Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Чөмүлгөндөн кийин эмне кылышым керек? (1-бөлүк) Жүрүшүңдөн жазба

Чөмүлгөндөн кийин эмне кылышым керек? (1-бөлүк) Жүрүшүңдөн жазба

 Үй же машине сыяктуу баалуу мүлктү жакшы күтө билүү маанилүү. Кудай менен болгон мамиле тууралуу да ушуну айтууга болот. Чөмүлгөндөн кийин да ал мамилени ысык сакташ үчүн эмне кыла аласың?

Бул макалада:

 Кудайдын Сөзүн изилдей бер

 Негизги аят: «Ар бир жакшы иште жемиш берип, Кудайды так таанып-биле бер» (Колосалыктар 1:10).

 Бул эмнени билдирет? Чөмүлгөндөн кийин деле Ыйык Китепти окуп, окугандарың тууралуу ой жүгүртө беришиң керек (Забур 25:4; 119:97).

 Кандай болушу мүмкүн? Кээде Ыйык Китепти окуп-изилдегиң келбеши деле ыктымал. Ошондойдо «мен кыйратып деле изилдей албайт окшоймун» деген бүтүмгө келишиң этимал.

 Эмне кылсаң болот? Ыйык Китептеги өзүңө кызыктуу болгон темаларды терең изилде. Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды качан жана кантип изилдээриңди чечип ал. Эгер ушундай программа түзүп алсаң, изилдөө сен үчүн жүк болбойт. Жахабага жана анын Сөзүнө болгон сүйүүңдү өстүрө бер. Максатың мына ушул болушу керек. Эгер ушинтип изилдесең, өзүңө пайдалуу да, жагымдуу да болот (Забур 16:11).

 Кеңеш: Ыйык Китепти изилдегендин толук пайдасы тийиши үчүн, эч нерсе алаксытпай турган тынч жерди тапканга аракет кыл.

 Жардам керекпи?

 Жахабадан тилене бер

 Негизги аят: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле» (Филипиликтер 4:6).

 Бул эмнени билдирет? Кудай менен пикирлешүү эки тараптуу болушу керек. Ыйык Китепти окуп жатканда сен Кудайды уккан болосуң. Тиленип жатканда ага сүйлөгөн болосуң. Тиленип жатканда андан жардам беришин сурансаң болот. Ошондой эле алып жаткан баталарың үчүн ага рахмат айтканды унутпа.

 Кандай болушу мүмкүн? Кээде окшош эле нерселерди айтып тиленип жатканыңдай, тиленүүң маңызсыздай сезилиши мүмкүн. Атүгүл: «Жахаба мени чын эле угуп жатабы?» же «Ал мени уккусу келеби?» — деген ойлор келиши ыктымал (Забур 10:1).

 Эмне кылсаң болот? Бир күн бою: «Эмнелер жөнүндө тиленсем?» — деп ойлонуп жүрсөң болот. Эгер шашпай, узагыраак тиленгенге убактың болбой калса, анда Кудайга айтайын деген ойлоруңду эстеп калып, ошол эле күнү мүмкүнчүлүк болгондо тилен. Өзүңө керектүү нерселер жөнүндө эле эмес, башкалар үчүн да тилен (Филипиликтер 2:4).

 Кеңеш: Эгер тиленүүлөрүң кайталанмадай сезилип жатса, Жахабага ошону да айт. Ал сенин тынчыңды алган нерселердин баарын, анын ичинде тиленүүңө байланыштуу ой-сезимдериңди да уккусу келет (1 Жакан 5:14).

 Жардам керекпи?

 Башкаларга кабар айта бер

 Негизги аят: «Өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур... Ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың» (1 Тиметей 4:16).

 Бул эмнени билдирет? Башкаларга ишенген нерселериң тууралуу айтканда өзүңдүн ишенимиң чыңдалат. Натыйжада өзүңдүн да, сени уккандардын да өмүрүн сактап калышың мүмкүн.

 Кандай болушу мүмкүн? Кээде башкаларга кабар айткың келбеши ыктымал. Атүгүл кабар айткандан коркушуң этимал. Өзгөчө, мектептен ошондой болот.

 Эмне кылсаң болот? Коркунуч сыяктуу терс сезимдердин сени бийлеп алышына жол бербе. Элчи Пабыл: «Эркиме каршы аткарсам [жакшы кабар жарыяласам], баары бир деле өзүмө тапшырылган жоопкерчиликти аткарган болом»,— деп жазган (1 Корунттуктар 9:16, 17).

 Кеңеш: Ата-энеңдин уруксаты менен кабар айтуу жагынан сага жакшы үлгү болгон жана жардам бере ала турган кайсы бир ишенимдешиң менен достош (Накыл сөздөр 27:17).

 Жардам керекпи?

 Жолугушууларды калтырба

 Негизги аят: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү... Жолугушууларыбызды калтырбайлы» (Еврейлер 10:24, 25).

 Бул эмнени билдирет? Биз жыйналышка, негизинен, Жахабага сыйыныш үчүн барабыз. Ошентсе да жыйналышка барганыбыздын эки чоң пайдасы бар. Биринчиси, жыйналышыңдагы ишенимдештериң сага дем-күч беришет. Экинчиси, жыйналышка катышып, жооп бергениңде аларды кубаттандыра аласың (Римдиктер 1:11, 12).

 Кандай болушу мүмкүн? Кээде жыйналышта отурганда оюң талаалап кетип, маанилүү сөздөрдү укпай калышың ыктымал. Же «жыйналышка кээде барбай койсом эмне болмок эле» деген ойго азгырылышың мүмкүн. Же болбосо башка иштерге, айталы, үй тапшырмасын аткарууга алаксып, жыйналышка барганга убактың калбай калышы этимал.

 Эмне кылсаң болот? Үй тапшырмаңды аткар. Ошол эле учурда жыйналыштарды да калтырба. Жыйналыштан мүмкүн болушунча көп жакшы нерселерди үйрөнгөндү максат кылып кой. Колуңду көтөрүп жооп бергенге да умтул. Жыйналыштан кийин, жок дегенде, бирөөнү жооп бергени үчүн же тапшырмасын жакшы аткарганы үчүн макта.

 Кеңеш: Жыйналышка алдын ала даярдан. JW Library® тиркемесин жүктөп ал. Андагы «Жолугушуулар» деген бөлүктөн ар бир жолугушууда эмнелер талкууланарын көрсөң болот.

 Жардам керекпи?