Забур 1:1—6

1  Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн+,Күнөөкөрлөрдүн жолуна түшпөгөн+,Шылдыңчылдар менен отурбаган+ киши бактылуу+.  Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат+,Анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп* окуйт+.  Ал суу агымдарынын жээгине отургузулуп+,Өз маалында жемиш берген+,Жалбырагы соолубаган дарактай болот+.Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет+.  Ыймансыздар болсо андай эмес.Алар шамал учуруп кете турган топондой+.  Ошондуктан сотто туруштук бере алышпайт+,Күнөөкөрлөр адил адамдардын жыйынында болбойт+.  Анткени Жахаба адил адамдардын жолун билет+,Ал эми ыймансыздардын жолу ойрон болот+.

Шилтемелер

Же: «бир аз үн чыгарып».