Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сүрөт коюу жана жөнөтүү жөнүндө эмнелерди билишим керек?

Сүрөт коюу жана жөнөтүү жөнүндө эмнелерди билишим керек?

 Бир жакка барып, сонун эс алып жүрөсүң. Досторуңа ошол жөнүндө билдиргиң келет. Аны кантип кыласың?

  1.   Ар бирине кат жазып, почта аркылуу салып жибересиңби?

  2.   Электрондук кат жөнөтөсүңбү?

  3.   Сүрөттөрүңдү Интернетке коюп же жөнөтүп коёсуңбу?

 Чоң ата-чоң апаң сендей куракта, балким, кат жазып, почта аркылуу жөнөтмөк.

 Ата-энең сендей кезде, балким, электрондук кат жөнөтмөк.

Бүгүнкү күндө Интернетке сүрөт коюуга мүмкүнчүлүгү бар жаштар жогорудагы сунуштардын үчүнчүсүн тандайт. Сен дагыбы? Эгер ошондой болсо, анда бул макаладагы кеңештер сага айрым тузактардан сак болгонго жардам берет.

 Кандай жакшы жактары бар?

 Сүрөттөрдү тартып туруп, ошол замат Интернетке койсоң же досторуңа жөнөтсөң болот. «Кооз жерлерде саякаттап жүргөн же досторум менен жыргап эс алып жаткан учурда сүрөттөрүмдү башкаларга ошол замат эле жөнөтө алам» (Мелани).

 Аябай ыңгайлуу. «Досторумдун эмне кылып жатканын электрондук кат аркылуу байланышып отурбай эле, алардын жаңы койгон сүрөттөрүнөн билип алам» (Жордан).

 Дайыма кабардар болуп турасың. «Кээ бир досторум жана үйдөгүлөрдүн айрымдары алыс жашашат. Сүрөттөрүн бат-баттан коюп турушса, аларды күн сайын карап, көрүшүп тургандай эле болом» (Карен).

 Кандай кооптуу жактары бар?

 Уурулар үйүңөрдү тоноп кетиши мүмкүн. Эгер фотоаппаратыңардын сүрөт кайсы жерден тартылганын көрсөткөн функциясы бар болсо, Интернетке койгон сүрөтүңөр өзүңөр жөнүндө силер ойлогондон да көп маалымат берип коюшу мүмкүн. Электрондук каражаттарды жарнамалаган бир веб-сайттын билдирүүсүнө ылайык, «кайсы жерден тартылганын билсе боло турган сүрөттөрдөн же видеолордон Интернетке кирген ою бузук кишилер силердин каякта жүргөнүңөрдү» билип коё алат (Digital Trends веб-сайты).

 Албетте, айрым кылмышкерлер үйүңөрдө жок болушуңарга кызыкдар. Жогоруда аталган веб-сайт уурулардын 18 үйдү кожоюндары жокто тоноп кеткенин да билдирген. Алар үйдө эч ким жок экенин кайдан билишкен? Алар атайын шаймандын жардамы менен ошол үйдө жашагандардын каякта жүргөнүн Интернет аркылуу билип алып, баасы 100 000 доллардан ашкан ар кандай буюм-тайымдарды уурдап кетишкен.

 Ыпылас нерселерди көрүп калышың мүмкүн. Кээ бирөөлөр баары көрсүн деп ар кандай сүрөттөрүн уялбай эле коё беришет. Өспүрүм курактагы Сара мындай дейт: «Интернеттен өзүң тааныбаган бирөөлөрдүн сүрөттөрүн карай берсең, ыпылас, жаман нерселерди көрүп калышың мүмкүн. Бул өзүң жакшы билбеген шаарды картасы жок кыдырып жүрө берип, акыры, бир жаман жерге барып калганга окшош».

 Убактың текке кетет. «Ар кимдин акыркы койгон сүрөттөрүн көрүп, эмне деп жазгандарын окуй берип, такыр эле байланып каласың.— дейт Йоланда деген кыз.— Анан жаңы эмне бар болду экен деп мүнөт сайын телефонуңду карай бересиң».

Сүрөттөрдү Интернетке коюуда же башкаларга жөнөтүүдө өзүңдү өзүң башкара билгениң маанилүү

 Саманта деген өспүрүм кыз буга толугу менен кошулат. «Мен буга канча убакыт короторума чек коюп алышым керек. Сүрөттөрдү коюу же жөнөтүүгө мүмкүндүк берген программаларды колдонууда өзүңдү өзүң башкара билишиң керек»,— дейт ал.

 Эмне кылсаң болот?

  •   Шектүү, ыпылас нерселерден оолак болууга чечкиндүү бол. Дөөтү пайгамбар: «Көз алдыма пайдасы жок нерселерди койбойм»,— деп жазган (Забур 101:3).

     «Мен дайыма сүрөттөрүн көрүп жүргөн тааныштарымдын эле сүрөттөрүн карайм. Эгер арасынан анча жакшы эмес сүрөттөрдү көрүп калсам, экинчи алардыкын карабайм» (Стивен).

  •   Сен карманган адеп-ахлактык принциптерге карманбаган адамдар менен байланышуудан кач. Себеби алар Кудайдын алдында таза бойдон калууга болгон чечкиндүүлүгүңдү солгундатып коюшу мүмкүн. Ыйык Китепте: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 15:33).

     «Кимдир бирөө таанымал болгону үчүн эле алардын сүрөттөрүн көрө бербе. Алардын арасында жылаңачтанып алып түшкөн же Кудайга жакпаган нерселер, ыпылас сүрөттөр болуп калышы мүмкүн» (Жессика).

  •   Бирөөлөрдүн сүрөттөрүн көргөнгө жана өзүңдүн сүрөттөрүңдү койгонго канча убакыт короторуңа чек коюп ал. Ыйык Китепте: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле»,— деп жазылган (Эфестиктер 5:15, 16).

     «Өтө көп сүрөт коё бергендердин сүрөттөрүн көрбөйм. Мисалы, кээ бирлер көлдүн жээгине барып, бир эле үлүлдү 20 жолу тартып туруп, салып коюшат. Чын эле, ошенткендер бар. Ошондой сүрөттөрдүн баарын көрүп чыкканга көп убактың кетип калат» (Ребека).

  •   Сүрөттөрүңдүн элдин көңүлүн өзүңө бурдургуң келип жаткандай болуп калышынан сак бол. Ыйык Китепти жазууга катышкан элчи Пабыл: «Ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула»,— деген (Римдиктер 12:3). «Досторум эмне менен алек болуп жатканымды көрүп турушса, аларга көбүрөөк жагам»,— деп ойлобо.

     «Айрымдар өздөрүн өздөрү сүрөткө тартышат да, коё эле беришет. Досуңдун келбетин жакшы эле билесиң да. Анын кандай экенин кечке эле эсиңе салып туруунун зарылдыгы жок» (Эллисон).