Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Абийиримди кантип тарбиялай алам?

Абийиримди кантип тарбиялай алам?

 Абийирди төмөнкүлөрдүн кайсынысына салыштырат элең?

  •   Компас

  •   Күзгү

  •   Дос

  •   Сот

 Негизи, төртөөнү тең абийирге салыштырса болот. Бул макалада эмне үчүн ушинтип айтууга болоруна токтолобуз.

 Абийир деген эмне?

 Абийир — туураны туура эместен ажырата билүүгө жардам берген ички туюм. Ыйык Китепте ал адамдардын «жүрөктөрүнө жазылган» мыйзамга салыштырылат (Римдиктер 2:15). Жакшы тарбияланган абийир сага кайсы бир ишти кылганга чейин же андан кийин аны талдоого көмөк кылат.

  •   Абийир компаска окшош. Кыйынчылыкка кабылбашың үчүн, ал сени туура жолго багыттайт.

  •   Абийир күзгүгө окшош. Ал сага өзүңдүн кандай адам экениңди, ички дүйнөңдүн кандай экенин көрүүгө жардам берет.

  •   Абийир жакшы доско окшош. Эгер аны уксаң, ал сага туура кеңеш берет жана ийгиликке жеткирет.

  •   Абийир сотко окшош. Туура эмес иш кылганыңда, соттойт.

     Жыйынтык. Абийириң 1) туура чечим чыгарууга жана 2) ката кетиргенде аны оңдоого көмөк кылган жардамчың.

Туура тарбияланган абийир сага акылмандык менен иш кылууга жардам берет

 Аны эмне үчүн тарбиялаш керек?

 Ыйык Китепте: «Абийириңерди таза сактагыла»,— деген чакырык жазылган (1 Петир 3:16). Эгер абийириңди туура тарбиялабасаң, аны таза сактай албайсың.

 «Ата-энеме каякта болгонумду айтпай, жашырып койчумун. Башында абийирим жемелечү. Бирок убакыттын өтүшү менен ошентип жүргөнүмдүн жаман деле жери жоктой сезиле баштады» (Женифер).

 Кийин Женифер абийирин угуп, эмне кылып жүргөнүн ата-энесине айткан жана аларды алдабай калган.

 Ойлонуп көр: Женифер абийирин качан укса жакшы болмок?

 «Жашыруун туура эмес иш кылып жүргөндөр кыйналып, стресс болушат. Абийириңди укпай, бир эле жолу туура эмес иш кылсаң, кийинкисин оңой эле кыла баштайсың» (Мэтью).

 Айрымдар абийиринин үнүнө такыр кулак салышпайт. Ыйык Китепте андай кишилердин «уят-сыйытты жыйыштырып» койгону айтылат (Эфестиктер 4:19).

 Ойлонуп көр: Жаман иш кылганына өзүн күнөөлүү сезбегендер чынында эле жыргап жашашабы? Алар кандай кыйынчылыктардан качып кутула албайт?

 Жыйынтык. Абийириңди таза сакташ үчүн акылыңды «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырышың» керек (Еврейлер 5:14).

 Абийирди кантип тарбияласа болот?

 Абийириңди тарбиялаш үчүн өзүң кармангың келген принциптериң болушу зарыл. Алар сага кылган иштериңдин туура же туура эмес экенин аныктаганга жардам берет. Айрымдардын абийирин төмөндөгү нерселер калыптайт:

  •   үй-бүлөсү же маданияты

  •   теңтуштары

  •   атактуу жылдыздар

 Бирок абийирди баарынан да Ыйык Китептеги принциптерге ылайык тарбиялаган жакшы. Анткени Ыйык Китеп бизди жараткан жана биз үчүн эмне эң жакшы болорун билген «Кудайдын рухунун» жетеги менен жазылган (2 Тиметей 3:16).

 Ал принциптердин айрымдарына токтололу.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18).

  •   Бул принцип сабактан көчүрүп жазууга, ата-энеңди алдоого же бир нерсени уурдоого азгырылганыңда абийириңди таза сактоого кандайча жардам берет?

  •   Абийириңди угуп, бардык нерседе чынчыл болсоң, бул сага азыр да, келечекте да кандай пайдасын тийгизет?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Бузуктуктан качкыла» (1 Корунттуктар 6:18).

  •   Бул принцип порнография көрүүгө же никеге чейинки жыныстык мамиледе болууга азгырылганыңда абийириңди таза сактоого кандайча жардам берет?

  •   Абийириңди угуп, бузуктуктан качсаң, бул сага азыр да, келечекте да кандай пайдасын тийгизет?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула... Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Эфестиктер 4:32).

  •   Бул принцип сага бир тууганың же досуң менен таарыныша кеткенде кандайча жардам берет?

  •   Абийириңди угуп, кечиримдүү жана боорукер болсоң, бул сага азыр да, келечекте да кандай пайдасын тийгизет?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жахаба... зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү... жек көрөт» (Забур 11:5).

  •   Бул принцип сага тасмаларды, телеберүүлөрдү жана видеооюндарды ылгай билүүгө кандайча жардам берет?

  •   Абийириңди угуп, зордук-зомбулук камтылган көңүл ачууну четке каксаң, бул сага азыр да, келечекте да кандай пайдасын тийгизет?

 БОЛГОН ОКУЯ: «Зордук-зомбулук камтылган оюндарды ойногон досторум бар болчу. Мен да аларга кошулуп ойночумун. Бир жолу атам мага андай оюндарды экинчи ойнобошум керектигин айтты. Бирок мен досторумдукуна барып жашыруун ойной бердим. Үйгө келгенде эч нерсе болбогондой түр көрсөтчүмүн. Атам менден: „Эмне болду, баары жакшы элеби?“— деп сураганда, мен: „Баары жакшы“,— деп койчумун. Бир күнү Забур 11:5ти окуп калдым. Ошондо туура эмес кылып жүргөнүм үчүн абийирим жемелеп, аябай жаман болдум. Мен ал видеооюндарды ойногонду токтотушум керектигин түшүндүм. Анан ошенттим. Мени көрүп, досторумдун бири зордук-зомбулукка үндөгөн оюндарды ойнобой калды» (Жереми).

 Ойлонуп көр: Жереминин абийири качан белги берген? Ал аны качан уккан? Жереминин окуясынан кандай сабак алсаң болот?

 Жыйынтык. Абийир адамдын ички дүйнөсүнүн кандай экенин жана ал үчүн баарынан эмне маанилүү экенин көрсөтөт. Сенин абийириң сен тууралуу эмнени айтып турат?