Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде убактымды туура колдоно алам?

Канткенде убактымды туура колдоно алам?

 Убактыңды эмне үчүн туура колдонушуң керек?

  •   Убакыт акча сыяктуу. Эгер аны коротуп салсаң, керектүү учурда таппай каласың. Аны туура колдонсоң, өзүңө жаккан иштерди кылганга көбүрөөк убактың болот.

     Ыйык Китептеги принцип: «Жалкоо эңсейт, бирок анын жаны эч нерсеге ээ болбойт, ал эми аракетчилдердин жаны тоюнат» (Накыл сөздөр 13:4).

     Жыйынтык. Убакытты туура колдонуу эркиндигиңди чектебейт, тескерисинче, көбүрөөк эркиндик берет.

  •   Убакытты туура колдонгонду үйрөнсөң, эр жеткенде пайдасын көрөсүң. Ошондой эле мындан жумушта туруктуу иштээриң же андан чыгып каларың көз каранды болушу мүмкүн. Эгер сен кайсы бир ишкананын жетекчиси болсоң, дайыма эле жумушун өз убагында бүтүрбөгөн жумушчунун ишканаңда иштей беришине жол берет белең?

     Ыйык Китептеги принцип: «Ким кичинекей нерседе ишенимдүү болсо, ал чоң нерседе да ишенимдүү болот» (Лука 16:10).

     Жыйынтык. Убакытты пайдаланганыңдан кандай адам экениңди да билсе болот.

 Негизи, убакытты туура колдоно билүү оңойго турбайт. Келгиле, буга тоскоол кылган айрым нерселерге токтололу.

 1-тоскоолдук: Достор

 «Досторум бир жакка чакырганда, көп учурда убактым жок болсо да: „Иштерди келгенде бат эле бүтүрүп коём“ — деп ойлоп, алар менен кетип калам. Бирок дайыма эле мен ойлогондой боло бербейт, кээде жетишпей калам» (Синтия).

 2-тоскоолдук: Алаксыткан нерселер

 «Телевизор чаң соргучка окшош. Ар кандай кызыктуу телеберүүлөр, кинолор өзүнө байлап алгандыктан, аны карап алаксып отура бересиң» (Иви).

 «Планшетимди бир нече саат чукулап отура берем. Батарейкасы өчүп калганда гана токтотконум үчүн кайра жаман болом» (Мэри).

 3-тоскоолдук: Кийинкиге калтыра берүү

 «Үй тапшырмаларымды жана башка иштеримди кийинкиге калтыра бермей жайым бар. Болбогон эле иштер менен алек болуп жатып, кылышым керек болгон иштерге такыр убактым калбай калат. Ошондуктан убакытты эң туура колдоном деп айта албайм» (Бэт).

Убакытты туура колдонуу эркиндигиңди чектебейт, тескерисинче, көбүрөөк эркиндик берет.

 Эмне кылсаң болот?

  1.   Кылышың керек болгон иштериңди тизмелеп ал. Аларга үй иштери жана мектептен алган тапшырмаларың кириши мүмкүн. Адатта, бир жумада ар бир милдетиңе канча убакыт кетерин жазып ал.

     Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

  2.   Бош убактыңда кылгың келген нерселерди жаз. Мисалы, социалдык тармактарды колдонууну же телевизор көрүүнү каалайттырсың. Буларга да жумасына канча убакыт бөлөрүңдү жаз.

     Ыйык Китептеги принцип: «Убакытты пайдалана билип,.. акылмандык менен... [иш] кылгыла» (Колосалыктар 4:5).

  3.   План түзүп ал. Түзгөн эки тизмеңди кара. Маанилүү иштерге жетиштүү убакыт бөлдүңбү? Анча маанилүү эмес иштердин эсебинен убакытты сатып алышың керек эмеспи?

     Кеңеш: Күндө кылчу иштериңдин тизмесин түзүп алып, ар бир бүтүргөн ишиңди белгилеп тур.

     Ыйык Китептеги принцип: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).

  4.   Жазгандарыңа ылайык иш кыл. Кээде маанилүү иштерди бүтүрүш үчүн, чакырылган жерден баш тартууга туура келиши мүмкүн. Ошентсең, бош убактың көбүрөөк болуп, андан ыракат аласың.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ынталуу болгула, ишиңерди кечеңдетпегиле» (Римдиктер 12:11, шилтеме).

  5.   Өзүңө сыйлык ыйгар, бирок шашпа. Тара деген жаш кыз мындай дейт: «Кээде тизмедеги эки ишти бүтүргөндөн кийин эле 15 мүнөт телевизор көрө турайын, калганын анан кылам деп ойлойм. Бирок 15 мүнөт жарым саатка, жарым саат 1 саатка созулуп кетет. Анан ошентип өзүм байкабай эле телевизордун алдында эки саат отурган болом».

     Эмне кылса болот? Эс алууну күндө сөзсүз кылчу иштериңдин бири катары эмес, бардык иштериңди аткарып бүткөндөн кийин алчу сыйлык катары көр.

     Ыйык Китептеги принцип: «Адамдын... эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок» (Насаатчы 2:24).