдерге, кино жылдыздарына) салыштырганда

  4.   Таразага канчалык көп түшөсүң?

    •  күнүгө

    •  жума сайын

    •  бир жумада бир нече жолу

  5.   Төмөндө айтылгандардын кайсынысы сага туура келет?

    •  Өзүнүн келбетин жактырбоо. «Мен өзүмдү аябай толукмун деп эсептейм, ошондуктан күзгүгө каранган сайын кебетемден иренжий берем. Арыкташ үчүн атүгүл тамак ичпей койгон учурларым да болгон» (Серена).

    •  Өзүнүн келбетине тең салмактуу кароо. «Баарыбыздын эле өзүбүзгө жакпаган сөзсүз бир жерибиз болот, бирок биз аны өзгөртө албайбыз. Ошондуктан өзгөртө албай турган нерсебизди ойлоп, тынчсыздана берүү акылсыздык болуп калмак» (Натания).

 Ыйык Китепте өзүбүз жөнүндө «тийиштүүдөн артык ойлобошубуз» керектиги жазылган (Римдиктер 12:3). Мындан көрүнүп тургандай, өзүбүз тууралуу кандайдыр бир деңгээлде, атүгүл «тийиштүү» түрдө ойлонушубуз керек. Мисалы, тишибизди жууп, дене-боюбузду таза кармашыбыз керек.

 Бирок сырткы келбетиңди ойлоп көңүлүң чөгө берсечи, ал эмес, ошол нерсе оюңдун баарын ээлеп алган болсочу? Эгер ошондой болсо, балким, бул жөнүндө ойлонуп көрөттүрсүң.

«Эмне үчүн кебетем өзүмө жакпайт?»

 Буга бир нече себеп болушу мүмкүн.

  •   Маалымдоо каражаттарынын таасири. «Каякты караба, сулуу деп эсептелген кыздардын сүрөттөрү. Ошолорду көрө берип сулуу болуш үчүн аппарык болуш керек, ар дайым өзгөчөлөнүп кийинип жүрүш керек деген ойдо болуп каласың. Анан андай болбосоң, өзүңдү көрүп иренжий бересиң» (Кели).

  •  Ата-эненин таасири. «Байкашымча, апасы келбетине өтө эле көп маани берсе, кызы да ошондой болуп калыптанат. Аталардын да ошондой көз карашы эркек балдарга таасир этет» (Рита).

  •  Өзү жөнүндө төмөн ойдо болуу. «Сырткы келбетине өтө эле тынчсыздана бергендер башкалардын алардын сырткы көрүнүшүн айтып, мактап турушун талап кыла беришет. Ошондой адамдардан аябай чарчап кетесиң» (Жанэ).

 Сырткы көрүнүшүңө өтө эле тынчсыздана бергениңдин себеби кандай болбосун, балким, сен аны кандайдыр бир жол менен өзгөртүүнү ойлонуп жүргөндүрсүң.

«Келбетимди өзгөртүшүм керекпи?»

 Айрым жаштардын эмне деп айтканына көңүл бурсаң.

  «Өзүңө жакпаган жериңди өзгөртүү кээде таптакыр мүмкүн эмес болот. Ошондуктан ага кейий бергенден көрө, көз карашыңды өзгөрткөнүң алда канча жакшы. Эгер келбетиңдин кемчиликтерине өзүң өтө эле көп маани бербесең, башкалар да аны көп байкашпайт» (Рори).

 «Баарынан мурда ден соолугуңду чыңдаганга аракет кыл. Анткени ден соолугуң жакшы болсо, сырткы көрүнүшүң өзүң ойлогондон да жакшы болот. Чыныгы достор кебетеңе эмес, сапаттарыңа көбүрөөк көңүл бурат» (Оливия).

 Кандай жыйынтык чыгарса болот? Сырткы көрүнүшүң жагымдуу болуш үчүн дайыма өзүңдү карап жүр. Бирок эси-дартыңдын баары ошол болуп калбашы керек. Анткени анын да кесепети болот. ( «Жулиянын окуясын» кара.)

 Ал эми тең салмактуу болсоң, өзүңө карата туура көз карашта болосуң. Буга байланыштуу Эрин деген бир кыз мындай дейт: «Мага да кебетемдин көп жери жакпайт, бирок ошого эле көңүл топтой берсем, көңүлүмдүн чөгөрүн байкагам. Ошон үчүн ошол жөнүндө ойлой бербей, көнүгүү жасап, туура тамактанганга аракет кылам. Ошондо калганы өзү эле жакшы болуп калат».

Эмнени өзгөртүшүң керек?

 Келбетиңе тең салмактуу карасаң, өзүңдү жакшы сезесиң, атүгүл сулуураак да көрүнөсүң. Буга Ыйык Китептеги төмөнкү кеңештер жардам берет.

  •   Ыраазы боло билүү. «Жок нерсени эңсегенден көрө, колдо болгон нерсеге ыраазы болгон жакшы. Анткени жок нерсени эңсөө — шамалды кууп жетүүгө умтулгандык» (Насаатчы 6:9, «Азыркы англис котормосу»).

  •  Көнүгүү жасоо. «Денени машыктыруунун» аз да болсо пайдасы бар (1 Тиметей 4:8).

  •  Ички дүйнөнүн сулуулугуна көбүрөөк маани берүү. «Адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт» (1 Шемуел 16:7).

 «Өзүбүз жөнүндө кандай ойдо экенибиз жүзүбүздөн эле көрүнөт. Өзүнө туура көз карашта болгон адамдарга башкалар өзү эле тартылып турат» (Саара).

 «Албетте, сулуулук кимдин болбосун көңүлүн бурдурат. Бирок чынында башкалар сенин чырайыңды эмес, ички дүйнөңдүн сулуулугун, жакшы сапаттарыңды көбүрөөк эстеп калышат» (Фелисия).

 Ошондой эле бул аяттарды окуп көрсөң болот: Накыл сөздөр 11:22; Колосалыктар 3:10, 12; 1 Петир 3:3, 4.